Казакстанда куландар 1930-жылдары толугу менен жок болуп кеткен эле. Өткөн кылымдын орто ченинде бул жандыктарды реинтродукциялоо, б.а. кайра жайылтуу боюнча чоң иш башталган болчу. Беш жыл мурун Казакстандагы биоартүрдүүлүктү сактоо ассоциациясынын (КБСА) адистери Казакстандын борбордук чөлкөмүндө, табигый жашоо аймагында куландардын санын көбөйтүү боюнча долбоорду ишке киргизишти.
Костанай облусунун түштүгүндөгү КБСА реинтродукция борборун корук жай десе болот: тегереги жалаң талаа, мобилдик байланыш жок, эң жакынкы айылга чейинки жолсуз жүргөн аралык – 70 чакырым. Цивилизациялуу турмуштун белгилери – биологдор жашаган кичинекей үй, күн батареясынан алынуучу электр кубаты, байланышы начар интернет (почтадан жумушка тиешелүү маалыматтарды жиберүү жана мессенжерден кабарларды окуу үчүн гана бир суткада бир жолу иштетилет). Чоң дүйнөдөн ажырап калган бул жерде – Торгой талаасында Казакстандагы биоартүрдүүлүктү сактоо ассоциациясынын (КБСА) адистери куландарды калыбына келтирүү менен алектенишет.
Куландарды Казакстанда соңку ирет 1930-жылдары көрүшкөн. Ошол кезде бул жандык толугу менен жок болуп кеткен дешет. Биологдордун пикиринче, булардын жок болуп кетишине адамдар күнөөлүү: ченин сактабаган аңчылык, кырып-жойгон ачкөздүк, колдогу малдын көбөйүшү менен жайыттардын тарышы ушуга алып келген. 1950-жылдары советтик окумуштуулар бул жандыктарды көбөйтүү долбоорун башташкан. 1953-жылы Арал деңизиндеги Барса-Келбес аралына түркмөн жергесинен алгачкы 11 куланды алып келишти.
"Барса-Келбесте куландарды кайра жайылтуу иши ийгиликтүү деп таанылган соң, бул аймакта башка көйгөй келип чыкты: Арал деңизи соолуп, суунун туздуулугу ашып кетти, – деп баяндайт КБСАнын реинтродукция боюнча башкы адиси Альберт Салемгареев. – Жылкы түркүмүндөгү башка жандыктар сыяктуу эле, куландар тузу көп сууну иче албайт. Ошондуктан 1982-жылы бул жаныбарларды сактап калуу аракети башталды. Аларды ошол кезде улуттук парк боло элек “Алтын-Эмелге” ташып чыгарышты. Бул аймак абдан жайлуу эле, анткени анда жаныбарлар үчүн табигый тосмолор (түндүк тарабынан бийик тоолор, түштүктөн Капчыгай суу сактагычы жана Иле дарыясы) бар.
Соңку эсептерге ылайык, бул өлкөдө 4660 кулан бар. Албетте, өтө аз, ошондуктан бул жандык сейрек кездешүүчү, жоголуп кетиши ыктымал болгон жаныбар катары Казакстандын Кызыл китебине киргизилген. Куландардын көпчүлүгү (төрт миңдейи) Жети-Суу облусундагы “Алтын-Эмел” улуттук паркында, 600дөйү Барса-Келбес коругунда, дагы бир канчасы КБСА реинтродукция борборунда кармалууда.
КБСАда жапайы жаныбарларды табигый жашоо чөлкөмүндө сактоо жана көбөйтүү идеясы эчактан бери эле иштелип келген болчу. Бул борбор 2014-жылы түзүлүп, кара байыр жылкыны жайылтууну көздөгөн эле. Бирок жандыктарды Торгой талаасына алып келерден мурун көптөгөн даярдык иштерин жүргүзүү керек болчу.
"Биз бул борборду куландарды көбөйтүү үчүн колдонууну чечтик. Анткени жылкы ташып келерден мурун бул аймакка кандайдыр бир туяктуу жаныбарлар жайлашы керек эле. Жылкылар туш келди эле кете бербей, сууга, жайытка барар жолдорду издешет", – деп жагдайды түшүндүрдү Альберт Салемгареев.
Торгой талаасында куланды кайра жайылтуу долбоорун эл аралык десе болот: мамлекет тарабынан муну Токой чарбасы жана жаныбарларды сактоо комитети колдоого алды, башка өлкөлөрдүн атынан Франкфурттагы Зоология коому, Падышалыктын Канаттуулардын укугун коргоо коому (Улуу Британия) жана Норвегиянын Жаратылышты коргоо институту катышты.
"2017-жылы күзүндө бул жакка жапайы жандыктардын алгачкы тобун алып келдик. 2018-жылы апрелде болсо аларды жапайы чөйрөгө чыгардык, куландар кенен талаага тарап кетишти, – деп сөзүн улады Альберт Салемгареев. – Алар талааны ыкчам өздөштүрө баштап, бир суткада 60-70 километр аралыкты басып өтүп турушту. Мындай тынчы жоктуктун негизги себеби, куландар жаңы мейкиндикти мүмкүн болушунча көбүрөөк өздөштүрүүгө – кайсы жерде суу жана жакшы жайыт бар экенин билүүгө шашат. Кулан кыдырып чыккан жеринде жашаса, жакын арадагы жайыттарды жана сууларды керектей берет".
Чыгаша да болбой койгон жок: куландар жаңы чөлкөмдү өздөштүргөнчө талаага тарап кеткенде, бир нечеси өлүптүр. Аларды кийин спутниктен көз салуу үчүн тагылган моюнчасы аркылуу табышты. Бир ургаачы кулан өз ажалы менен өлсө, эки эркегин браконьерлер атышты. Бир куландын башы эле калыптыр, экинчи куландын этин эмнегедир мыйзамсыз аңчылар албай, моюнча менен кошо таштап кетиптир. Дагы бир айгыр кулан бир жылдай каңгып жүргөндөн кийин корукка кайтып келди. Анын моюнчасы түшүп калгандыктан, каяктарда жүргөнүнө көз салуу мүмкүн болбоду. Дагы үч ургаачы кулан талааны кезип жүрөт. Кээде аларды жергиликтүү чабандар жана “Аңчызооөнөржай” мекемесинин инспекторлору көрүп калышат.
Бул иштин эӊ татаал баскычтарынын бири – жаныбарларды ташуу. Куландарды Казакстандын түштүгүнөн реинтродукция борборуна алып келүү үчүн эки миң километрдей аралыкты басып өтүү керек. Жаныбарлардын алгачкы тобун 2017-жылы жеткиришти. Биологдор атайын жашиктерди жасап, дайым ээн-эркин жүргөн жапайы куландарды камап алышты. Аларды килейген Ми-26 тик учагы менен ташышты. Адегенде КБСАнын адистери корукка 20дай жаныбарды ташыйбыз дешкен эле, бирок иш жүзүндө тогуз баш кулан гана жеткирилди, анткени убакыт тардык кылды.
"Куландарды көпкө чейин камап коюуга болбойт. Аларды жашыкка камап, учуп келип, бош коё берүүгө чейинки убакыт 30 сааттай созулду, – деп эскерди Альберт Салемгареев. – Куландар ташуу убагында анча кыйналбады, бирок кыйла алсырап калышты. Анын үстүнө биз аларды жоошутуу үчүн транквилизаторду (тынчтандыруучу дарыны) колдондук. 2019-жылы жаныбарларды Барса-Келбестен жердеги жол менен ташууга аракеттенгенде, бир айгыр кулан жанын кыйнай берип, өлүп калды. Тегиз жол менен жүргөндө бир топ жерге чейин тынч эле келаткан, бирок таштак жолго чыкканда ал жашыктын капталына уруна берип, соо жери калбаптыр".
Окумуштуулар Реинтродукция борборун ачкан чөлкөм куландар үчүн ыңгайлуу деп эсептелет. Жерди дыйкан чарбалары өздөштүрө элек, колдогу жылкы келбейт, демек, жапайы жаныбарлардан жайытты эч ким талашпайт. Анүстүнө бул жерде Барса-Келбес же “Алтын-Эмелдегиге” салыштырмалуу тоют кыйла кеңири. Климат да ыңгайлуу: куландар бул жердеги кышка чыдап, дээрлик ылаңдабай калды.
Арийне, Торгой талаасында карышкырлар бар. Бирок биологдордун эсеби боюнча алар анча көп эмес. Бөрүлөр адатта алсыз жана ылаңдаган жаныбарларды, алардын качып кете албаган балдарын жейт.
"Биз байкоо жүргүзгөндө, карышкыр коргонго жакындап келген кезде куландар топтошуп, жырткычты тиктеп калышат экен. Албетте, бөрү да кырдаалды баамдайт: жалгыз жырткыч төрт куланга каршы туруштук бериши кыйын эмеспи, – дейт Альберт Салемгареев. – Бирок карышкырлар жапайы жаныбарларды азайтып жиберет деген туура эмес кеп. Бөрүлөр жаныбарларды кырып ийбей, санитардык ишти аткарат – үйүрдөн ажырап калгандарын жана алардын балдарын жейт".
Куландар жайылган аянт 40 гектарды түзөт, б.а. тегереги эки чакырымдай чыгат. Азыр тосмодо чоң ургаачы кулан эки кулуну менен жүрөт – бири былтыр, экинчиси быйыл туулган. Эркек куландардын бири, каңгып жүрүп кайтып келгени, бийик тосмодон секиргенди үйрөнүптүр, кез-кезде ары жакка өтүп, кыдырып келет.
"Коргон куландардын жашоосу үчүн мүмкүн болушунча табигый шарт түзгүдөй кылып курулган, – дейт Альберт Салемгареев. – Анын ичинде суу, дөңсөө, ойдуңдар бар. Бул куландар үчүн өтө маанилүү – биздин көзөмөлдөөчүлөрдүн ишин байкабай, кышында ойдуңдарга түшүп көмүскө жерлерде жашынуусуна ыңгайлуу".
Куландарды сүрөткө тартуу оңой эмес экен: жапайы жандыктар адамды алыстан эле көрүп, жакындабай коюшат. Куландарга байкоо салуу үчүн айнекчеси бар атайын кабина орноттук. Эгер убакыт жетиштүү болсо, бир нече саат ичинде жакшы сүрөттөрдү тартып алууга болот.
Биологдор Торгой талаасына кеминде 80 куланды апкелмекчи. Үйүр-үйүргө бөлүнүп талаага тарап кетсе деле жаныбарлар туруктуу көбөйө алгыдай болушу керек.
"Куландарды жакынкы он жылда ташыйбыз. Аларды тосмодо кармап, анан бош коё беребиз, – дейт Альберт Салемгареев. – Кайсы үйүрлөрдө айгыры же ургаачылары жетишпестигин билип, толуктап турабыз. Жаныбарларды кайра жайылтуу эле эмес, сактоо да зарыл".
Окумуштуулар кайсы бир мезгилде Казакстанда куландар жетиштүү санга жете көбөйөт да, аларды Кызыл китептен чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт деп үмүттөнүшөт. Бирок бул кыял орундалышы үчүн ондогон жылдар бою талыкпай, кылдат иштеш керек.
"Азаттыктын" казак кызматынын сайтына жарыяланган макаланы орус тилинде бул жерден окуңуз.