Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:09

Мосулдун батышын ИМден тазалоо башталды


Ирак аскери "Ислам мамлекети" радикал уюмунун туусун дубалдан алып атат.
Ирак аскери "Ислам мамлекети" радикал уюмунун туусун дубалдан алып атат.

Ирак бийлиги 19-февралда Мосул шаарынын батыш бөлүгүн “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун согушкерлеринен кайтарып алуу операциясын баштады.

Ирак аскерлери жекшемби таңда операция башталары менен бир нече кыштакты “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун согушкерлеринен тазалашып, шаардын аэропортун көздөй багыт алганын маалымдашты.

Ал тапта АКШ башында турган коалициянын авиациясы абадан экстремисттердин болжолдуу уюктарына сокку ура баштады.

Операциянын башталышы тууралуу 19-февраль күнү эртең менен мамлекеттик телеканал аркылуу жасаган кайрылуусунда Ирактын премьер-министри Хайдар аль-Абади жарыялады:

- Биз бүгүн аскерий операциянын жаңы этабы башталганын жарыялайбыз. Калаанын башка бөлүктөрүндөй эле Мосулдун батыш тарабын да экстремисттерден тазалайбыз. Биздин кайратуу аскерлерибизди өз күчүн топтоп, “Ислам мамлекети” радикал уюмунун зомбулугуна жана зулумдугуна дуушар болгон элибизди куткарып чыгууга чакырабыз. Эң негизги максатыбыз - адамдарды куткаруу, андан соң гана аймакты тазалоого киришебиз.

Ирактын премьер-министри Хайдер аль-Абади.
Ирактын премьер-министри Хайдер аль-Абади.

Январь айында өкмөттүк күчтөр Мосул шаарынын чыгыш бөлүгүн өз карамагына алышкан. Бирок аскерлердин айтымында, батыш бөлүгүн согушкерлерден тазалоо ал жактагы тар көчөлөрдөн улам кыйын болот.

Операциянын башталышын утурлай, Улуттар уюму атайын билдирүү таркатып, анда жикчилердин карамагындагы райондордо калган болжол менен 650 миңдей адамдын тагдыры боюнча өз камтамачылыгын билдирди.

Мурдараак калаанын батыш бөлүгүнө өкмөттүк авиация баракчаларды ыргытып, операциянын башталышы тууралуу жергиликтүү тургундарга эскертүү берген. Ошондой эле баракчаларда согушкерлерге да арналган тынч колго түшүп берүү кайрылуусу камтылган.

"Балдарды коргоо" кайрымдуулук уюмунун маалыматына ылайык, Мосулдун жикчилдер көзөмөлдөп турган бөлүгүндө 350 миңдей бала болушу мүмкүн.

Мурдараак Улуттар уюмунун адам укуктары боюнча жогорку комиссариаты өткөн жылдын соңунда интернетте жарыяланып кеткен видеолор боюнча иликтөө жүргүзүүнү талап кылган. Анда ирак армиясынын формасын кийген адамдар туткунга алынган экстремисттерди кыйнап жатышканы чагылдырылган.

АКШнын коргоо министри Жеймс Мэттис Мүнхен коопсуздук жыйынында сүйлөп жатып Мосулду бошотуудагы Кошмо Штаттардын ролу мурдагыдай бойдон кала берерин айткан.

- Мен шаарга жасала турган чабуул тууралуу бардык майда-чүйдөсүн айтпай эле коеюн. Анткени биз аскерлердин коопсуздугун да ойлошубуз керек. Америкалык аскерлердин ролу мурдагыдай эле кала берет. Коалиция күчтөрү бул операцияны колдойт жана биз тездик менен “Ислам мамлекетин” жок кылууну улантабыз, - деди Мэттис.

АКШнын коргоо министри Жеймс Мэттис
АКШнын коргоо министри Жеймс Мэттис

Өткөн жылдын октябрь айында шаарды жихадчылардан тазалоо операциясы башталган. Анда өкмөттүк армия АКШ башында турган коалициянын жардамы менен Мосулдун чыгыш бөлүгүн согушкерлерден тазалоого жетишкен.

Мосул-Ирактагы Багдаддан кийинки экинчи ири шаар. Мосулду 2014-жылдын жаз айларында радикал уюмдун согушкерлери басып алышкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG