Ирандын Сакчылар кеңеши президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген 590дой адамдын ичинен жети талапкерди жактырды.
Ички иштер министрлигинин 25-майдагы маалыматына ылайык, Ибрагим Раиси, Мохсен Резаи, Саид Жалили, Амирхоссейн Газизаде-Хашеми, Абдолнассер Хеммати, Мохсен Мехрализаде жана Алиреза Закани 18-июнда өтүүчү шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк алышты.
Президенттик кызматтагы экинчи мөөнөтү аяктап бараткан Хасан Роухани мындан ары шайлоого аттана албайт. Ошентсе да анын жакын санаалашы деген мурдагы парламент спикери Али Ларижани бул ирет күчүн сынап көрүүнү көздөп турган.
Бирок эскичил диниятчылар менен юристтерден куралган Сакчылар кеңеши Ларижанини каттаган жок. Андан тышкары учурдагы вице-президент Эсхак Жахангири жана өзүн реформист деп мүнөздөгөн мурдагы президент Махмуд Ахмадинежаддын талапкерлиги жогорку лидер Аятолла Али Хаменеи өзү көзөмөлдөгөн консервативдүү органдын элегинен өтпөй калды.
Сакчылар кеңешинин мүчөлөрү саясатчылардын талапкерлиги эмненин негизинде четке кагылганын же жактырылганын түшүндүргөн жок. Бирок буга чейин алар президенттикке аттанабыз деген көптөгөн байистүү саясатчыларды каттоодон өткөрбөй коюшкан.
Кантсе да кеңеш тандаган жети талапкердин арасынан эми ашынган диниятчы, Ирандын сот тармагын жетектеген Ибрагим Раисинин президент болуу мүмкүнчүлүгү жогору бааланып жатат.
Ал шайлоо өнөктүгү маалында Роуханинин ишинин натыйжасын сындоо менен кошо шайлоочуларга убаданы калың берип жатат.
"Мен өзүмдү жемкорлуктун, натыйжасыз иштин жана ак сөөктүүлүктүн атаандашы деп эсептейм. Мен кайсы бир саясий топтордун душманы эмесмин. Мен ишинен майнап чыгара албагандарга каршы турам", - деп билдирген эле 15-майда Раиси.
Каатчылык маалындагы шайлоо
60 жаштагы Раиси Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеинин жакын санаалашы катары мүнөздөлүп келет. Ал 2017-жылкы президенттик шайлоого катышып, бирок Роуханиге утулуп калган.
Бул жолку шайлоо коронавирус пандемиясынан улам Ирандын экономикасы алсырап, өлкөнү кымбатчылык каптап, жумушсуздуктун деңгээли жогору болуп турган учурда өтүүдө.
АКШдагы Жонс Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, пандемия башталгандан бери 84 миллиондой калкы бар Иранда COVID-19дан көз жумгандардын расмий саны эле 79 миңден ашты. Бери дегенде 2 миллион 855 миңден ашуун адам коронавирусту жугузуп алды.
Мындан тышкары Ирандагы сынчыл көз караштагы жарандардын куугунтукка алынышы жана саясий эркиндиктин чектелиши коомчулуктун нааразылыгына себеп болуп келет.
"Reuters" жаңылыктар агенттиги Ирандын расмий сурамжылоолоруна шилтеме кылып жазгандай, 18-июнда жалпы шайлоочулардын 30 пайыздайы гана добуш бериши мүмкүн. Бул мурдагы шайлоолорго салыштырмалуу кыйла аз.
Тегерандын тургундары да шайлоодон кийин турмуш-тиричилиги жакшырып кетерине ишене албай турат.
"Ислам революциясынан бери биз 12 президентти шайладык. Эми 13-жолу президенттик шайлоо өтүп жатат. Биз да добуш бергенбиз. Бирок жыйынтыгы эмне болду? Бүгүн ар үйдө эки же үч киши жумушсуз отурат", - деп билдирди "France-Presse" жаңылыктар агентигине кезинде мамлекеттик кызматта иштеген пенсионер Хешматоллах.
"Абалды көрүп турасыз. Ижара акысы, азык-түлүк, эт кымбат. Кимге добуш беребиз? Кимге ишене алабыз?", - деп суроо салды тегерандык үй кожойкеси Фатима.
Кызматтан кетип жаткан, салыштырмалуу байистүү позицияны карманган Роуханинин өкмөтү ушу тапта 2015-жылкы эл аралык өзөктүк келишимди калыбына келтирүүнү көздөгөн сүйлөшүүлөргө катышууда.
Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Тегеран өзөктүк программасын чектеши керек. Бул үчүн Ислам Республикасына салынган эл аралык санкциялар алынган.
Бирок АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын администрациясы 2018-жылы бул келишимден чыгып кеткен жана санкцияларды жанданткан. Тегеран буга жооп кылып, келишимдин айрым шарттарын аткаруудан баш тарткан.
Бирок келишимди жандандыруу үчүн Австриянын Вена шаарында сүйлөшүүлөр уланууда. Иран менен АКШнын жаңы администрациясынын өкүлдөрү түздөн-түз сүйлөшпөсө да, өз-өзүнчө Венадагы талкууларга катышып жатканы белгилүү болду.