Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:06

Ирандын тышкы иштер министри санкцияга илинди


Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф. Боливия, 23-июль, 2019-жыл
Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф. Боливия, 23-июль, 2019-жыл

Кошмо Штаттар 31-июлда Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зарифке санкцияларды киргизди.

Зариф «өлкө кызыкчылыгына ушундай чоң коркунуч катары сыпаттаганы үчүн» АКШга ыраазычылыгын билдирди.

«Бул санкциялар жеке өзүмө же үй-бүлөмө эч кандай таасир этпейт, себеби Ирандан сырткары жерлерде эч кандай мүлкүм же кызыкчылыктарым жок», - деп жазды 31-июлда министр «Твиттерге».

Ошол эле күнү Вашингтон Зарифти «ядролук, баллистикалык ракеталар программасын, террордук уюмдарды колдоо максатында үгүт, жалган маалымат таратуу кампаниясын жүргүзгөн Иран режиминин эл аралык күзгүсү» деп атап, министрди санкциялар тизмесине киргизген.

АКШнын бул кадамын Ирандын президенти Хасан Роухани да комментарийледи:

Ирандын президенти Хасан Роухани. Тебриз шаары, 1-август, 2019-жыл
Ирандын президенти Хасан Роухани. Тебриз шаары, 1-август, 2019-жыл

«Кошмо Штаттар өздөрүн жаш баладай алып жүрүшөт. Кандай гана чечмелеп, түшүндүрүшпөсүн, мындай кадамды баланын кылыгына гана теңесе болот. Иран өкмөтү менен каалаган учурда, эч кандай шартсыз сүйлөшүүгө даярбыз дешет да, анан тышкы иштер министрине санкция салышат».

Ирандын башкы дипломаты АКШда банк эсептерин колдонуп же эсеп ача албайт. Америкалык компанияларга жана ишкерлерге Зариф менен бизнес жүргүзүүгө тыюу салынат. Ошол элде маалда министр Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йоркто жайгашкан баш кеңсесине мурдагыдай эле бара алат.

АКШ мамлекеттик катчысынын кеңсеси жасаган билдирүүдө Ирандын ядролук программасына да чектөөлөр кеңейтилгени айтылат. Буга чейин июнда АКШ Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменейиге жана Революция сакчылары корпусунун бир катар жогорку жетекчилерине санкция салган.

Эксперттер байистүү саясатчы катары каралып келген Зарифти «кара тизмеге» кошуу эки өлкөнүн ансыз да чыңалып турган мамилелерин ого бетер курчутуп жибериши мүмкүн дешет.

Былтыр Вашингтон Тегеран менен 2015-жылы түзүлгөн эл аралык көп тараптуу ядролук келишимден чыгып кеткен. Президент Дональд Трамп алты мамлекет – АКШ, Орусия, Кытай, Британия, Германия жана Франция кол койгон макулдашууга Ислам жумуриятынын баллистикалык ракеталар программасы камтылбай, ал өлкөнүн региондогу террордук уюмдарга көрсөтүп жаткан жардамы эске алынган эмес деген жүйөсүн айткан.

АКШ ошондон кийин негизинен мунай жана банк секторлорун бутага алган экономикалык санкцияларды бара-бара калыбына келтирди.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео. Вашингтон, 29-июль 2019-жыл
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео. Вашингтон, 29-июль 2019-жыл

«Вашингтондогу бир топ кишилер жалгыз эле америкалык санкциялардан натыйжа чыкпайт дешет. Жок, санкциялар иштеп жатат. Иран дүйнөнүн ар кайсы жерине ташыган чийки мунайдын 95 процентин дүйнөлүк рыноктон алып салууга жетиштик», - деди 29-июлда АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео.

Тегеран террордук уюмдарды колдойт деген дооматтарды четке кагып, документке кол койгон европалык мамлекеттер Иранды санкциялардын кесепеттеринен коргошпосо, келишимден чыгып кетерин эскертип келатат. 1-июлдан тарта Ислам жумурияты уранды макулдашууда каралган жогору деңгээлде байыта баштаган.

31-июлда тышкы иштер министри Зариф европалык өнөктөштөр Ирандын мунай сатуусун, киреше табуусун камсыздоо багытында чара көрбөсө, Тегеран калган милдеттенмелеринен баш тартарын билдирди.

АКШнын Сан-Франциско университетинде билим алган 59 жаштагы Зариф сөз болгон ядролук келишимди даярдоо ишине катышкан.

Франция, Германия жана Британия келишимди сактап калуу аракетин көрүп келатышканы менен мунай жолдорундагы соңку окуялар кырдаалды оорлоштуруп жатат. Адегенде Гибралтарда Британия ирандык танкерди колго түшүрсө, Иран Ормуз кысыгында британ желеги астында бараткан кемени кармап кетти.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG