Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:33

Иран Ормуз кысыгын жаап саларын эскертти


Ормуз кысыгы.
Ормуз кысыгы.

Иран президенти Хасан Роухани кайрадан Ормуз кысыгын жаап салаарын айтып, АКШга эскертүү жасады. Бирок АКШнын расмий өкүлү Роуханинин айткандарын четке кагып, Тегеран Ормуз кысыгын көзөмөлдөбөй турганын билдирди.

Иран президенти Хасан Роухани 4-декабрда Шахруд шаарында жоон топ элдин алдында сүйлөгөн сөзүндө Ормуз кысыгы тууралуу мурда айтып келген эскертүүсүн кайра кайталады.

Ирандын мамлекеттик телеканалы көрсөткөндөй, ал бул жыйында АКШ Ирандын мунай экспортуна жолтоо боло албай турганын айтты:

Иран президенти Хасан Роухани.
Иран президенти Хасан Роухани.

- Эгер Кошмо Штаттар Ирандын мунай экспортуна бөгөт коюуну чечсе, Перс булуңунан эч кандай мунай экспорттолбойт. Америка биз мунайыбызды сатаарыбызды жана аны сатууну уланта берерибизди билиши керек. Америка Ирандын мунай экспортун алдын ала албайт.

Хасан Роухани АКШ быйыл май айында Тегерандын өзөктүк программасы боюнча эл аралык келишимден чыгып кеткенин жарыялагандан кийин да ушундай эле билдирүүлөрдү жасаган.

Америка тарап Иран менен дүйнөнүн алты дерважасы 2015-жылы кол койгон келишим Тегерандын өзөктүк дымагын чектей албаганын жүйө келтирип, ал макулдашуунун алкагында токтотулган санкцияларды кайра калыбына келтирүүнү чечкен.

Вашингтондун Тегерандын мунай секторун бутага алган соңку санкциялары быйыл 5-ноябрда күчүнө кирген.

Ошол эле учурда Кошмо Штаттар сегиз юрисдикцияны: Кытайды, Индияны, Италияны, Жапонияны, Түштүк Кореяны, Грекияны, Түркияны жана Тайванды Ирандан мунай сатып алууга байланышкан санкцияны сактоо милдетинен жарым жылга бошоткон.

АКШ: Иран Ормузду көзөмөлдөбөйт

Ормуз кысыгындагы мунай танкери.
Ормуз кысыгындагы мунай танкери.

Иран жаап салаарын эскерткен Ормуз кысыгы - дүйнөлүк мунай соодасы үчүн кан жолдордун бири. Перс жана Оман булуңдарын байланыштырган бул кысыктан деңиз аркылуу дүйнөлүк базарга чыккан мунайдын төрттөн үч бөлүгү өтөт.

Тегерандын Ормуз тууралуу соңку эскертүүсүн Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун генералы Кассем Солеймани кубаттады.

"Ассошейтед пресс" жаңылыктар агенттиги кабарлагандай, АКШнын Иран боюнча атайын өкүлү Брайан Хук президент Роуханинин айткандарын четке кагып, Тегеран Ормуз кысыгын көзөмөлдөбөй турганын айтты:

- Кысык эл аралык суу жолунда жайгашкан. АКШ өнөктөштөрү менен бирге навигациянын жана эл аралык суу жолдорундагы коммерция агымынын эркиндигин камсыздоо ишин улантат, - деди Хук.

Роуханинин билдирүүсү АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Кытай менен Орусияга кошуп Ирандын аракеттерин сынга алган күнгө туш келди. Помпео шейшембиде Брюсселде сүйлөгөн сөзүндө бул өлкөлөр "бир катар эл аралык келишимдер менен көп тараптуу макулдашууларды, дүйнөдө туруктуулукту бузуп жатышканын" белгиледи:

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Брюсселде, 4-декабрь 2018-жыл.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Брюсселде, 4-декабрь 2018-жыл.

- Ирандын келишиминен багытты өзгөртүүгө башка маселелер менен бирге Тегерандын ал макулдашуунун табиятына шек келтире турган, Америка эли менен анын өнөктөштөрүнүн коопсуздугуна коркунуч жарата турган зордукчул жана дестабилдештирүүчү аракеттери себеп болду. Биз Ирандын революциячыл дымагын жана анын глобалдык террорчулукту алга сүрөгөн өнөктүгүн токтотуу үчүн биздин өнөктөштөрдү жетектеп баратабыз.

АКШнын санкцияларына баш ийбей турганын билдирген расмий Тегеран ушул дем алыш күндөрү баллистикалык ракетасын сынаганы да белгилүү болду.

Батыш өлкөлөрү Ирандын бул кадамын БУУнун Коопсуздук кеңешинин үч жыл мурдагы резолюциясын бузгандык катары баалашты. Франция менен Британия Ирандын кадамын “чагымчыл” деп аташты.

АКШнын мамлекеттик катчысы Иран сынаган ракета бир нече дүрмөт алып жүрүүгө жөндөмдүү экенин, Жакынкы Чыгыштын бүткүл аймагы менен Европанын бөлүктөрүнө жете аларын билдирген.

Иран болсо бул программасы “коргонуу гана максатын” көздөрүн белгилеп жатат.

Ракета сыноолоруна карабастан Тегеран өзөктүк келишимдин шарттарын аткарып жатканы кабарланып келет. Акыркы жолу 22-ноябрда Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) "Иран өзөктүк куралга байланыштуу өз милдеттемелерин аткарып жатканын" ырастаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG