Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:44

Иран: Теракттан өлгөндөрдүн саны 27 жетти


Захедандагы чабуулдун кесепети оор болду, 15-июль, 2010
Захедандагы чабуулдун кесепети оор болду, 15-июль, 2010

Бейшембиде Ирандын Балучистан провинциясында катарма-катар жардыруулардан 27 адам мерт болду, дагы 270 киши жаракат алды. Өлгөндөрдүн арасында өлкөнүн Революциячыл гвардиясынын мүчөлөрү да бар. Терактты суннилердин “Жундалла” козголоңчу тобу жасаганын айтты.

Бул Иранда акыркы жылдардагы эң кандуу теракттардан болуп калды. Мамлекеттик IRNA маалымат агенттиги биринчи жардыруу кечки саат 9:20 Захедандагы мечитке кире бериште болгонун кабарлады. Анын артынан эле экинчи бомба жарылып кеткен.

Захедандык депутат Хоссейнали Шахриари Fars маалымат агенттигине айтканына караганда, биринчи жарылуудан 3-4 адам өлдү. Анан адамдар жардамга чогула баштаганда, экинчи бомба жарылып, анын кесепети оорураак болду.

Ал аялдын кийимин кийип алган адам мечитке кирем дегенде аны кармап калышканын айтат. "Ошол киши жанкечтилердин бири болсо керек", - деди Шахриари.

Ирандын ички иштер министри Али Абдуллахи өлгөндөрдүн саны дагы өсүшү мүмкүн дейт. Министр ошол өлгөндөрдүн арасында мамлекеттин Революциячыл гвардиясынын мүчөлөрү да болгонун айтты.

Интернеттеги билдирүү

Терактты “Жундалла” жасаганын сунни мусулмандарынын радикал бул тобу өзүнүн интернет-сайтындагы билдирүүсүндө жазды. Ага караганда, жардырууну алар Революциячыл гвардиянын күнүн белгилегендерге каршы жасашкан.

Ошондой эле, терактты алар иран өкмөтү Балучистанда жасап жаткан “кылмыштарга” жооп дешти. Маселен, өкмөт “Жундалланын” лидерлерин жок кылып, анын аракеттерине бөгөт коюуну каалаган деп эсептешет.

“Жундалланын” лидери Абдулмалик Риги өткөн айда Иранда буга чейин жасаган теракттары үчүн дарга асылган. Аны февралда кармашкан эле. Эми бул топ ошол анабашчысынын өлүмү үчүн өч алууну самап жатат.

Революциячыл гвардиянын саясий бөлүмүнүн башчысы Ядолла Жавани болсо соңку теракт үчүн Америка Кошмо Штаттарын айыптады. “Риги дарга асылаардын алдында аны АКШ колдогонун мойнуна алган, - дейт ал. – Демек, Захедандагы жардырууларга да АКШнын, Израилдин жана Батыштагы айрым башка мамлекеттердин катыштыгы бар”.

Иран “Жундалланы” “Ал-Каида” менен байланышы бар террористтик топ деп билет. Болгондо да аны АКШ менен Британия колдойт деп жүрөт. Бул эки өлкө тең айыптоолорду четке кагышты.

АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон бейшембидеги терактты катуу айыптап, аны жасагандар сөзсүз жазасын алышы керек деп билдирди.

“Жундалла” болсо Иранда акыркы жылдары бир топ теракттарды жасаганын айтып, өкмөттүн айрым аскерлерин да өлтүргөнүн билдирген. Радикал бул топ өлкөдөгү сунни азчылыгынын укугун коргоп жүргөнүн айтат.

Ушул аптадагы жардыруулар Ирандын ансыз деле тынчыбаган Систан-Балучистан вилоятында абалды дагы курчутушу мүмкүн. Өкмөт бул жердеги чабуулдарга жооп иретинде бир топ адамдарды дарга аскан. Өкмөттүн аракеттерин адам укугун коргоочу уюмдар айыпташкан эле.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG