Aятолла Али Хаменеинин 30-мартта жеке расмий сайтына жарыялаган бул билдирүүсү батыш өлкөлөрү Ирандын баллистикалык ракета сыноосун жоопсуз калтырбай, БУУнун Коопсуздук кеңешинен чара көрүүнү талап кылган чакырыгынан соң жасалып отурат.
“Эгерде кимде ким өлкөнүн келечеги үчүн ракета эмес, сүйлөшүүлөр маанилүү деп айтса, ал наадандык же чыккынчылык”, - деп айтылат Хаменеинин билдирүүсүндө.
Рухий лидердин бул сөзү Ирандын мурдагы президенти Акбар Хашеми Рафсанжаниге багытталгандай таасир калтырат. Өткөн жумада Рафсанжани “Ирандын келечеги ракетада эмес, сүйлөшүүлөрдө” деп айткан.
Хаменеи ошондой эле баллистикалык ракеталарды мындан ары да өнүктүрүү боюнча Ислам революциясынын сакчылар корпусунун катаң позициясын колдой турганын белгилеген.
“Эгер Ислам республикасы коргонуусун чыңдабай туруп, технологиялык өнүгүүлөргө умтулуп, сүйлөшүүлөргө барса, бул башка – анча маанилүү эмес өлкөлөрдүн алдында артка чегинүү болот”, - дейт Ирандын улук лидери.
Хаменеи буга чейин былтыр июлда Тегерандын ядролук программасы боюнча дүйнөнүн алты державасы – АКШ, Британия, Кытай, Орусия, Франция жана Германиянын Иран менен келишимин колдоп, бирок бул келишим Батыш менен өтө жакындап кетүүгө алып келбесин, Тегеран өзүнүн кадимки аскердик кубатын сактоого жана өнүктүрүүгө тийиштигин айткан. Аталган келишимге ылайык, Иран ядролук программасын кескин кыскартышы керек.
Бирок эл аралык чөйрөдө Иран 9-мартта баллистикалык ракеталарды сыноосу жогоруда сөз болгон келишимди бузган жокпу деген суроолорду пайда кылды.
Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун 30-мартта бул маселе эми уюмдун Коопсуздук кеңешинде караларын айтты:
- Дүйнөлүк державалар менен келишимге карабай, Иран азыр баллистикалык ракеталарын сынай баштады. Бул тынчсызданууларга себеп болду. Эми буга Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү кандай чара же санкция колдонууну караганы жатат. Алар бул баллистикалык ракетаны сыноо Коопсуздук кеңешинин резолюцияларын бузар-бузбасын же кандай чара кабыл алынарын талдап көрүшөт. Мен Коопсуздук кеңеши бул маселени кылдаттык менен карашын күтүп жатам.
Ушул жумада АКШ, Франция, Британия жана Германия Иран марттын башында орто аралыктагы Шахаб-3 жана кыска аралыктагы Qiam-1 деп аталган баллистикалык ракеталарын сыноосу БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын бузарын айтып чыгышкан. Коопсуздук кеңешинин 2231-резолюциясы Иранды өзөктүк дүрмөт алып жүрүүгө жөндөмдүү ракеталарды жасабоого милдеттендирет. Аталган төрт өлкө бул ракеталар өзөктүк дүрмөт алып жүрүүгө жөндөмдүү деп эсептеп, БУУнун Коопсуздук кеңешин бул маселени кароого жана тиешелүү чара көрүүгө чакырган.
Иран өз кезегинде ракеталары ядролук дүрмөт алып жүрүүгө багытталбаганын, бул сыноо ядролук эмес күчтөрүн текшерүү болгонун билдирген. Бул маселеде Орусия Иранды колдоп, аталган сыноо 2015-жылдагы резолюцияга каршы келбесин жана андагы чакырык милдеттүү талап катары эсептелбесин эскерткен.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Михаил Ульянов 30-мартта Москва Ирандын баллистикалык ракеталары өзөктүк дүрмөт алып жүрүү мүмкүндүгү боюнча эч кандай далил көрбөй турганын айтып чыкты. Кремль ошондой эле Вашингтондо 31-мартта башталчу ядролук коопсуздук боюнча саммитке өз делегациясын жиберүүдөн баш тартты.
Ошентип Орусия былтыр Ирандын ядролук программасы боюнча келишимге жетишкен алты өлкөнүн ичинен бул саммитке катышпаган жалгыз мамлекет болуп калууда. Вашингтондогу бул саммиттин күн тартибине Ирандын аталган келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткаруусуна байланышкан маселе да кирген.