Бул шайлоо эмнеси менен маанилүү?
Бир айга жетпеген үгүт өнөктүгүнөн кийин ирандыктар жаңы президентти тандоого киришти. Иранда президент болгон адамдын жогорку рухий көсөм Аятолла Али Хаменеидей таасири болбосо да өлкөнүн ички жана тышкы саясатын өзгөрткүдөй кудурети бар.
Андыктан 19-майдагы шайлоонун жыйынтыгы расмий Тегеран менен дүйнөнүн алты державасынын ортосунда 2015-жылы жетишилген келишимдин келечегине, Ирандын Батыш менен мамилесине, экономиканын багытына жана өлкө ичиндеги эркиндиктин деңгээлине түз таасирин тийгизет.
Атүгүл жаңы президент келечекте 78 жаштагы рухий көсөмдүн ордун ким басарын аныктап калышы да мүмкүн. Мындан улам шиит мусулмандары басымдуулук кылган ислам республикасында талапкерлердин таймашы курч болду.
Талапкерлер кимдер?
Ирандын 1979-жылдагы ислам ыңкылабынан кийин түзүлгөн Сакчылар кеңеши апрель айында президент болом деген 1600 адамдын ичинен алты талапкерди тандаган. Алардын экөө жарыштан чыкты. Натыйжада төрт жылдык президенттик мөөнөт үчүн учурдагы президент Хасан Роухани, эскичил диниятчы Эбрахим Раиси, мурдагы маданият министри Мостафа Мирсалим, борборчул саясатчы Мостафа Хашемитаба ат салышууда.
Жарыштан чыккан эки талапкердин бири - Тегерандын мэри Мохаммад Бакер Калибаф диниятчы Раисини колдоого чакырса, экинчиси - мурдагы президент Мохаммад Хатами азыркы президентти жактады.
Бул шайлоодо негизги атаандаштык 68 жаштагы Роухани менен 56 жаштагы Раисинин ортосунда болду. Эгер өзөктүк келишимге жетишкен Роухани экинчи мөөнөткө шайланбай калса, Раиси жеңип чыга турган болсо, Батыш менен Ирандын алакасы начарлашы мүмкүн дейт Тегеран университетинин профессору Фоад Изади:
- Ирандын эскичил көз караштагы саясатчылары Роуханинин өзөктүк сүйлөшүүлөрдү кандай жүргүзгөнүн сындап, эл аралык келишим Иранга толук пайда алып келбегенин айтышат. Кокус келишимдин шарттарын кайсы бир өлкө буза турган болсо, Раиси аны жеңил кабыл албайт. АКШда ядролук келишимди Иранга басым жасоонун инструменти катары колдонууну каалагандар бар. Бирок Раисинин мындай жагдайды кабыл алышы кыйын.
Рухий көсөмдүн таасири
Раисини Ирандын таасирдүү рухий көсөмү Хаменеи колдойт деген ишеним бар. 30-апрелде Хаменеи президент Роуханини Батыш менен жакындашуу согуш коркунучун азайтты дегени үчүн ачык сындаган.
"Биз баарын колго алгандан тарта өлкөнү согуштан сактап калдык деп айрымдар айтып атышат. Жок, ал туура эмес. Өлкөнү агрессия менен чет душмандардын басып кирүүсүнөн эл гана сактап келатат", - деген Хаменеи.
Деген менен Роухани рухий көсөмдүн негизги сүймөнчүгү болбой туруп, 2013-жылдагы шайлоону жеңип чыкканы маалым.
Эки талапкер эмнеси менен айырмаланат?
Ирандын президенти Хасан Роухани Батыш менен ымалага келип, Терегандын өзөктүк программасы боюнча киргизилген эл аралык санкциялардан толук арылууну көздөйт. Ал өлкө жарандары шайлоодо атаандаштарына добуш берсе авторитаризм кайрадан күчөшү мүмкүн деп эскерткен.
Ошондой эле: “Ирандыктар 19-майда экстремизм, басым жана зордук-зомбулуктун доору аяктаганын бүткүл дүйнөгө далилдейт” деп билдиргени бар.
Роуханинин тарапкери тегерандык Неда да өз жүйөсүн келтирет:
- Анткени ал жаштарды колдойт. Ал өзөктүк келишимге жетишти. Жаштардын баары аны колдошот.
Эбрахим Раиси болсо Иран чет өлкөлүк жардамга муктаж эместигин белгилеп, ислам революциясынын баалуулуктарын кайра жандантарын ишара кылганы бар. Ал өзөктүк келишим аркылуу санкциялар алынганы менен өлкөнүн экономикасы оңолгон жок деп атаандашын сынга алууда.
“Бүгүн жаштардын 30 пайызы жумушсуз, өлкөдө жумуштуулук деңгээли 12 пайыздан ашпайт” - деген Раиси. Экономикалык жагдай Раисинин тарапкерлерин көбөйткөнүн Тегерандын тургуну Форузан Кухинин сөзү да далилдейт:
- Ал жаштарга иш орундарын убада кылган. Мен көптөн бери жумуш издеп жүрөм. Жетиштүү киреше алып келе турган жумуш таба элекмин.
Ким жеңиши мүмкүн?
Рейтер агенттиги жарыялаган сурамжылоого ылайык, жума күнкү шайлоодо добуштардын көбү эки негизги талапкерге тийип, Роухани 48 пайыз, Раиси 35 пайыздан көп добуш алышы ыктымал.
Эгер эч бир талапкер 50 пайыздан көп добуш топтобосо, 26-майда экинчи айлампа болот. Деген менен Ирандын өзүндөгү сурамжылоолор көрсөткөндөй, он күн мурда шайлоочулардын 35 пайызы кимге добуш берерин аныктай элек болчу.
Ирандын 80 миллиондук калкынын 55 миллиону добуш берүүгө укуктуу.