Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:29

Иран импортту чектөөдө


Тегерандын базары.
Тегерандын базары.

Иранда ишкерлер менен өлкө жарандарынын тыштан кымбат баалуу товарларды, анын ичинде автоунааларды сатып келүүсүнө тыюу салынды.

Мындай чараны өлкө бийликтери Батыштын санкцияларынын таасирине каршы күрөшүүнүн бир аргасы катары пайдаланып, тартыштыгы ачык сезилип калган чет элдик валютаны башка муктаждыктар үчүн сактоо аргасын көрүп жаткандай.

Иран өкмөтүнүн алар “кымбат баалуу” жана “анча зарыл эмес” деп атаган товарлардын импортун токтотуу чечими өткөн аптадан тарта күчүнө кирди.

Өкмөт түзгөн тизмеде андай товарлардын кеминде 75 түрү, анын ичинде машинелер, мотоциклдер, түрдүү косметика, чүйгүн тамак-аш да бар.

Бул расмий Тегерандын Батыш ага талаштуу өзөктүк программасынан улам киргизген санкциялардын таасирин азайтуу багытындагы чараларынын азырынча акыркысы болуп калды.

Ирандык журналист, “Азаттык” радиосунун Вашингтондогу кабарчысы Голназ Эсфандиари мындай дейт:

- Алар эркин алмашуучу валюта өлкөдөн чыгарылып кетишин токтотууга аракеттенишүүдө. Бийлик Батыштын санкцияларынан улам Иран ички өндүрүшкө таянуусу керектигин айтышкан. Товар импортун чектөө элди өлкө ичинде өндүрүлгөн продукцияны сатып алууга мажбурлоонун бир аргасы.

Голназ Эсфандиари кошумчалагандай, тизмеге адегенде компьютерлер менен уюлдук телефондор да кошулду эле, бирок Тегерандан шейшемби күнү түшкөн кабарларга караганда, аларга өлкөнүн өзүндө өндүрүлбөгүнө байланыштуу тыюу салынбай турган болду.

Валюта таңкыстыгы

Батыштын санкциялары, өзгөчө Евробиримдиктин 1-июлдан тарта күчүнө кирген мунай эмбаргосу кирешенин жана чет элдик валютанын башкы булагы болгон мунай өндүрүштү жана экспортту кыскарткан.

Бул өз кезегинде улуттук акчанын кунун кетирип, риал быйыл жайдан бери эле 40% нарксызданды.

Улуттук акчанын нарксызданышы ирандыктарды дүрбөлөңгө түшүргөн.
Улуттук акчанын нарксызданышы ирандыктарды дүрбөлөңгө түшүргөн.
Мындай жагдай ирандыктардын көбүн жыйган-терген акчасын чет элдик валютага же алтынга которууга мажбурлады.

Андыктан анын четке агымын токтотуу аргасы валюта таңкыстыгы жаралган шартта көрүлүп жатат.

Голназ Эсфандиари өкмөт “кымбат баалуу же анча зарыл эмес" деп санаган товарлардын импортуна короткон каражаттын суммасы боюнча түрдүү сандар айтылууда:

- Расмий өкүлдөрдүн бири беш миллиард десе, экинчиси жылына 12 миллиард доллар сарпталарын айткан. Бул жөнүндө аларга шилтеме жасап, Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары, мамлекеттик “Иран” гезити кабарлады.

Экономика боюнча ирандык профессор, азыр Парижде жашап, иштеген Жамшид Ассадинин пикиринде, Иран өкмөтүнүн импортко жасалма жол менен тыюу салуу аракети өлкө экономикасы кризиске тушукканын көргөзүүдө. Бул аткезчиликке жана кымбатчылыкка алып барат:

- Мындан улам чек арада контрабанда, көмүскө базар күчөйт. Натыйжада кымбат баалуу товарлардын баасы мурдагыдан жогоруласа деле акчасы көптөр сатып ала алышат.

Иран бийликтери импортко киргизилген чектөөнү утурумдук гана чара деп мүнөздөшүүдө.

Импортко чейин өкмөт өткөн айда товардын 50дөй түрүнүн, анын ичинде буудайдын, канттын, алюминийдин экспортуна тыюу салган.

Алюминий экспортун чектөө да Батыштын санкциясына жооп чара катары жасалды окшойт. Анткени Евробиримдик 15- октябрдан тарта Иранга болот сатууну токтоткон.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG