1953-жылы 19-августта аяктаган беш күндүк төңкөрүштү Ирандын армия офицерлери АКШ жана Британиянын чалгындоо кызматынын жардамы менен ишке ашырган. Эксперттердин көбү Ирандын эл шайлаган эң алгачкы өкмөтүн жана популярдуу премьер-министри Мохаммед Мосаддыкты бийликтен кулаткан ал чагым өлкөдө анти-батышчыл маанайды болуп көрбөгөндөй күчөтүп, акыр аягы 1979-жылы Ислам ыңкылабына алып келген деп эсептешет. Ал окуялар жалпы Жакынкы Чыгыштагы геосаясий жагдайдын акырындап өзгөрүшүнө түрткү болуп, Кошмо Штаттардын 50-жылдары ар кайсы өлкөдө саясий туруктуулукка чагым салган аракеттерин ашкерелеп, экс-Советтер Союзунун идеологиялык чырагына далай май тамызган.
Чет өлкөлүктөрдүн тикелей жардамы аркылуу кулатылган Ирандын экс-премьери Мосаддык 1951-жылы ага чейин британдар көзөмөлдөп келген өлкөнүн мунай өндүрүшүн улутташтырууда чечүүчү роль ойногон. Ал чечимден улам дүйнөнүн далай өлкөлөрү Иран мунайына бойкот жарыялап жиберип, андан каалагандай майнап чыкпаганда берки жашыруун чагымчыл план жүзөгө ашырылган.
Бул окуяларды далай изилдеп жүрүп чоң китеп жазган америкалык изилдөөчү Стивен Кинцер 1953-жылкы Ирандагы төңкөрүштөн АКШ кыска мөөнөттүү пайда тапса да, узак мөөнөттүү терс кесепеттерге дуушар болду деген пикирде.
- Тарыхый жактан алганда, ал төңкөрүш АКШ үчүн ийгиликтүү болгон жок. 1979-жылкы исламдык ыңкылап - ошол төңкөрүштөн кийин бийликке келген алсыз шахтын куугунтукчул башкаруусунун жыйынтыгы болду. Дал ошол ыңкылап Иранда Американы жек көргөн режимди бийликке алып келди, алар 30 жылдан ашуун мезгилден бери дүйнөдө Американын кызыкчылыгына каршы иштеп келатат.
Чын эле популярдуу премьер Мосаддык кулатылган соң Иран өкмөтүн “жасалма премьер” генерал Фазлолла Захеди башкарып, анын алсыздыгы Иран монархиясындагы бардык бийлик шахтын колуна топтолушуна шарт түзгөн. Вашингтондун аскердик жана экономикалык бекем колдоосу астында шах Мохаммед Реза Пехлеви 1979-жылкы ыңкылапка дейре авторитардык жетекчиге айланган.
60 жылдан кийин да Ирандагы ал төңкөрүш улуттун аң-сезиминде кеткис такка айланып, Батыш менен алакалардагы башкы тоскоолдуктун бири бойдон калууда. Төңкөрүш тууралуу дагы бир китептин автору Марк Газеровский керек болсо, ошол кыянатчыл иш Иранда радикал исламдын күчөшүнө өбөлгө болгонун айтат.
- Ал төңкөрүш региондо кансыз согушту күчөткөн. Албетте, АКШ ошон үчүн киришкен да бул ишке. Алар Ирандагы Советтер Союзунун таасиринен коркуп кетип, аны Пакистан менен Түркиядай Советтер Союзуна каршы тымызын уруштагы “өз аймагына” айландыргысы келген.
Ошентип, 1953-жылы АКШ менен Британиянын ийгиликтүү операциясы саналган Ирандагы төңкөрүш узак мөөнөттөн караганда, терең кесепеттери эмгиче уланып келаткан тарыхый окуя болуп калды. Ал ийгиликке шердене түшкөн АКШнын атайын кызматы кийинки жылы Гватемала өкмөтүн кулатууга катышып, 1957-жылы Сириянын президентине каршы андай аракети жемишсиз аяктаган.
Ондогон жылдар бою АКШ бийликтери Ирандагы төңкөрүштө ойногон ролун караманча танып келди, аны алгачкы ирет азыркы президент Барак Обама 2009-жылы ачык айтып, моюнга алды. Британияда Би-Би-Си корпорациясы 2011-жылы андан 60 жылдай илгери Ирандын премьери Мосадыкка каршы кандай берүүлөр чыгарганын жарыялап, аларда атайын саясий максат болгонун далай жыл өтсө да ашкереледи.