Коронавирустан улам дүйнөдө өндүрүш, транспорт каттамдары кыскарып, мунай продукциясына суроо-талап азаюуда. Натыйжада кара майдын наркы түшүп жатат.
Мунун алдын алуу үчүн өндүрүш көлөмүн чектөөнү макулдашуу үчүн мунай экспорттоочу өлкөлөр (ОПЕК жана ага кирбегендер) өткөн аптанын аягында Венага чогулган. Бирок “чектөөгө негиз жок” деп Орусия кошулган жок. Талдоочулар буга Москванын "мунай баасын жогорулатуу аракетинин артында Кошмо Штаттар турат" деп эсептегени себеп болгонун айтып жатышат.
"Reuters" агенттигинин жазганына караганда, бир жыл мурда "Роснефть" башчысы Игорь Сечин президент Владимир Путинге кат жазып, Орусия менен ОПЕКтин келишимин стратегиялык коркунуч, АКШга пайдалуу деп сыпаттаган. Бирок орусиялык мунайчылардын баары эле бир пикирде эмес. Маселен "Лукойлдун" теңшерик ээси Леонид Федун ОПЕК менен келишимден чыгууну "рационалдуу эмес" деп сындады. Мунун кесепетинен Орусия күнүнө 100-150 миллион доллардан жоготот деп билдирди.
Кантсе да Кремлдин жүрүшү альянстын башка катышуучуларына күтүүсүз болду. Залда сүйлөшүүгө күбө болгондордун бири "Bloomberg" агенттигине "чечимди укканда ОПЕК өлкөлөрүнүн энергетика министрлери ушунчалык дендароо болгондуктан эмне айтарын билбей калышты" деп абалды сүрөттөп берген.
Орусиянын чечимине жооп иретинде ишембиде Сауд Арабиясы күтүлбөгөн кадамга барды. Апрелден тарта өзү өндүргөн мунайды 6-8 долларга чейин арзандатып, өндүрүштү тескерисинче көбөйтмөй болду. Муну талдоочулар падышалык өлкө башкаларды тартипке чакырып коюу, атаандаштарды кысмакка алуу үчүн “соода согушун баштады” деп баалашты.
Британиялык финансы дилери "CMC Markets" компаниясынын башкы стратеги Майкл Маккарти мындай пикирге кошулат:
"Бул Орусия жана АКШдагы атаандаштарды мунай базарынан сүрүп чыгарайын деген чоң аракет катары каралууда. Албетте бул мунайдын баасы кыйла арзан болот дегенди билдирет. Бул компаниялар үчүн жакшы жаңылык, анткени алар керектей турган энергоресурстун баасы кыйла төмөндөдү дегенди билдирет. Бирок учурдагы дүрбөлөң кырдаалдагы бул жаңылык мунай базарына доо кеткенин билдирет жана базардагы ансыз да тополоң атмосфераны күчөтөт".
Айтылгандай эле болду. Дем алыш күндөрү дүйнөдө кара майдын баасы кескин төмөндөдү. Маселен эң кеңири тараган Brent үлгүсү өткөн бейшембиде 50 доллар болсо, дүйшөмбүдө 32 долларга чейин түшүп, кайра азыраак оңолду.
Мунун кесепети мунай кирешесинен көз каранды өлкө Орусиянын улуттук акчасына тийди. 1 рубль дүйшөмбүдө кыргыз сомуна карата 93 тыйынга чейин арзандады. Ал эми 1 доллар үч күн мурда эле 68 рубль болсо, эми 75ке чыкты.
Мунай кризиси башка дүйнөлүк товарларга да таасир этүүдө. Дүйшөмбүдө дүйнөлүк каржы базарларындагы компаниялардын акциялары жалаң кемүү белгисин көрсөтүп турду. Токиодогу биржада орточо төмөндөө 5%, Сиднейде 7%, Майндагы Франкфуртта жана Лондондо 8% төмөндөө болду. Бул айрым компаниялар миллиондорду, айрымдары миллиарддарды жоготту дегенди билдирет.
Гонконгдогу инвестициялык кеңеш кызматын көрсөткөн "Geo Securities" компаниясынын башкы директору Фрэнсис Лун алдыда оор турмуш келатат деп, белди бекем бууп, даярданууга чакырууда.
"Менимче, биз фондулук базардын кыйрашынын кезектеги он жылдыгына күбө болуудабыз. 1987, 1997, 2008-жылдары финансылык цунами каптаса, 2020-жылы коронавирус эпидемиясы фондулук биржаны талкалоодо. SARS эпидемиясынын айырмасы – коронавирусту ооздуктоо жана көзөмөлдөө кыйла татаал. Маселен, инфекция Кытайда күчүн жоготуп жатса, Түштүк Корея, Иран жана Италия сыяктуу өлкөлөрдө ыкчам жайылууда".
Азырынча вирус дагы канчалык жайылары, өкмөттөрдүн чаралары канчалык эффективдүү болору так белгисиз. Ошондуктан дүйнөдө аныксыздык жана ишенимсиздик күчөп барат. Бул кайсы бир тармакка инвестиция салууну, кайсы бир товарды сатып алууну кыйындатат.