60 жыл илгери АКШ менен Британиянын атайын кызматтары Ирандын эл шайлаган эң алгачкы өкмөтүн кулаткан эле. Беш күнгө созулган төңкөрүш регион жана жалпы эле дүйнөнү дүрбөлөңгө салган, ал окуялардын жаңырыгы эмгиче басыла элек.
Ирандагы төңкөрүш: август, 1953-жыл
![Демонстранттар коммунисттик гезиттерди саткан күркөнү өрттөп жиберишти. Тегеран, 19-август, 1953.](https://gdb.rferl.org/9aef0fa0-3c56-4ac1-a3a9-327c9854172e_w1024_q10_s.jpg)
1
Демонстранттар коммунисттик гезиттерди саткан күркөнү өрттөп жиберишти. Тегеран, 19-август, 1953.
![Аскерлер Тегеранда демонстранттарды кубалоодо.](https://gdb.rferl.org/30f670bd-39e1-4c4f-b644-d1085a9dfa15_w1024_q10_s.jpg)
2
Аскерлер Тегеранда демонстранттарды кубалоодо.
![Козголоңчулар Мосаддык баштаган Улуттук фронттун штаб-квартирасындагы партиянын эн белгисин түшүрүп жатат.](https://gdb.rferl.org/b88dfdbc-c43a-4a8c-90c7-265d1d54570c_w1024_q10_s.jpg)
3
Козголоңчулар Мосаддык баштаган Улуттук фронттун штаб-квартирасындагы партиянын эн белгисин түшүрүп жатат.
![Козголоңчулар Тегерандын көчөлөрүндө чуркап жүрүшөт.](https://gdb.rferl.org/dfcfdff4-c5de-41d5-9dfe-1a0479c02628_w1024_q10_s.jpg)
4
Козголоңчулар Тегерандын көчөлөрүндө чуркап жүрүшөт.
![Аскерлер парламент имаратын курчап турат, 19-август, 1953](https://gdb.rferl.org/3b2634b3-52ee-4fbe-8bca-815474f84dd7_w1024_q10_s.jpg)
5
Аскерлер парламент имаратын курчап турат, 19-август, 1953
![ "Tehran Mosavvar" төңкөрүштөн кийин тополоң учурдагы сүрөттөрдү чыгарды.](https://gdb.rferl.org/847705bb-4863-4ae7-a397-25940bfc21a8_w1024_q10_s.jpg)
6
"Tehran Mosavvar" төңкөрүштөн кийин тополоң учурдагы сүрөттөрдү чыгарды.
![Тегерандын көчөлөрүндөгө аскерлер менен демонстранттардын кагылышы.](https://gdb.rferl.org/a0fe90b4-aa2b-4665-bbb6-2589063335b9_w1024_q10_s.jpg)
7
Тегерандын көчөлөрүндөгө аскерлер менен демонстранттардын кагылышы.
![Иран армиясынын офицерлери жана монархиянын жактоочулары Шах кыска убакыттагы куугундан келгенден кийин бийликти кайра алуу үчүн чогулууда. 27-август, 1953.](https://gdb.rferl.org/dfefdb46-397b-4205-ab32-91414e037d36_w1024_q10_s.jpg)
8
Иран армиясынын офицерлери жана монархиянын жактоочулары Шах кыска убакыттагы куугундан келгенден кийин бийликти кайра алуу үчүн чогулууда. 27-август, 1953.
![Ирандын мурдагы премьер-министри Мохаммед Мосаддык учактан түшүүдө. Август, 1953. ](https://gdb.rferl.org/bc69ac63-e639-43bd-bc22-9a0115dbe59a_w1024_q10_s.jpg)
9
Ирандын мурдагы премьер-министри Мохаммед Мосаддык учактан түшүүдө. Август, 1953.
![Бийликтен кулатылган премьер-министр Мохаммед Моссаддык Тегерандын аскер трибуналындагы соттук териштирүүдөгү тыныгуу учурунда. Ноябрь, 1953. Ал мамлекетттик чыккынчылык үчүн соттолуп, үч жыл абакта отурган. 1967-жылы ал үй камагында жатып каза болгон. ](https://gdb.rferl.org/996f8203-ecc1-4560-a9ac-95d9d7f71fac_w1024_q10_s.jpg)
10
Бийликтен кулатылган премьер-министр Мохаммед Моссаддык Тегерандын аскер трибуналындагы соттук териштирүүдөгү тыныгуу учурунда. Ноябрь, 1953. Ал мамлекетттик чыккынчылык үчүн соттолуп, үч жыл абакта отурган. 1967-жылы ал үй камагында жатып каза болгон.