Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:01

Иран Сирияга баллистикалык ракета атты


Иран Cирияны карай баллистикалык ракета аткан учур. 1-октябрь, 2018-жыл.
Иран Cирияны карай баллистикалык ракета аткан учур. 1-октябрь, 2018-жыл.

Иран Сирияда согушкерлердин турган жерин баллистикалык ракеталар менен аткылаганын жарыялады. Расмий Тегеран муну өлкөнүн Аваз шаарында жакында болгон кол салуу үчүн жооп катары мүнөздөөдө. Анда аскердик парад учурундагы чабуулдан кеминде 24 кишинин өмүрү кыйылган.

Ирандын мамлекеттик медиасы, анын ичинде өкмөттүк ИРНА маалымат агенттиги ырастагандай, Сириянын чыгышындагы Албу Камал районундагы лагерди бутага алган Тегерандын ракеталык соккусунан бир нече согушкер мерт болду.

Өлкөнүн тандалма аскердик түзүмү болуп эсептелген Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусунун 1-октябрдагы билдирүүсүнө караганда, ракеталык соккуда “Аваздагы террористтик кылмыш үчүн жоопкерлердин баш кеңселери бутага алынды”.

Албу Камал. Архивдик сүрөт.
Албу Камал. Архивдик сүрөт.

Расмий маалымат боюнча Ирандан Сирия тарапка "жер-аба" тибиндеги баллистикалык ракеталардын кеминде алтоо атылган. Алар Ирандын 800 чакырымга чейин уча алуучу “Zolfaghar”, “Qiam” баллистикалык ракеталары. Ал эми ракеталар тийди деп эсептелген Албу Камал - Сириянын чыгышындагы Деир-эз-Зор провинциясындагы, чөлдүү аймакта жайгашкан шаарча.

"Ракеталардын бери дегенде бирөө бутага жетпей эле Ирандын өзүнүн Керманшах провинциясынында кулап түштү" деген маалыматтарды бул аймактын жетекчилиги төгүндөдү.

Иран баллистикалык ракетасын сынаган учур. 9-март, 2016-жыл.
Иран баллистикалык ракетасын сынаган учур. 9-март, 2016-жыл.

​Ал эми Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы аттуу уюмдун маалыматы боюнча Ирандын ракеталары Албу Камалдын жанында, “Ислам мамлекети” тобу көзөмөлдөгөн аймакка түшкөн.

Ирандын бийлиги “Аваздагы террористтик кылмыш” дегенде быйыл 22-сентябрда болгон кандуу окуяны эске алып жатат.

Анда Аваз шаарында 1980-88-жылкы Иран-Ирак согушунун кезектеги жылдыгына арналган аскердик парад учурунда куралдуу адамдардын огунан кеминде 24 кишинин өмүрү кыйылып, 60тан ашууну жарадар болгон.

Кол салуу үчүн “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу, ошондой эле ирандык арабдардын “Аваз улуттук каршылык көргөзүү кыймылы" деген уюм жоопкерчилик алган. Бирок бул эки топ тең өздөрү чабуул койгонуна так далил келтирген эмес.

Расмий Тегеран болсо "араб согушкерлерине колдоо көргөзгөн" деп Сауд Арабиясы менен Бириккен Араб Эмираттарын жана АКШны күнөөлөгөн:

Хассан Роухани.
Хассан Роухани.

- Аймактын АКШ колдогон тактеке өлкөлөрү жана Кошмо Штаттар өзү аларга шыкак берип, бул кылмыштарды кылышына мүмкүнчүлүк тартуулоодо,-деп ырастаган эле Ирандын президенти Хассан Роухани чабуулдан кийинки сөзүндө.

Тегерандын Аваздагы окуя боюнча айыптоосун АКШ “орунсуз” деп четке каккан, ага тиешеси жоктугун Сауд Арабиясы менен Бириккен Араб Эмираттары да белгилешкен.

Мамлекеттик теле Сирияны карай атылар алдында көргөзгөн ракеталардын биринде “Ал-Сауддун үй-бүлөсүнө өлүм”, “Америкага өлүм”, “Израилге өлүм” деп да жазылган.

Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусунун билдирүүсүндө болсо алар Сириянын чыгышында сокку урган согушкерлерди “аймактык державалар жана АКШ” колдоп жатканы айтылат.

Ал эми АКШ Ирандын өзүн Жакынкы Чыгыштагы жана дүйнөдөгү терроризмдин башкы демөөрчүсү деп эсептейт. Бул Мамлекеттик департаменттин 19-сентябрдагы соңку баяндамасында да көргөзүлгөн:

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

- Биз терроризмдин дүйнөдөгү негизги демөөрчүсү планетадагы эң опурталдуу куралга ээ болушуна жол бере албайбыз. "Америкага өлүм!" деп кыйкырган, Израилди жок кылуу менен коркуткан режимге өзөктүк дүрмөттү дүйнөдөгү кайсы шаарга болсо да жеткире алгыдай каражатка ээ болушуна жол бере албайбыз. Биз Ирандын режими агрессиясын улантып жаткан шартта аны изоляциялоого бардык мамлекеттерди чакырабыз, биз бардык өлкөлөрдү Иран элин колдоого үндөйбүз. Анткени алар болгон күч-аракети менен диний жана укуктук тагдырын кайтарып алууга умтулуп жатышат. Иран келишими анын лидерлери үчүн күтүүсүз болгон. Ал келишимден кийинки жылдары өлкөнүн аскердик бюджети 40% арбыды. Диктатура бул каражатты өзөктүк дүрмөтү бар ракеталарды жасоо, ички репрессияларды күчөтүү, терроризмди, Сирия менен Йемендеги хаосту жана кыргынды каржылоо үчүн колдонду, - деген эле президент Дональд Трамп өткөн аптада БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөндө.

Иран Сирияда жарандык согуш тутанган 2011-жылдан бери эле президент Башар Асаддын режимине, ал эми Йемендин жарандык согушунда хусит козголоңчуларына жардам берип келатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG