Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:44

Ирандын өзөктүк келишими талкууда


Ирандын өзөктүк келишимине байланыштуу Вашингтон менен Тегерандын мамилеси чыңалып турат.

13-майда Британиянын, Франциянын жана Германиянын тышкы иштер министрлери Брюсселде Ирандын өзөктүк программасына байланышкан акыркы жагдайларды талкуулап жатышат. Бул үчүн АКШнын мамлекеттик катчысы Май Помпео да Брюсселге келди. Вашингтон Ирандын өзөктүк келишиминен былтыр чыгып кеткен, ал эми Кытай, Орусия жана Европанын үч өлкөсү - Британия, Франция жана Германия - аны сактап калыш керек экенин билдирип келатышат.

Расмий Лондондун, Париждин жана Берлиндин өкүлдөрү Брюсселде Иран менен дүйнөлүк державалардын ортосунда 2015-жылы түзүлгөн өзөктүк келишимди сактап калуунун жолдорун талкууламак болушту.

Федерика Могерини.
Федерика Могерини.

«Биз мурдагыдай эле Иран менен түзүлгөн өзөктүк келишимди толук колдойбуз. Бүгүн мен жана Франциянын, Германиянын, Улуу Британиянын тышкы иштер министрлери Иран менен түзүлгөн өзөктүк келишимди толук колдоону талкуулаш үчүн жолугушканы жатабыз. Анткени бул келишим - биздин аймакта коопсуздуктун негизги таянычы. Ошондой эле ал дүйнөдө өзөктүк куралды жайылтпоодогу негизги кадам», - деди Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини.

13-майда АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео да Брюсселге келди. Ал да Британия, Франция жана Германиянын башкы дипломаттары менен «зарыл иштер», анын ичинде Иран маселесин да талкууламакчы. Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини Майк Помпеонун келери тууралуу түндө гана укканын, андыктан так күн тартип жок экенин билдирди.

Өткөн аптада АКШ Иранга карата алюминий, болот, темир жана жез өндүрүүгө байланыштуу жаңы санкцияларды киргизген. Бул санкциялар Иран өзөктүк келишим боюнча айрым милдеттенмелерин аткарууну токтоторун жарыялагандан кийин киргизилип жатат.

Жавад Зариф.
Жавад Зариф.

«Ислам Республикасы былтыр АКШнын кадамдарына карабастан, өзөктүк келишим боюнча өзүнүн бардык милдеттенмелерин аткарды. Азыркы кабыл алынган чечим өзөктүк келишимге каршы эмес, аны ишке ашырууга багытталган кадам. Биз бул чечимди андан чыгып кеткен америкалыктардан улам эмес, келишимдин алкагында кабыл алдык. Эми макулдашууда калган өлкөлөрдө, айрыкча Европа мамлекеттеринде өз милдеттенмелерин аткарууга мүмкүнчүлүк бар», - деди Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф.

Ирандын өзөктүк программасын чектеген мунасага дүйнөнүн алты өлкөсү 2015-жылы жетишкен. АКШ, Франция, Британия, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын токтотмок. Бул үчүн Ислам Республикасына салынган санкцияларды жоюу каралган. 2018-жылы АКШнын президенти Дональд Трамп келишимди сынга алып, «Тегеран милдеттенмелерин аткарбай жатат» дегендиктен Кошмо Штаттар макулдашуудан чыгып кеткен. Андан бери Кошмо Штаттар Иранга каршы экономикалык санкцияларын бир канча баскыч менен калыбына келтирип, акыркы жумаларда Иран менен Кошмо Штаттардын мамилеси чыңалып турат.

13-майда АКШнын Багдаддагы элчилиги өз жарандарын «чыңалган кырдаалга» байланыштуу Иракка барбай турууга чакырган билдирүү таратты. 12-майдагы сунуш түрүндөгү маалымат Кошмо Штаттар менен Ирандын ортосундагы кырдаал чыңалып турган кезде чыкты. Бирок Багдаддагы элчилик эмне үчүн мындай билдирүү таратып жатканын билдирген эмес.

Өткөн аптада күтүүсүздөн Багдадга барган АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Ирактын расмий адамдары менен жолугуп, аймактагы кырдаалды жана Иран маселесин талкуулап жолугушуп кеткен.

Ал арада Кошмо Штаттар Перс булуңундагы жана Жакынкы Чыгыштагы күчтөрүн бекемдей баштады. АКШ Ирандын болжолдуу коркунучтарына каршы туруш үчүн Катардагы америкалык аскердик базага B-52 үлгүсүндөгү бомбалоочу учактарын алып келди.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG