"Мээрим" гуманитардык миссиясынын алкагында Ирактагы согуш лагерлеринен Кыргызстанга былтыр кайтарылган 79 бала туугандарынын колунда тарбияланууда. Балдарды багып жаткан үй-бүлөлөр жөлөк пул маселесин батыраак чечип берүүнү суранышууда. Өкмөт маселени азырынча карай элек.
Араван районунун тургуну Нилуфар (аты өзгөртүлдү) эжесинин Ирактан кайтарылган эки кызын багып жатат. Секелектердин бири мектепте окуса, экинчиси бала бакча курагында. Алардын апасы ал жакта түрмөдө отурат.
"Биздин үйгө акимчиликтен адамдар келип, кандай жашай турганыбызды текшерди. Анан "силер жакшы жашайт экенсиңер жөлөк пул берилбейт, анын үстүнө сиздин пенсияңыз дагы бар экен" дешти. Ошол боюнча эч жакка кайрылган жокмун".
Нилуфар кысым болуп калабы деп бул маселени ачык айтуудан чочулай турганын айтат. Ошондуктан ал жөлөк пул чыкпаса деле тынч жашасак болду деген ойдо.
Ага окшоп жөлөк пул ала албай жүргөн камкорчулар көп. Бирок балдардын жана өздөрүнүн коопсуздугу үчүн алар бул маселени көтөрүүнү туура көрбөйт.
Көпчүлүк камкорчулар маек берүүдөн да чочулап, баш тартышты. Шахсонам (аты өзгөртүлдү) гана анонимдүү түрдө маалымат берүүгө макул болду.
Ал Ирактан келген төрт баланы тарбиялайт. Анын бирөө сиңдисинин, үчөө эжесинин балдары. Мындан сырткары өзүнүн үч баласы бар. Жолдошу экөө жалпысынан жети баланы багып жатат.
“Биз учурда кайната, кайненемдер менен бирге турабыз. Күйөөмдүн туруктуу жумушу жок. Дыйканчылык менен алектенет. Мен болсо балдарды карап үйдө отурам. Чындыгында жети баланы багуу кыйын. Ар биринин түйшүгү, өзүнө жараша мүнөзү бар дегендей. Колдон келишинче тилин таап, тарбия бергенге аракет кылып жатабыз. Капыстан эле төрт баланы карматып коюшса чочуйт экенсиң. Бизди башында даярдап, балдарды алып келишерин айтып жүрүшкөн. Бирок иш жүзүндө баары башкача болот экен. Кайнатам менен кайненем балдарды жакшы кабыл алып, көмөк көрсөтүп жатат. Бирок маселе айланып келип эле каражатка такалат экен. Балдардын аталары кайда экени белгисиз".
Шахсонамдын билдирүүсүндө, балдардын энелери Иракта түрмөдө отургандыктан акчалай жардам бере албайт.
"Эжем менен сиңдим балдары менен дээрлик күн сайын сүйлөшүп турат. Ишенсеңиз, балдарга ушунчалык кыйын. Күндө сүйлөшкөндө "качан келесиз?" дешет. Эжемдин беш жаштагы баласы күндө апасын сагынып ыйлайт. Бала түшүнбөйт экен да. Айрым учурларда "биздин жаныбызга келбесең, сүйлөшпөйбүз" деп ары карап отуруп алышат. Энелери болсо үнсүз жылмайып, көз жаш төгүшөт. Балдарда эч күнөө жок, жаш туруп тагдырдын оор сыноосун башынан өткөрүп жатышат".
Ал жакындарынын согуш аймагына кантип кетип калганын айтып берди:
"Сиңдим менен атам Орусияга иштегени барып, ошондон ары Сирияга кетип калышкан. Эжем менен жездем Түркияга иштөө үчүн кеткен бойдон дайынсыз болчу. Апам болсо алардын артынан издеп кеткен. Эжем менен апамдын тирүү экендигин балдарды бул жакка алып келишерде гана билдим. Көңүлүндө кири жок, аруу наристелерди башка бирөөлөрдүн колуна берүүгө жүрөгүң чыдабайт экен. Бага албай кыйналып жатам десем, мамлекет менден тартып алып коебу деп корком. Кыйналсам дагы чыдап жатам. Бир туугандарымдын балдары. Жакында кайнимди үйлөнттүк. Ал келинчеги менен эки бөлмөлүү үйдө турат. Кайнатам менен кайненем дагы үйдүн эки бөлмөсүндө жашайт. Биз жолдошум экөөбүз балдар менен бир бөлмөдө баш калкалап калдык. Анткени, биз бөлүнүп чыгып кете турган үй-бүлөбүз. Азырынча баарыбыз бир короодо турабыз. Айылдын башка жагында жерибиз бар. Ошол жакка үй тургузган элек. Толук бүтө элек болгондуктан көчүп чыга албай жатабыз".
Шахсонам балдар Кыргызстанга адеп келгенде түнт болушканын, азыр мектепке барып, эл менен аралашып кыйла өзгөрүшкөнүн айтып отурду.
Психологдор атайын үйгө келип иштешпесе да, мектепте мугалимдер балдарга көмөк көрсөтүп жатканын билдирди.
“Мектепте жакшы окуйт. Айрыкча эжемдин кызы тыпылдап сабактарды ийгиликтүү өздөштүрдү. Баары орус мектепте окушат. Башында сабактарды түшүнбөй кичине кыйналышты. Акырындап үйрөнүп жатышат. Жолдошум экөөбүз дагы сабактарына үйдөн жардам беребиз. Тил билип, билимдүү болуп чоңоюшса дейбиз. Ошондо бир туугандарым көргөн аянычтуу тагдырды кайталабай калышабы деп үмүттөнөбүз. Жетишпестиктин айнынан өкмөткө жөлөк пул сурап көп жолу кайрылдым. Эч кандай майнап чыкпай келет. Акыркы жолу барганымда "жолдошуңуздун атында автоунаа бар экен" деп бербей коюшкан. Негизи, тирилигибиз ошол машине менен өтөт. Кыштын күндөрү дыйкандарга иш жок болгондуктан, күйөөм ошол "Портер" менен жүк ташып акча табат”.
Араван районунун Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын маалыматына ылайык, Ирактан келген балдарды камкордугуна алган төрт үй-бүлө айына 810 сомдон жөлөк пул алат. Аларга катардагы кыргызстандыктар сыяктуу эле аз камсыз болгон үй-бүлө катары жөлөк пул чегерилет.
"Биз жөлөк пул чыгарып берүү учурунда алардын турмуш-шартына карап баалайбыз. Эгер автоунаасы бар же турмуш-шарты жакшы болсо берилбейт. Ал эми аз камсыз болгон камкорчуларга "үй-бүлөгө көмөк" аттуу 810 сомдук жөлөк пул ай сайын берилип турат", - дейт райондук балдарды коргоо жана үй-бүлөнү колдоо бөлүмүнүн башчысы Мирлан Тургунбаев.
"Прогресс-Араван" коомдук фондунун өкүлү Азизбек Усманов Ирактан алып келинген балдардын камкорчуларынын баары жөлөк пулга муктаж экендигин белгиледи.
"Балдарды карамагына алган үй-бүлөлөрдүн көпчүлүгүнүн туруктуу киреше булагы жок. Айылда дыйканчылык, устачылык менен жан баккандар. Кээ бир балдар чоң эне, чоң аталарына берилген. Ал адамдар болсо өкмөттөн алган пенсия менен күн көрөт. Ошондуктан бул балдардын баарына өкмөт тарабынан жөлөк пул берилсе жакшы болмок. Азыркы учурда алар ата-энеси жанында жок балдар. Аталары Сирияда каза болгон болушу мүмкүн же дайынсыз. Айрымдарынын апалары Ирактагы түрмөдө отурат. Алардын ичинде өмүр бою эркинен ажыратылгандар, өлүм жазасына өкүм кылынгандар бар. Башкача айтканда, апалары тирүү болсо дагы буларды каражат жагынан камсыздай албайт. Бул жагдайларды биздин мыйзамдар менен тастыктап берүү мүмкүн эмес. Ошол себептен өкмөт бир жолун таап, балдарга ата-энеси дайынсыз деген критерий менен түзүгүрөөк жөлөк пул чегерип берсе жакшы болмок".
Араван районунун акими Сейтек Кулубаев Ирактан алынып келген балдарга ата-энеси дайынсыз же ата-энесинин биринен ажыраган деп жөлөк пул чегерүү мүмкүн эмес экендигин айтат. Анткени балдардын атасы каза болгондугу тууралуу тастыктама кагаз жок.
"Биз балдарды мектепке, бала бакчаларга жайгаштырдык. Алар ата-энесиз кайткандыгы баарыбызга маалым. Бирок атасынын каза болгондугу тууралуу тастыктамасы жок жөлөк пул чегерүү мүмкүн эмес. Андыктан бул маселе Социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан каралышы керек. Биз колубуздан келген көмөктү көрсөткөнгө аракет кылып жатабыз", - дейт ал.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин “Азаттыкка” берген маалыматына ылайык, репатриацияланган балдарды карамагына алган үй-бүлөлөргө мамлекеттик колдоо жалпы негизде жүргүзүлөт.
Башкача айтканда, репатриацияланган балдар өзүнчө категорияга бөлүнгөн эмес. Бүгүнкү күндө 32 үй-бүлөдө 79 бала жашайт. Алардын ичинен 15 үй-бүлө 26 балага 810 сомдук "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алат.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон.
"Ислам мамлекети" террордук тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган. Ирактан балдар кайтарылганы менен Сириядагы жарандарды алып келүү иши жүрө элек.
Бул эки мамлекеттеги жаңжалга катышканы барган эркектердин көпчүлүгү каза болуп, аялдары жана балдары качкындар лагерлеринде же түрмөлөрдө калган.
Кыргызстан Ирактагы качкындар лагерлеринен "Мээрим" гуманитардык миссиясынын алкагында 79 кыргызстандык баланы былтыр март айында алып келген. Алардын кичүүсү үч, улуусу 18 жашта болгон. 37си Ирак, Сирия жана Түркияда туулганы айтылган.