БУУнун маданият уюму мындай кайрылууну 1-июлда Бонн шаарында өтүп жаткан жыйында жасады. Жихадчылар акыркы бир жыл аралыгында Ирак, Сирия, Ливия жана Йемендеги көөнө археологиялык эстеликтерди таш-талкан кылышкан.
“Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун жоочуларынын түрдүү өлкөлөрдөгү баалуу маданий мурастарды кыйратуусу ЮНЕСКОну мындай кыянатчылыкка каршы эл аралык коомчулукту чечкиндүү чара көрүүгө чакырууга мажбурлады.
Көөнө эстеликтерди сактоо - уюмдун Бүткүл дүйнөлүк мурастар комитетинин 39-сессиясынын күн тартибиндеги негизги маселе. Аталган жыйын 28-июнда Бонндо ачылды жана 8-июлга чейин уланат. Анын ачылышында сүйлөгөн ЮНЕСКОнун башкы директору Ирина Бокова жихадчылар көөнө эстеликтерди атайылап кыйратып, музейлерди талап-тоноп жатышканын баса белгиледи:
- Бүгүн Сирияда, Иракта, Ливияда, Йеменде жана Малиде мурастарга чабуул жасалууда. Биз маданий мурастар чексиз масштабда аёосуз жана атайылап кыйратылып жатканын көрүүдөбүз. Адамзат цивилизациясынын бешиги - Месопотамия өрттөлүп, күлгө айлантылды. Мосул, Нимрут, Хатра, Алеппо – мунун баары ислам жаратмандыгынын, адамзат тарыхындагы маданий диалогдордун күбөлөрү. Анын баары кыйратылды. Дүйнөлүк мурас жайлар согуштук максатта пайдаланууда.
Орто кылымдык халифатты курууга бел байлаган жихадчылар маданий дөөлөттөрдү бүлүнтүү менен адамдарды түп уңгусунан ажыратууну көздөйт. Алар Ирактын 2000 жыл илгери курулган Хатра шаар-сепилиндеги байыркы эстеликтерди быйыл жазда барскандап талкалашкан.
ЮНЕСКО 1-июлда Хатраны биротоло кыйроо коркунучу астындагы Дүйнөлүк мурастардын тизмесине кошту. Бул шаардын мунаралуу калың дубалдары 116 жана 198-жылдары байыркы римдиктердин жортуулуна туруштук берген.
Береги тизмеге Йемендин борбору Сананын Эски шаар жайгашкан бөлүгү жана Шибам шаары киргизилди. Өлкөдө сунниттер менен шииттер ортосунда жүрүп жаткан согуштан улам Сананын Эски шаарындагы ал-Касими маалеси жана 12-кылымда курулган ал-Мехди мечити да катуу жабыркаган.
Чеп коргон менен курчалган Шибам шаары 16-кылымда курулган жана шаарды пландоонун эң эски үлгүсү саналат. Калаа мунара сыңары курулуштары үчүн “Чөлдөгү Манхеттен” деп аталган. Аталган жайларды ЮНЕСКО мурда эле Дүйнөлүк мурас деп жарыялаган.
Ирина Бокованын айтымында, маданий мурастарды жок кылуу жихадчылар жүргүзгөн “маданий тазалоонун”, этностук жана диний азчылыктарды куугунтуктоонун бир бөлүгү болуп саналат.
Исламды туу туткан согушчандар жакында эле Сириянын эзелки Палмира шаарындагы эки сагананы да кыйратышкан. Байыркы ассириялыктардын Ирактын Нимруд шаарындагы эстелик жайларын, ошондой эле Мосулдагы музейдин ондогон экспонаттарын чагып, талкалап салышкан. Жихадчылардын адамдар жүздөгөн кылымдар аздектеп сактап келген тарыхый мурастарды талкалап жок кылуусу, ЮНЕСКОнун башкы директорунун сөзү менен айтканда, алардын “наадандыгынын жана караңгылыгынын” натыйжасы.
"Болочокто башка да байыркы маданий эстеликтерди согушчандардын бүлүнтүп-талкалоосунан сактоого Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши да чоң маани бериши абзел" деп айтылат Бонндо жасалган кайрылууда.
Бонндогу жыйында бардыгы 36 табигый жана маданий жайга Дүйнөлүк мурас макамын берүү жагы каралат.