Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:18

Бишкек мэринин дымактуу пландары


Азиз Суракматов.
Азиз Суракматов.

8-августта Бишкектин шаар башчысы болуп Азиз Суракматов шайланган.

«Азаттыкка» баш калаанын жаңы жетекчиси шаарды өнүктүрүү, жөө кишилер жүрчү жолдор, борбордогу акы төлөнүүчү токтотмолорду салуу, муниципиалдык транспорт ишканаларынын кирешелерин көбөйтүү үчүн электрондук билет системасын киргизүү тууралуу айтып берди.

«Азаттык»: Мэриянын ишин мактагандар пайда болду. Мэрия шаарды өнүктүрүү боюнча алдына кандай максаттарды коюуда?

Суракматов: Мактоо деле жок, биз аткарылып аткан иштерди чагылдыруу аракетиндебиз. Шаардык кеңеш баш калаанын жаңы бюджетин бекитип бергенден кийин азыр 2019-жылдын планын түзүп жатабыз. Алдыда жасай турган иштерибиз дайын.

«Азаттык»: Бир жылга эсептелген кыска саясат эмес, узакты мелжеген шаарды өнүктүрүүнүн жалпы стратегиясы барбы? Же ансыз эле жолдор салынып, скверлер жасалып, жашылдандыруу маселеси чечилип жатабы?

Суракматов: Мыйзам боюнча шайлангандан кийин мэр өнүгүү программасын шаардык кеңештин кароосуна коюшу керек. Андай иш жүрүп жатат. Бардыгын – экономика, каржы, коммуналдык турак жай, социалдык чөйрө жана башка тармактарды - эсепке алуу менен жалпы программаны түзүп жатабыз.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Алгачкы кадам – жергиликтүү бюджеттин кирешесин көбөйтүү. Билесиз, президент жер-жерлерде бийликти күчөтүүнү, жергиликтүү жамааттарды, муниципалитеттерди - баарын өз жеринде өнүктүрүүнү тапшырган. Буга жетиш үчүн биз киреше бөлүгүн көтөрө алсак, жолдорду салып, шаарды жакшыртып, жашылдандырып, көчөлөрдү жаркыратып, социалдык блокту – мектептерди, бала бакчаларды, спортту өнүктүрөбүз.

«Азаттык»: Өнүккөн шаарларда жөө жүргөндөргө шарт түзүүнү ойлошот. Качан Бишкек ошондой шаар боло алат?

Суракматов: Биз азыр Токомбаев менен Масалиев проспекттеринде жөө жүргүнчүлөр үчүн жол салып жатабыз. Ал өзү жети чакырымдык жол. Көргөндүрсүз, жолдун 70% бүтүп калды. Ал жерде велосипед жолу, эки көпүрө салынат, жака-бели жашылдандырылып, отургучтар коюлат, жөө басканга, отурганга ыңгайлуу жер болот. Манас проспектисине велосипед жолун салыш үчүн көп дарактарды кыйып, жашыл тилкени бузууга туура келет экен, бул маселени азыр карап жатабыз.

Мындан тышкары биз схема даярдап жатабыз. Шарты келишсе велосипедчендер жана жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдорду кура беребиз.

«Азаттык»: Шаардын жөө жүргүнчүлөр үчүн жолу автоунаа кыймылын чектөө, муниципалдык транспорт маселесин чечүү, жөө жүрчү жолдорду аныктап, машинелерди токтотуу менен байланышкан. Бул багытта кандай иштер болуп жатат?

Суракматов: Жөө жүргүнчүлөргө сөзсүз эле чоң көчө салып коюу зарыл эмес. Сиз ал жерде автоунаа кыймылына тыюу салууну айтып жатат окшойсуз. Дүйнөдө машине кирбеген, баары жөө адамдарга гана берилген кең аянттар бар. Андай жерде соода-сатык жайлары арбын болушу керек, дүкөндөр, оюн-зоок жайлары, кафе-ресторандар, шаардыктар ал жерде эс алып кетишет. Ошондой жерге Орозбеков көчөсүн алалы деген ой болду, бирок ал кыска экен. Азыр башка варианттарын карап атабыз, буюрса жакын арада андай жерди таап, шаардыктардын талкуусуна коёбуз.

«Азаттык»: Унаа жагы кандай чечилет?

Суракматов: Биринчиден, биз шаардык автоунааны электрондук билетке өткөрөлү деп атабыз, анда жол кире пластик карта аркылуу төлөнөт. Муну менен биз коомдук автоунаага канча каражат түшкөнүн так билебиз. Бул системаны ачыкка чыгарып алсак, көп адам түшчү коомдук автоунаалардын санын көбөйтүүгө мүмкүндүк алабыз.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ошондой эле биз ишканаларыбыздын кирешесин көбөйтөбүз, азыр болсо шаардык бюджеттен 300 миллион сом коомдук автоунааны колдоп турууга жумшалат. Жагдайды иликтеп жатабыз. Мен үчүн бул олуттуу маселе. Жүргүнчү ташыган менчик компаниялар олчойгон кирешеге марып жатса, коомдук унаа чыгымдардан башы чыкпай отурат! Биз коомдук автоунааны кирешелүү кылгыбыз келет, анын эсебинен көп адам батчу автобустарды, троллейбустарды сатып алабыз.

«Азаттык»: Жакында каттамдан 700 маршруттук автоунаа чыгарылганы кабарланды. Бул маселе кантип чечилет – жол кирени көбөйтүү мененби же муниципалдык унааны арбытуу аркылуубу?

Суракматов: Жол кирени көбөйтүү маселесин Бишкек шаардык кеңеши чечет. Мэрия андай маселени депутаттардын кароосуна коё элек.

«Азаттык»: Шаардын борбордук көчөлөрүн жеңилдетүү жөнүндө кеп болгондо план түзчүлөр коомдук унааны көбөйтүп, токтотмолордон акы алуу маселесин айтып чыгышат. Негизи бул маселе комплекстүү каралышы керек окшойт…

Суракматов: Чынында эле бул өзү комплекстүү маселе. Муну чечиш үчүн мектеп маселесин жөнгө салышыбыз зарыл, себеби жаңы конуштарда, шаар четиндеги жерлерде мектеп жетишпейт. Азыр Бишкекте 160 миң бала окуйт, шаардын мектептери 90 миң окуучуга эле эсептелген. Жаңы конуштар менен шаар четинде жашагандар балдарын борборго алып келишет, автоунаалардын агымын азайтыш үчүн жаңы конуштар менен шаар четинде мектеп менен бала бакчаларды арбын куруш керек.

Мындан тышкары, шаардын борборундагы токтотмолорго акы төлөөнү киргизиш керек. Белгилүү мамлекеттик мекемелердин, органдардын кызматкерлери, ишкерлер эртең менен машинесин Киев көчөсүнө токтотуп ишке кирип кетишет, кечки саат сегизде жумуштан чыгышат. Алардын машинеси жолдун бир жагын ээлеп кечке турат. Машине турганы үчүн эээси акча төлөшү керек. Бул маселени азыр карап жатабыз. Машинесин жолдун четине токтотсо турган сааты үчүн төлөшү керек.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыймыл көп Манас проспектинде, Абдрахманов, Киев, Токтогул, Ахунбаев, Фрунзе, Жибек Жолу, Горький көчөлөрүндө токтотконго балким саатына акы төлөөнү киргизебиз. Ошондой жобонун долбоорун Бишкек шаардык кеңешине киргизебиз. Долбоор даяр, шаардык кеңештин депутаттары кабыл алып берсе, биз карайбыз. Мунун эсебинен бюджеттин кирешесин көтөрүп, шаар көчөлөрүн жеңилдетебиз.

Ушинтсек шаардыктар «машине токтотчу жер жок, бизге чоң, көп кабаттуу токтотмо кургула” дешет. Бул маселеде орток пикирге келип туура, ойлонулган чечим кабыл алышыбыз керек.

«Азаттык»: Бишкектеги мыйзамсыз курулуштар маселеси кандай чечилүүдө?

Суракматов: Бишкек шаары боюнча мыйзамсыз курулуштар бар. Биздин тийиштүү кызматтар, Мамэкотехинспекция, шаардык прокуратура, Финансы полициясы бул ишти көзөмөлгө алышат. Мыйзамсыз курулушун баштап алган объектилер боюнча чара көрүлүүдө, кылмыш иштери ачылып, лицензиясы алынууда. Биз да өз кезегинде мыйзамсыз курулушка жол бербөөгө аракет кылып жатабыз. 47–48 ири объекти мыйзамды бузуу менен курулуп жатканы тууралуу маалыматтар бар.

«Азаттык»: Cоциалдык тармактарда ошол эле Орозбеков көчөсүндөгү жер жакын тууганыңыз Жаныш Кудайбергеновго таандык экенин жазып жатышат. Башкы прокуратуранын мурдагы имаратынын ордун сквер кылуунун артында сиздин жеке же үй-бүлөлүк кызыкчылыгыңыз жаткан жокпу?

Суракматов: Ага сквер эмес, токтотмо маанилүү. Тууганым экени, ресторандары бар экени чын. Бизнес кылганына көп болду, Башкы прокуратуранын имаратынын ордуна көп кабаттуу токтотмо курулушу керек экенин кыйладан бери айтып келатат. Анткени анын ресторандарынын алдында машине көп, дайыма тыгын. Биз болсо сквер жасайлы деп жатабыз, ал мунубузду жактырбасын билем, бирок биз сквер деп турабыз.

«Азаттык»: Кыймыл кайнаган жерди сквер кылыштын кажаты барбы, өзүн актайбы?

Суракматов: Бул жерди баары карап турушат. Аны чечүүнүн үч жолу бар: алдына токтотмо куруп, үстүн сквер кылуу; муниципалдык объект куруу; бизнес-долбоорго берип коюу. Учурдагы жагдайга карап, баарын талдап көрөбүз. Депутаттардын, ишкерлер жамаатынын, жарандык коомдун пикири бар. Чечим кабыл алаарда баарын эске алабыз, бирок баарына жакпайсың.

«Азаттык»: Уланбек Эгизбаев Айтматов менен Масалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн курулушуна байланышкан жагдайды иликтеген эле. Ошол участоктор боюнча маселе кандай чечилүүдө? Мыйзамсыз курулуш эмеспи?

Суракматов: Менин билишимче бул маселени укук коргоо органдары териштирүүдө. Кандайдыр сот процесси да башталган болуш керек. Укук коргоо органдарынын ишине, анан да маселе сотто каралып жатканда кийлигишкенге Бишкек мэриясынын укугу жок. Ошондуктан жыйынтыгын күтөбүз. Менимче, тергөө ким туура, ким туура эмес экенин көрсөтөт.

«Азаттык»: Сиздин шаардык кеңешке, төрага Жаныбек Абировго мамилеңиз кандай? Ал да ишкер экенин айтышат. "Абировдун атасы Бишкек ЖЭБине көмүр алып келчү кишилерден" дегени туурабы? Шаардык кеңешке курулуш бизнесинен келгендер топтолуп алган эмеспи?

Бишкектин пландарынын бири.
Бишкектин пландарынын бири.

Суракматов: Курулуш бизнесине тийиштүү эки-үч киши бар. 45 депутаттын арасында бул көп деле эмес, кеңеште бардык тармактардын өкүлдөрү бар. Социалдык, коммуналдык кызматкерлер, бизнес өкүлдөрү бар. Мисалы, Валентина Михайловна Лесниченко – мугалим болуп иштеген. Дарыгерлер, социалдык кызматкерлер бар. Сапаттык жагын караңыз, бардык тармактар камтылган - курулуш, коммуналдык турак жай, социалдык... Баары чогуу иштешет, жалаң эле бизнес же курулуш жагын карашпайт.

«Азаттык»: Мен кызыкчылыктарды колдоону айтып жатам…

Суракматов: Көрүп аткандырсыз, кызыкчылыктарды колдоо депутаттар арасында кездешет. Ал Жогорку Кеңеште деле бар. Ар бир фракция же депутат убада берсе - аны аткарышы керек. Салык чогултуу базасы кеңейиши үчүн бизнести өнүктүрүш керек экенин жакшы билебиз, шаар бюджетин көбөйтүшүбүз зарыл. Шаар бюджетин көбөйтүүнүн булагы – бизнес. Бизнес канчалык мыкты иштесе, бюджет ошончолук көбөйөт, бюджет көбөйсө жолдорду көп салабыз, мектеп менен бала бакчаларды курабыз. Буга өтүшүбүз керек.

Бир кезде бизде жеңил өнөр жай өндүрүшү жакшы иштеген. Кийин ага баары асылып, ар кыл салыктарды ойлоп таап, бизнести өлтүрүштү. Алар бизнесин чыгарып кетишти, азыр башка жакта. Азыр курулушчуларга катуу чабуул коюлууда. Анын кандай зыяны бар, бизнес өсүп атса, жумушчу орундар ачылып, салык төлөшсө? Эмнеге аларга тоскоолдук кылышат? Жардам беришибиз керек эле, салыгын төлөп атса, баары мыйзамдуу болсо... Бизнеси жүрүшүп аткандарды гана ойлойбуз, иши жүрүшпөй жатканда эстебейбиз деле. Баары жакшы болгондорду баса калып, тоскоол кылып жатып калабыз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG