Конуштун жака-белинде бир топ көлмөлөр бар. Тургундар аларды тосуп же жаап салуу өтүнүчү менен буга чейин бир нече ирет кайрылышканын айтып, жергиликтүү бийликке нааразылык билдирүүдө.
2-март күнү Бишкектин четиндеги Мурас-Ордо жаңы конушунда беш бала үстү тоңуп калган көлмөдө ойноп жатып сууга түшүп кеткен. Куткаруучулар суудан 9 жана 11 жаштагы эки баланын сөөгүн алып чыгышкан.
Жергиликтүү тургундар алар бир туугандар экенин айтышты. Эжеси инисин куткарам деп артынан түшүп кеткен экен. Конуштун тургуну, квартал башчысы Чынара Жээналиеванын белгилешинче, ошол учурда беш бала үстү тоңуп турган көлмөнүн ортосуна чейин барган:
"Ушул жылы эле беш жаштагы бала көлмөдөгү ылайга тыгылып чыга албай калып, сөөгүн 1,5 күндө араң табышты. 2-мартта эле муз тебебиз деп көлдүн үстүнө барып, муз жарылып кеткенде бири-бирин куткарабыз деп иниси менен эжеси каза болуп калды. Буга чейин бул маселе козголуп, жашоочулар көлдү таптакыр жок кылууну да талап кылышкан. Бирок бийлик өкүлдөрү "азырынча муну тосуп турабыз" дегенче эле экинчи кырсык болду. Үчөөнү жергиликтүү тургундар куткарып калышты. Азыр комиссия карап жатат деген менен, кооптуу жагдай ошол бойдон эле турат. Бала деген бала экен. Мындайынан тыйсаң, башка жагынан чыгат. Үйдөн качан, каякка чыгып кеткенин байкабай каласың. Каза болгон балдардын энеси үй-жай сатып алганга акча иштеп табайын деп Орусияда жүрүптүр. Балдарын улуу кызына табыштап кеткен экен. Муну бир жактуу караганга дагы болбойт. Көр тирлик деген бар".
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, үч баланы жергиликтүү тургундар суудан өз алдынча чыгарышкан. "Тез жардам" аларга жеринен жардам көрсөтүп, үйлөрүнө жөнөткөн.
Бул трагедиядан кийин конуштун жашоочулары жергиликтүү бийликке нааразылык билдирип чыгышты. Алар көлмөнү тосуп берүү өтүнүчү менен тийиштүү мекемелерге буга чейин дагы кайрылышкан.
"Мурас-Ордо ынтымагы" коомунун жетекчиси Кайрат Кыштообаевдин айтымында, конуштун тегерегинде 20дай майда көлмө бар. Ал конуш түптөлө электе пайда болгон көлмөлөрдүн жээгинде балдарга жана тургундарга эскертмелер же коопсуздук эрежелерин түшүндүргөн белгилер коюлбаганын, буга байланыштуу дагы бир топ мыйзам бузуулар бар экенин айтты:
"Мурас-Ордонун тегерегинде 20дай көлмө бар. Андан сырткары алысыраак жайгашкан 70тей көлмө бар дешет. 3-4 жыл мурда айрым тийиштүү өкүлдөргө оозеки жана жазуу жүзүндө дагы кайрылуу жасаганбыз. Алар балык өстүрүшчү экен. Бизге юристтер келип маалымат беришкен. Мурас-Ордо - тургундар басып алгандан кийин түптөлгөн конуш эмес. Бул медицина, милиция, мамлекеттик мекемелерде иштеген адамдарга бөлүнгөн жер экен. Көлмөдөн балык кармабаса, башка пайдасы жок болсо, аны эмнеге кармап отурушат? Ошондо эле эске алышса болмок экен. Азыр интернетте ата-эне балдарды карабайбы деп жатышат. Ата-энелер дагы иштейт, оокат кылат. Балдарды деле дайыма көзөмөлдөй албайт экенсиң. Озерное менен Салкын конушун эске албаганда, Мурас-Ордо конушунда эле 2 миңдей окуучу бар".
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев окуяга комментарий берип, наристелер түшүп кеткен көлмөнү тосуу тапшырмасы 28-январда берилгенин айткан. Ошондон бери тосуу аракети көрүлгөн эмес.
Ушул жылдын 26-январында Сокулук айылынын Октябрь көчөсүндөгү көлмөнүн үстүндө тоңгон музда 2015-жылы туулган үч бала ойноп жатып сууга түшүп кеткен. Алардын сөөгүн ИИМдин жана ӨКМдин кызматкерлери таап чыккан. Ага чейин, 8-январда Балыкчы шаарындагы кѳлмѳдѳ муз тээп жатып сууга түшүп кеткен эки баланы куткаруучулар сактап калууга үлгүргөн.
Удаа катталган трагедия балдардын коопсуздугу, аларды кандай тарбиялоо керектиги тууралуу талкууларга себеп болду. Эксперт Бактыгүл Бозгөрпөева балдарга коопсуздук эрежелерин үйдөн да, мектептен да үйрөтүү зарылдыгын белгилейт:
"Коопсуздукка маани берүү зарыл. Аны мамлекет камсыздашы керек. Экинчиден, ата-эненин кароосуз калгандыктан ар кандай кылмыштарга барган балдар дагы бар. Ар бир ата-эне баласы 18 жашка чыкканга чейин жоопкерчиликти алат. Эң оболу балдарга коопсуздук эрежелерин үйрөтүшүбүз керек. Кичинекей кезинен бейтааныш адам менен сүйлөшпөө керек, денеңе кол тийгизгенге эч кимдин акысы жок, жер титиресе, өрт чыкканда эмне кылуу керек ж.б. деп баарын үйрөтүү зарыл. Өкмөт коопсуздукту камсыздап берсе, бала өзү да тийиштүү эрежелерди сактоого көнүгүшү керек. Тилекке каршы, муну балдарга үйдөн деле, мектептен деле эч ким үйрөтпөйт. Балдар муз жарылып, чөгүп кетиши мүмкүн экенин билбейт, аны ойлобойт дагы. Жер титирегенден кийин гана эрежелерди үйрөтүп, жарыялай башташты. Балдар кар көчсө, өрт чыкса, муздун үстүнө чыкканга зарылдык туулса, эмне кылыш керек деген эрежелерди билбейт. Мектептен дагы коомдо жүрүү, коопсуздук эрежелерин атайын сабакта окутуу керек. Үйдөн ата-эне дагы жоопкерчиликти алып, балага үйрөтүүгө тийиш. Биз азыр жол чырактан өтүү эрежелерин гана айтып жатабыз".
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, быйыл жыл башынан бери сууга чөгүп адам каза болгон 6 учур катталган. Алардын бешөө балдар. Былтыр өлкө боюнча 103 адам сууга чөгүп каза болсо, алардын 40ы 12 жашка чейинки балдар.