Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды алтын сатып алууга чакырды. Ал мындай механизмдер менен инфляция ооздукталып, каржы базарындагы туруктуулук камсыздалат деп ишендирүүдө.
Садыр Жапаров 28-февралда дүйнөдөгү кырдаалга байланыштуу кыргыз экономикасындагы жагдай боюнча кайрылуу жасады. Анда чет элдик валюталарды сатып алып жаткан кыргызстандыктарды Улуттук банктан алтын сатып алууга чакырды.
Өлкө башчысынын айтымында, Кыргызстанда акчасы барлар, чет өлкөдөгү банктарда, үйүндө акча сактагандар көп.
"Каражатты алтынга салуу мүмкүнчүлүгүнө көңүл буруу абдан маанилүү. Биз алтын куймаларын каалаган санда сатып алууну өзгөчө жеңилдеттик. Ар бир валютанын куну качат. Биздин алтындын гана баасы өсөт. Ошол үчүн акчасы бар жарандарыбыз Улуттук банктан алтын сатып алыңыздар. 1 граммдан баштап, 13 килограммга чейинки алтын куймаларын каалаган көлөмдө сатып алсаңыздар болот, чек жок. Башка өлкөлөргө алып чыгып кетүүгө да чек жок. Эч кандай төлөмдөр да жок, ушундай шарт түзүп койдук. Капиталыңарды кагаз акча менен сактагандан көрө алтын менен сактаңыздар. Ошол эле Улуттук банк сактап берет же ар ким кайда сактаса өзү билет. Алтын эч качан кунун жоготпойт", - деди Жапаров.
Президент алтын сатып алган жарандар кайсы убакыт болбосун алтынын кайра Улуттук банкка сатса болорун айтты.
Бул алтын куймаларынын бардыгы 999,9 сынындагы жогорку сапат болуп саналат. Алтын куймасын сатып алууда чектөөлөр жок. Аны чет элдик жарандар да сатып алып, сыртка алып чыгууга укугу бар.
Ушул тапта Улуттук банктын расмий сайтынан 1, 2, 5, 10, 31 жана 100 грамм өлчөмүндөгү алтын куймалары сатыкта турганын көрүүгө болот. 2022-жылдын 1-мартына карата 1 грамм алтын куйманын баасы 7603 сом деп көрсөтүлгөн. Ал эми 100 грамм алтын 580 819 сом деп турат.
Мекеменин маалыматына ылайык, бул баалуу металл өзгөчө коргоого алынып, таңгакка бекитилген. Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева 28-февралда журналисттерге берген маалымат жыйында алтын куймалары тууралуу буларга токтолду.
“Куймалар жетиштүү санда даярдалды. Анын көлөмүн так айта албайм. 1 граммдан 100 граммга чейинки алтын куймаларын 2015-жылдан тартып сатыкка чыгарганбыз. Биз кыргызстандыктарды акчасын алтынга айлантып, сакташына үндөп келебиз. 2022-жылдын 1-февралындан тарта ири көлөмдөгү куймаларды да сата баштадык. Алар 10 килограммдан 13 килограммга чейинки өлчөмдө чыгарылган. Сатып алууну каалаган ар бир жаран Улуттук банктын кеңсесине келип алса болот”.
Карабаева сатыкта турган куймалар кайсы алтындан даярдалганын так айткан жок. Болгону баалуу металлды “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасы менен түзүлгөн келишимдин негизинде Улуттук банк сатып алып жатканын белгиледи.
Мекеме 2015-жылы алтындын куймаларынын алгачкы партиясын сатыкка чыгарганда ага казак алтынынан 45 килограмм чыгымдалганын билдирген. Улуттук банк андан бери элге 303 кило аффинаждалган алтын саткан.
Куймалар Улуттук банк белгилеген сомдун курсу жана Лондон биржасынын күнүмдүк баасы менен сатылат. Мекеменин расмий сайтындагы маалыматта алтындын баасы акыркы бир жылда улам кымбаттап отурганын көрүүгө болот. Маселен, мындан туура бир жыл мурда 1 грамм алтындын куймасы 6231 сомдон сатылып турган. Бүгүнкү нарк 7603 сомду көрсөтүп турат.
Президент Садыр Жапаров алтын сатып алуу чакырыгынан кийин Улуттук банкта алтын сатып алууну каалаган жарандардын кезеги көбөйгөнүн билдирди. Бул тууралуу ал 1-мартта "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.
"Мен кечээ кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, акчасы барларга акчаңарды алтын менен сактагыла, жүздөгөн жылдар бою алтын өз кунун жоготпойт дедим эле. Бүгүндөн баштап Улуттук банкта алтын сатып алууга кезекке тургандар көбөйдү. Туура кыласыздар, чет өлкөлүк банктарда же үйдө кагаз акча менен сактагандан көрө, алтын менен сактасаңыздар, жүз жылдан кийин болсо дагы күйбөйсүздөр. Сом менен доллар өз кунун жоготуп коюушу мүмкүн, ал эми алтын өз кунун эч качан жоготпойт", - деген Жапаров.
Улуттук банктын нак акча менен иш алып баруу бөлүмүнүн башчысы Күмүшай Артыкова алтын куймаларын пайдалануу тартибин айтып берди.
“Ар бир алтын куймасынын таңгагы болот. Ал анын сертификаты коргоочу белгиси болуп эсептелинет. Ошондуктан таңгакты ачпоого сунуштар айтылат. Ачылбаган болсо, кайра сатып алууда маселе жаралбайт. Таңгак бузулса, аны экспертизадан өткөрүүгө туура келет. Ал үчүн баанын 7% алынат”.
Каржы рыногунда алтындын таасири кандай?
Улуттук банк алтын куймасын сатуу менен инфляцияны ооздуктоого жана сомдун чет элдик валютага карата кунун бир калыпта сактоого кызмат кылат деп ишендирип келет. Муну менен экономиканы доллардын таасиринен чыгаруу аракети бар экенин дагы четке какпайт.
Экономист Рустам Сакеев алтындын чет элдик валютага карата катышын чечмелеп берди.
“Президент Кыргызстандагы долларды катып, кармап отургандар көрө иштетиш керек деген ойду айтты. Мен буга толугу менен кошулам. Инвестицияны сырттан эле күтө бербей, ички рычагдарды да колдонуп, улуттук валютанын кунун бекем сактаса болот. Анткени катылып жаткан жашыл акчалар рынокко канча көп кирсе, долларга болгон муктаждык азаят”.
Экономист Эркин Абдразаков алтын куймаларын товар жүгүртүүгө кеңири колдонуу керек деп эсептейт.
"Алтын - кыргыз сомунун курсун туруктуу кармап турууга аз да болсо көмөк көрсөтөт. Ал эч убакта күчүн жоготпойт. Башка валюталардын курсу олку-солку болуп турган учурда алтын аларга туруштук берип, жүгүртүүдө алар менен тең тайлаша алат. Алтындын баасы эч качан кескин арзандап кеткен эмес. Мисалы, Кыргызстанда азыр кыймылсыз мүлктү жана автоунааларды доллар менен соодалашып жатышпайбы. Аларды алтындын куймалары менен сатып же сатып алууга өтүшүбүз керек".
Лондондун биржасындагы алтындын баасы, валюталар курсу сыяктуу эле өзгөрүлүп турат.
28-февралда өлкөдө АКШ долларынын куну дагы көтөрүлүп, орус рубли арзандады. Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда 1 доллар 97 сомго чейин көтөрүлсө, рублдин курсу 70 тыйындан 1 сомго чейин бааланууда.