Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:37

Индонезия менен Түркияда жардыруулар кайталанды


Түркиянын Диярбакыр шаарындагы жардырууда кеминде беш адам көз жуумп, 36 адам жарадар болгону кабарланды. Түркия, Диярбакыр, 14-январь, 2016-жыл
Түркиянын Диярбакыр шаарындагы жардырууда кеминде беш адам көз жуумп, 36 адам жарадар болгону кабарланды. Түркия, Диярбакыр, 14-январь, 2016-жыл

14-январда Индонезиянын борбору Жакартадагы катар-катар жардыруудан жана ок атышуудан кеминде жети адам мерт кетти.

Белине бомба байлаган эки жанкечтинин жардыруусунан бир нече адам жараат алганы кабарланууда. Андан бир канча убакыт мурун, ушул эле күнү Түркиянын Диярбакыр шаарындагы жардыруудан беш адам кайтыш болуп, ондогон адамдар жарадар болду. Анда жергиликтүү полиция бекетинин жанында ичине жардыруучу зат толтурулган автоунаа жардырылган.

Каз катар жардыруулар

Индонезиянын байтактысы Жакарта шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү ар кайсы полиция тосмолорунун жанында бир учурда алты жардыруу болду. Бир жарым сааттан соң шаардын ар кайсы жериндеги жаңы жардыруулар тууралуу маалыматтар түшкөн. Жардыруу болгон аймактагы террорчулар менен ок атышуулар бир нече саатка созулганын “Франс пресс” агенттиги кабарлады. Калаанын чок ортосуна аскерлер кирип, көчөлөргө чопкутталган аскер транспорту жайгашты. Шаардык полицияга шилтеме жасаган "Рейтер" агенттиги бул кол салуулардан жалпысынан алты адам каза тапканын маалымдады. Каза тапкандардын арасында полиция кызматкерлери да бар экени белгиленген. Жакартанын полициясы кубаттуу жардыруунун бири Sarinah соода борборунун каршысында болгонун кабарлады. Ал жердеги жардыруудан каза тапкандардын жана жабыркагандардын саны такталууда. Индонезиянын Metro TV телеканалы бул кол салууга жалпысынан 14 террорчу катышып, жардырууну эки жанкечти ишке ашырганын билдирди.

Индонезиядагы жардыруудан соң
Жакартада кеминде алты жардыруу болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:52 0:00

“Ассошиэйтед пресс” агенттиги окуянын күбөлөрүнүн айтканына таянып, “Старбакс” кафесинин жанында үч жанкечти белине байланган бомбаны жардырганын жана андан башка дагы эки адам кол салууга катышканын жазып чыкты. Жакартанын шаар полициясынын өкүлүнүн айтымында, жардыруу болгон жерден төрт жанкечтинин чачырап кеткен дене бөлүктөрү табылган.

Полицияга аскер бөлүктөрү жардамга келди

Полиция менен атайын кызматтар кол салууну уюштурган болжол менен 14 адамдан турган террорчулар тобунун калган мүчөлөрү изделип жатканын жарыялады. Мына ушуга байланыштуу полиция шаардын борбордук райондорун курчап, жардыруу болгон аймактан адамдарды алып чыгып жатканын кабарланды. Атайын кызматтар кол салган топтун үчөө жок кылынып, төртөө кармалып, калгандарынын изине түшкөнү маалымдалды. Индонезиянын TVOne телеканалы Түркия менен Пакистандын элчилигинин жанында дагы үч жардыруу болгонун билдирди. Андагы адам курмандыктары жана жабыркагандар тууралуу маалыматтар жок. Полиция кырдаал көзөмөлгө алынганын айтууда.

Индонезиянын президенти Жоко Видодо катар-катар жардырууларды үрөй учурган террордук актылар деп атап, кайтыш болгондордун жакындарына көңүл айтты:

Жоко Видодо
Жоко Видодо

- Биз элибиздин тынчтыгын бузган бул теракттарды кескин түрдө айыптайбыз. Мен тиешелүү кызматтарга бул кол салууларды уюштургандарды жана ага байланышы бар кылмышкерлердин бардыгын тез арада таап, кармоого буйрук бердим. Биз бир бүтүн өлкө катары бул кол салуулардан коркуп калбайбыз. Кан ичкич террористтер жообун алышат. Мен калкыбызды башаламандыкка алдырбай тынчтыкты сактоого чакырам. Бардыгы көзөмөлдө болот.

Жакартадагы канды булоондон мурдараак, ушул эле күнү Түркиянын Диярбакыр шаарында күчтүү жардыруу болгону маалымдалды. Андан кеминде беш адам көз жуумп, 36 адам жарадар болгону айтылууда. Ичине жардыруучу зат толтурулган автоунааны жардыруудан жакын жердеги имараттар дагы зыянга учураган. Түркиянын бийлиги бул жардыруу тууралуу азырынча расмий маалымат тарата элек. Бул террордук кол салуу ушул жумадагы Түркиядагы экинчи чоң жардыруу. Мындан эки күн мурун, 12-январда Стамбулдун чок ортосундагы жардыруудан 10 адам каза таап, он беш киши жарадар болгон. Анда каза тапкандардын сегизи германиялык туристтер экени аныкталган.

XS
SM
MD
LG