Кашмир чөлкөмүнүн Индиянын көзөмөлүндөгү бөлүгүндө 28-ноябрда, ишемби күнү, ызгааруу сууктун жана коопсуздук чараларынын шартында жергиликтүү жарандык шайлоонун алгачкы баскычы өткөрүлдү.
Былтыр Индиянын премьери Нарендра Моди жетектеген индуисттердин улутчул партиясынын өкмөтү бул аймактын жарым автономиялуу макамын жоюп салган. Аймактын өзүнчө Башмыйзамы жокко чыгарылып, аймак 2019-жылдан тартып эки башка федерациялык аймакка – Жамму менен Кашмир акимдик чөлкөмүнө жана Ладакх акимдик чөлкөмүнө жиктелген болчу.
Мусулмандар басымдуу көпчүлүктү түзгөн индиялык Кашмир аймагынын калайыгы тополоң чыгарганда, Индия өкмөтү коменданттык саат киргизип, телефондук байланышты убактылуу үзүп, калайыкка ири өлчөмдө ар кыл кысымдарды уюштурган.
Эми бул окуялардан кийин уюштурулган жергиликтүү шайлоолор катаал коопсуздук чараларынын шартында жүргүзүлдү. Добуш берүүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ансыз да аскерге толгон аймакка он миңдеген жоокерлер жөнөтүлдү.
Азыркы добуш берүү үч баскычтуу жүрүмдүн бир бөлүгү болуп саналат. Оболу тургундар өздөрүнүн кыштактарынын өкүлдөрүн тикелей шайлап алышат. Бул өкүлдөр кийин “Ар кыл блокторду өнүктүрүү боюнча кеңештер” деп аталган өнүктүрүү кеңештерин негиздөө үчүн добуш беришет. Жергиликтүү тургундар “Райондорду өнүктүрүү боюнча кеңештер” деп аталган жогорку баскычтагы мекемеге да мүчөлөрдү тикелей шайлашат.
Бирок бул кеңештерге шайланган мүчөлөр өз ооданындагы экономикалык көйгөйлөр, коомдук бакыбаттык маселелери менен гана алектенишет жана алардын мыйзам чыгаруу ыйгарым укуктары болбойт.
Индиянын Кашмир аймагындагы башкаруусуна каршы чыккан жергиликтүү жикчилер мурдагы учурларда мындай шайлоолорду “мыйзамсыз” санап, аларга бойкот жарыялап келишкен.
Шайлоо иштери боюнча комиссар К.К.Шарма аймактын тургундарын өзү “демократиянын эң ири фестивалы” деп атаган бул өнөктүккө жандуу катышып, добуш берүүгө чакырды. Бул добуш берүү райондук өнүктүрүү кеңештеринин 280 мүчөсүн бир нече баскычтан турган шайлоо жүрүмү маалында аныктамакчы.
“Ассошиэйтед Пресс” кабар агенттигине аймактагы ири шаар Сринагардын мусулман тургуну Нажиб Хан маек куруп: “Бул – идеологиялык добуш берүү. Калайык аны (бийликтеги) “Бхаратия Жаната Парти” (“Индия Элдик партиясы”) партиясына каршы референдум катары баалашууда”, – деп айтты.
Жикчил козголоңчулар 1989-жылдан бери бул аймактагы Индиянын үстөмдүгүн кулатуу үчүн уруш жүргүзүп келишет. Кашмирдеги мусулмандардын көпчүлүгү бул аймакты Пакистандын үстөмдүгү астындагы Кашмирдин батыш бөлүгүнө кошууну, же болбосо, өз алдынча мамлекет түзүүнү каалашат.
Индиянын бийлиги Кашмирдеги жикчилерди “Пакистандын колдоосуна ээ болгон террорчулар” деп баалап келет. Пакистандын бийлиги мындай доолорду четке кагууда.
1989-жылдан бери Кашмирдеги куралдуу жаңжалдын айынан он миңдеген карапайым кишилер, жикчилердин жана өкмөттүк аскер күчтөрүнүн өкүлдөрү набыт болушту.
Ал эми бул аймактын батышында “Азад Кашмир” (“Эркин Кашмир”) деп аталган чакан тоолуу аймак жайгашкан.
Иш жүзүндө Азад-Кашмир аймагы Пакистандын көзөмөлүндө турат, бирок расмий Исламабад аны өз алдынча өкмөтү бар өзүн-өзү башкарган чөлкөм катары сыпаттап келет. Азад-Кашмирдин борбору – Музаффарабад шаары.