УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 8-июлда Орхан Инанды тууралуу маалымат берди.
"Орхан Инандыны 2015-жылдан бери бир нече жолу уурдоого аракет болгон. Мен силерге факт келтирем. 2018-жылы КРдин УКМКнын 6-бөлүмү тарабынан криминалдык топтордун Кыргызстанда жашаган түрк жаранын уурдоого аракет болгон деген маалыматтар болгон. 2019-жылы 7-декабрда адамды уурдоо боюнча иш козголгон. Биз бийликке келгенге чейин. Мындан кийин биз ал ким экенин изилдей баштаганбыз. Оперативдүү иш-чарадан кийин башка өлкөнүн жараны өз максатын ишке ашыруу үчүн атайын кызматкерге Себат билим берүү мектептеринин жетекчисин уурдоо үчүн акча сунуштаганы анык болгон. Февралда да аракет болгон. Бирок биз аны артка кайтарып келгенбиз. Бул тууралуу анын аялы, кызматкерлери билет. Алар "февралда үч күн жоголуп кеткен" деп айткан. Ошол куткарып алгандан кийин аны бул жакка алып келип, жансакчы менен жүрүүгө кеңеш бергенбиз. Ал макул болгон. Ооба, биз ар бир жарандын коопсуздугун сактоого милдеттүүбүз. Бирок 6 млн. кишинин ар бирине бирден коргоочу бере албайбыз.
Камчыбек Ташиев: Орхан Инандыда Түркиянын паспорту болгон. 2024-жылга чейин мөөнөт менен алган. Ошол паспорту менен чет өлкөлөргө чыгып турган. Эгер биз бул тууралуу мурда билсек кылмыш жоопкерчилигине тартмакпыз.
Камчыбек Ташиев: Кыргыз жарандарын Орхан Инанды менен салыштырбагыла. Башка мамлекетте кылган кылмышы үчүн кармалып жатат. Кыргызстандын жарандыгын алганы боюнча кылмыш иши козголуп жатат. Түркиянын паспортун колдонуп, ошо менен жашап жүрөт. Сыртынан "кыргыз жаранымын" деп ичинен түрк жараны болуп жүрөт. Кыргызстанда туулуп-өскөн жаран болсо биз ага мыйзам чегинде чара көрмөкпүз.