Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова парламентте депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, “Сапат” билим берүү мекемелери эч өзгөрүүсүз иштей берерин билдирди.
“Сапат” билим берүү мектептери мурдагыдай эле иштей берет. Анткени мектеп Кыргызстандын аймагында жайгашкан, биздин балдар окуп, биздин мугалимдер сабак берип жатат”, - деди ал.
Жогорку Кеңеш 7-июлдагы жыйынында кыргыз жараны Орхан Инандынын Түркияга жашыруун чыгарылып кеткенине байланыштуу күч түзүмдөрүнүн маалыматын угуп жатат.
Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев ички иштер министри Улан Ниязбековго "Инанды жоголгон учурда элчиликтин имаратын текшердиңерби?" деп суроо салды.
“Коопсуздукту караңыздар. Кытай деле учакка салбай тоо-ташты аралатып сүйрөп кетет экен да. Элчиликтин ичин текшердинерби?".
Ички иштер министри Улан Ниязбеков Орхан Инандыга байланыштуу Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган менен аталган мекемеде жолукканын билдирди. Министр элчиликтин имаратын милиция текшерүүгө укугу жок экенин белгилеп, бирок ичин карап чыкканын айтты.
“Элчиси менен жолугуп, кеңсесинде бул маселени талкуулаганбыз. Мен ал жерди текшерсем мыйзамсыз иш кылган болмокмун. Бирок, өзүм ичин карап чыккам”, - деди министр.
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Орхан Инандынын Түркияда табылышына тынчсыздануусун билдирип, "кыргыз жаранынын Баш мыйзамда жазылган укуктары корголушу керек" деди.
“Кайсы улуттагы жаран болбосун анын коопсуздугу корголот. Качан жана кайсы учурда алып чыгып кеткени суроо болуп атат. Аны тактап, укуктук баа берилиши керек. "Мамлекет канчалык деңгээлде жарандардын укугун камсыз кыла алат?" деген суроо туулбашы керек эле”.
Жогорку Кеңеш 7-июлдагы жыйынында кыргыз жараны Орхан Инандынын Түркияга жашыруун чыгарылып кеткенине байланыштуу күч түзүмдөрүнүн маалыматын укту.
Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев “Орхан Инандынын уурдалышына бийликтин катыштыгы бар деген божомол сөздөр таптакыр акылга сыйбаган нерсе” деп билдирди. Ал Инандынын жоголгону белгилүү болгондон тартып Садыр Жапаров укук коргоо органдарына тиешелүү тапшырмаларды бергенин белгиледи.
“Буга чейин Орхан Инандыны үч жолу уурдап кетүү аракети көрүлгөнү, акыркы жолу мындай аракетти атайын кызматтын кызматкерлери токтотуп калганы белгилүү болду. Алар ага сакчылардын коштоосунда жана этият жүрүүсүн эскерткен. Анын уурдалышы тууралуу маселе түрк тарапка коюлуп, кечээ Тышкы иштер министрлигинде Түркиянын элчисине нааразычылык нотасы тапшырылды. Учурда түрк тараптан расмий жооп келе элек, бирок алар Орхан Инандынын Түркия жарандыгынан чыкпаганын, Түркиянын жараны экендигин оозеки түрдө билдиришти”, - деп айтылат маалыматта.