Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:11
Орхан Инандынын жактоочулары.
Орхан Инандынын жактоочулары.

Орхан Инандынын иши: акыркы маалыматтар

Бир айдан ашуун жоголуп Түркиядан табылган Орхан Инандынын Түркиядан табылышына байланыштуу 8-июлда жоон топ адам тынчтык жүрүшүнө чыкты.

Бул күнү УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев Орхан Инандынын жоголушу тууралуу журналисттерге маалымат берди.

Жогорку Кеңеш 7-июлдагы жыйынында кыргыз жараны Орхан Инандынын Түркияга жашыруун чыгарылып кеткенине байланыштуу күч органдарынын маалыматын уккан.

"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз болчу. Тарапкерлери анын табылышын талап кылып, бир нече ирет акцияга чыгышкан. Жубайы Рейхан Инанды күйөөсүн табууга көмөктөшүүсүн өтүнүп, президент Жапаровго төрт жолу кайрылган.

5-июлда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Инанды Түркияга жеткирилгенин жарыялаган. Инандыга "Куралдуу террордук уюмду негиздегени же жетектегени" үчүн айып тагылганын 6-июлда Түркиянын мамлекеттик "Анадолу" маалымат агенттиги жазды.

13:56 7.7.2021

Адвокат Таалайгүл Токтакунова Башкы прокуратурага кайрылып, кыргыз жараны Орхан Инандынын Түркияга жашыруун чыгарылып кеткенине байланыштуу кылмыш ишин козгоону өтүндү.

Ал башкы көзөмөл органы бул ишке тиешелүү адамдарды жоопко тартуу боюнча сотко чейинки өндүрүш башташы керектигин талап кылууда. Таалайгүл Токтакунованын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, арызда мындан тышкары Орхан Инандыны эл аралык нормаларга ылайык, Кыргызстанга кайтаруу талабын коюу суранычы да жазылган.

6-июлда Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов чет өлкөлүк атайын кызмат тарабынан уурдалган кыргыз жараны Орхан Инандыны кайтарып берүү талабы менен Түркиянын омбудсменине кайрылган.

"Ал биздин жаран. Анын өзүнө барып жолугуп, жайын билип, сурап, анын укугун коргоп берүүсүн, биздин жаран катары аны мекенине кайтарууга жардам берүүсүн сурадым. Ал эми бийлик нота менен гана чектелбей, аны "алып кеткен жериңерге сак-саламат кайтаргыла" деп талап кылышыбыз керек", - деген Мамытов "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" программасында.

Токон Мамытов Түркиянын атайын кызматы кыргыз жарандыгын алган Орхан Инандыны уурдап кеткенин сынга алды. Ошондой эле, эл аралык мыйзамдарды, жалпы адам укугу, саясий укуктар боюнча БУУнун декларациясындагы талаптар бузулганын белгиледи.

14:12 7.7.2021

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев 6-июлда Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары Явуз Селим Кыран менен жолукту. Анда Орхан Инандынын Кыргызстандан Түркияга тымызын алынып кетишине байланыштуу Бишкек Анкарага нота жөткөнүн расмий билдирди. Инадынын кайда экени тууралуу маалымат берүүнү жана аны менен консулдук кызматкерди жолуктурууну өтүндү.

Кыргызстандын ТИМи Явуз Кыран бул өтүнүчү өз өлкөсүнүн Юстиция министрлигинин кароосуна жөнөтүлөрүн айтканын билдирди. Ошондой эле ал Инанды түрк жараны экенин белгилеп, анын кайда экенин билбей турганын кошумчалаган.

14:23 7.7.2021

Парламент Орхан Инанды боюнча күч органдарынын маалыматын угуп жатат.

14:30 7.7.2021

Дастан Бекешев: Адам уурдоо боюнча иш козголушу керек. Эмнеге биз Башкы прокуратуранын өкүлүн чакырган жокпуз? Бизде контрчалгындоо деген барбы? Орхан Инандыны кантип алып кетишкен?

Уларбек Шаршеев: Бизде жүк катары алып кеттиби же башкабы, маалымат жок. 1-июндан баштап тапшырма берилген. Чек арадан өткөндөрдү, Инандынын жакындары менен тыгыз иштешип аттык. Жүктү текшерүү Бажы кызматынын иши.

Дастан Бекешев: Силер Түркиядан сурайсыңарбы кантип уурдап кетишкенин. Биздин өлкөдө башка мамлекеттин чалгын кызматы келип, адамдарды уурдап кетсе болобу. Баары кире берсе болот турбайбы. Бул уят.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG