УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 8-июлда Орхан Инанды тууралуу маалымат берди.
"Орхан Инандыны 2015-жылдан бери бир нече жолу уурдоого аракет болгон. Мен силерге факт келтирем. 2018-жылы КРдин УКМКнын 6-бөлүмү тарабынан криминалдык топтордун Кыргызстанда жашаган түрк жаранын уурдоого аракет болгон деген маалыматтар болгон. 2019-жылы 7-декабрда адамды уурдоо боюнча иш козголгон. Биз бийликке келгенге чейин. Мындан кийин биз ал ким экенин изилдей баштаганбыз. Оперативдүү иш-чарадан кийин башка өлкөнүн жараны өз максатын ишке ашыруу үчүн атайын кызматкерге Себат билим берүү мектептеринин жетекчисин уурдоо үчүн акча сунуштаганы анык болгон. Февралда да аракет болгон. Бирок биз аны артка кайтарып келгенбиз. Бул тууралуу анын аялы, кызматкерлери билет. Алар "февралда үч күн жоголуп кеткен" деп айткан. Ошол куткарып алгандан кийин аны бул жакка алып келип, жансакчы менен жүрүүгө кеңеш бергенбиз. Ал макул болгон. Ооба, биз ар бир жарандын коопсуздугун сактоого милдеттүүбүз. Бирок 6 млн. кишинин ар бирине бирден коргоочу бере албайбыз.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы Орхан Инандыны уурдоо фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү иликтөө башталганын маалымдады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Милиция тергөөнүн жүрүшүндө, "Орхан Инанды 2012-жылдын 28-июнунда Кыргызстандын ID паспортун, ушул эле жылдын 25-декабрында жалпы жарандык паспортун алгандыгын аныктаганын" айтты. Инандыда кыргыз паспортунан сырткары мөөнөтү 2024-жылдын 23-сентябрына чейин жарактуу түрк паспорту болгон. "Ал түрк паспорттун пайдаланып Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан 27 жолу өтүп, 2014-жылдан 2018-жылга чейин Азербайжан, Казакстан, Бириккен Араб Эмираты, Орусия, Түркия жана Индияга учуп келген. Ал эми 2018-жылдан бери Орхан Инанды кыргыз паспорттун 9 жолу пайдаланып, Орусия, Казакстан жана Индияга барып келип турганы" дейт милиция .
“Орхан Инанды Кыргыз Республикасынын жана Түркиянын жаранынын паспортторун колдонуп жүргөн. Бирок, Орхан Инанды Түркияда туулуп өскөн жана Түркиянын жарандыгынан баш тарткан эмес”, - деп айтылды милиция тараткан маалматта.
Учурда милиция Орхан Инандынын кыргыз паспорт алгандыгынын мыйзамдуулугун текшерип жатканын билдирди.
- автор Марат Тагаев
Жогорку Кеңеш күч органдарынын жообун талап кылды
Кыргыз парламенти "Сапат" билим берүү мекемелеринин президенти Орхан Инандынын Түркияга жашыруун чыгарылып кеткенине байланыштуу күч органдарынын жоопкерчилигин кароону талап кылды. Президенттин администрациясы бул ишке кыргыз бийлиги аралашкан деген сөздөрдү четке какты.
Жогорку Кеңеш Орхан Инандыны Түркиянын атайын кызматы уурдап кеткени белгилүү болгон соң күч түзүмдөрүнүн маалыматын укту.
Күмөн жараткан күч түзүмдөрү
Маалымат берүү үчүн келген укук коргоо органдарынын жетекчилери тергөө иши жүрүп жатканын айтуу менен гана чектелди. Тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев Кыргызстандын мындан кийинки аракети Түркиянын нотага берген жообуна жараша болорун айтты.
Депутат Жанар Акаев кыргыз жараны уурдалып кеткени үчүн өлкө жетекчилигин сынга алды.
"Кыргыз бийлиги, өлкө жетекчилиги күч түзүмдөрү өзүбүзгө эле кыйын экенсиңер. Беш-алты саясатчыны камап, беш-алты бизнесменди кустуруп, интернетке чыкканды мамлекетти башкаруу деп ойлойт экенсиңер. Өлкөнү башкарыш үчүн чек араны коргош керек, жарандарынын бир тал чачын түшүрбөй сакташ керек. Чет өлкөнүн атайын кызматы келип, кыргыз жаранын алып чыгып кеткен - кордук".
Депутат Дастан Бекешовдун көп жыл мурдагы Батукаевдин ишин кайталабоого чакырды:
“Келечекте Түркияда бийликке оппозиция келиши мүмкүн. Бул жакта дагы бийлик башка болушу мүмкүн. Бул иш ошондо ачыкка чыгат. 2013-жылы Азиз Батукаев боюнча ишти караганда күч органдарынын башчылары "билбейбиз, карайбыз" деп айтышкан”.
Кыргыз-түрк Манас университетинин окутуучусу Нурдин Усеев Кыргызстанда Орхан Инандынын иши боюнча "ашыкча чуу көтөрүлүп жатат" деп эсептейт.
“Орхан Инанды түрк бийлигинин айтуусунда Түркиянын жарандыгынан чыккан эмес. Демек, алар өз жаранын алып кетүүгө укуктуу. Кыргызстандын мыйзамдары боюнча кош жарандуулуккка уруксат берилбейт. Мындан улам анын кыргыз жарандыгы автоматтык түрдө жокко чыгарылышы керек. 2016-жылы 15-июлда Түркияда аскердик төңкөрүш аракети болгон. Анын артында Гүлен турат деген Түркиянын расмий позициясы бар. Ал эми Орхан Инанды Гүлендин уюмунун мүчөсү экенин эч ким четке кага албайт. Муну ачык эле айта баштабадыбы”.
Парламентте Орхан Инандынын уурдалышына Кыргызстандын атайын кызматынын тиешеси бар деп түрк басылмаларына чыгып жаткан маалымат тууралуу дагы сөз болду.
Түркиядагы Hurriyet гезити 7-июлдагы санында “Жапаровдун белеги жетти” деген баш сөз менен Инанды президент Садыр Жапаровдун Түркияга сапарынан бир жума мурда жеткирилгенин жазып чыккан.
Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев “Орхан Инандынын уурдалышына бийликтин катышы бар деген божомол сөздөр таптакыр акылга сыйбаган нерсе” деп билдирди.
“Буга чейин Орхан Инандыны үч жолу уурдап кетүү аракети көрүлгөнү, акыркы жолу мындай аракетти атайын кызматтын кызматкерлери токтотуп калганы белгилүү болду. Алар ага сакчылардын коштоосунда жана этият болуп жүрүүсүн эскерткен. Анын уурдалышы тууралуу маселе түрк тарапка коюлуп, кечээ Тышкы иштер министрлигинде Түркиянын элчисине нааразычылык нотасы тапшырылды. Учурда түрк тараптан расмий жооп келе элек, бирок алар Орхан Инандынын Түркия жарандыгынан чыкпаганын, түрк жараны экендигин оозеки түрдө билдиришти”.
Инандынын эки паспорту
Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган нота тапшыруу учурунда Орхан Инандыны түрк жараны деп тааный турганын билдирген. Түркиялык Haber Тurk басылмасы Орхан Инанды Гүлен кыймылына тиешеси бар 25 адамга кыргыз паспортун алып бергенин жазып чыкты.
Ички иштер министри Улан Ниязбековдун маалыматы боюнча, Орхан Инандынын жарандыгы тууралуу иликтөө жүргөн эмес. Бирок буга чейин УКМКнын өкүлү Инанды кантип кыргыз жарандыгын алгандыгы боюнча текшерүү жүрүп жатканын кабарлаган.
Орхан Инандынын аялы Рейхан Инанды түрк басылмасына чыккан маалыматка комментарий берип жатып, 25 адам эмес, Орхан Инандынын өз балдарынын паспорту жок экенин айтты.
"Орхан Инанды 2012-жылы мыйзамдуу түрдө кыргыз паспортун алган. Түркиянын паспорту дагы болгон. Бирок балдарыбызга паспорт алуу үчүн Түркияга кайрылганыбызда, алар паспорт берүүдөн баш тарткан. Эки балабызга Кыргызстандын дагы паспортун ала албай келебиз. Мындан улам алар чет өлкөгө чыга алышпайт".
7-июнда кечке маал президенттин администрациясы жайгашкан имараттын алдына Орхан Инандыны кайтарууну талап кылган 100дөй адам үнсүз митингге чыкты.
Митингдин катышуучусу, "Сапат" билим берүү мекемесинин бүтүрүүчүсү Зулфия Абдиева өз өлкөсүндө өзүн коопсуз сезбей калганын айтты.
"Билбейм, мен өзүм үчүн дагы кооптонуп жатам. Бир адамды көчөдөн уурдап кетип, башка өлкөдө болуп калып жатса эмне кыларыңды билбейт экенсиң. Биз азыр жашпыз, өз өлкөң коопсуздукту камсыздап бере албаса, эмне кылып жүрөбүз деп ойлоносуң. Көчүп кетип калгың да келет".
Орхан Инандыны Кыргызстанга кайтарууну талап кылган митинг 8-июлда дагы улана турганы белгилүү болду.
Жогорку Кеңеш Орхан Инанды тууралуу укук коргоо органдарынын маалыматын уккан соң, атайын токтом кабыл алды. Анда президентке укук коргоо органдарынын жетекчилеринин, Чек ара кызматынын башчысынын жоопкерчилигин кароо сунушталды. Ошондой эле Инандыны Кыргызстанга кайтаруу боюнча иш-чараларды жүргүзүү тапшырылды.
Митингде Инандынын адвокаты Таалагүл Токтакунова жабырлануучунун жашы жете элек баласына Кыргызстандын да, Түркиянын да документин албаганын айтты.