Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:42
Орхан Инандынын жактоочулары.
Орхан Инандынын жактоочулары.

Орхан Инандынын иши: акыркы маалыматтар

Бир айдан ашуун жоголуп Түркиядан табылган Орхан Инандынын Түркиядан табылышына байланыштуу 8-июлда жоон топ адам тынчтык жүрүшүнө чыкты.

Бул күнү УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев Орхан Инандынын жоголушу тууралуу журналисттерге маалымат берди.

Жогорку Кеңеш 7-июлдагы жыйынында кыргыз жараны Орхан Инандынын Түркияга жашыруун чыгарылып кеткенине байланыштуу күч органдарынын маалыматын уккан.

"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз болчу. Тарапкерлери анын табылышын талап кылып, бир нече ирет акцияга чыгышкан. Жубайы Рейхан Инанды күйөөсүн табууга көмөктөшүүсүн өтүнүп, президент Жапаровго төрт жолу кайрылган.

5-июлда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Инанды Түркияга жеткирилгенин жарыялаган. Инандыга "Куралдуу террордук уюмду негиздегени же жетектегени" үчүн айып тагылганын 6-июлда Түркиянын мамлекеттик "Анадолу" маалымат агенттиги жазды.

16:22 7.7.2021

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова парламентте депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, “Сапат” билим берүү мекемелери эч өзгөрүүсүз иштей берерин билдирди.

“Сапат” билим берүү мектептери мурдагыдай эле иштей берет. Анткени мектеп Кыргызстандын аймагында жайгашкан, биздин балдар окуп, биздин мугалимдер сабак берип жатат”, - деди ал.

Жогорку Кеңеш 7-июлдагы жыйынында кыргыз жараны Орхан Инандынын Түркияга жашыруун чыгарылып кеткенине байланыштуу күч түзүмдөрүнүн маалыматын угуп жатат.

15:49 7.7.2021

Парламенттеги депутаттар Абдывахап Нурбаев жана Жанарбек Акаев Түркияга жашыруун чыгарылып кеткен Орхан Инандыга байланыштуу күч органдарынын башчыларын кызматтан кетүүгө чакырды. Депутат Акаев кыргыз жаранынын коопсуздугун камсыз кыла албады деген негизде тийиштүү жетекчилерди жоопко тартууну сунуш кылды.

“Парламенттик өлкө болгондо баарынын кызматтан кетишин талап кылмак элек. Азыр колубуздан келбейт. Мен күч органдарынын жетекчиси болсом, кызматта отурбайт элем. Чек ара кызматынын башчысы, сиз кантип отурасыз? Кызматтан кетишиңиз керек. Азыр жаза албасаңар, 15 жылдан кийин дагы жоопкерчилик аласыңар. Бул башка өлкө “силер кимсиңер” деген менен барабар. “Биз силердин жараныңарды каалаган убакта уурдап кетебиз” деди. Унчукпай отурабыз. Кечээ эле кошуна өлкөгө барып, колуңарды төшүңөргө алып ийилип турдуңар, бул ошондой эле кеп. Элди мынча басмырлабагыла”, - деди Акаев.

Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев парламентте Түркияга жашыруун чыгарылып кеткен Орхан Инандыга байланыштуу маалымат берип жатып, бардык учактар текшерилип жатканын, башталганын билдирди.

15:47 7.7.2021

Жогорку Кеңеш 7-июлдагы жыйынында кыргыз жараны Орхан Инандынын Түркияга жашыруун чыгарылып кеткенине байланыштуу күч түзүмдөрүнүн маалыматын угуп, “Инандынын жоголушу тууралуу 17-июндагы токтомдун аткарылышы жөнүндө” токтом долбоорун кабыл алды.

Ал долбоордо Орхан Инандынын башка өлкөгө тымызын алынып кетишин алдын албаган күч кызматтарынын тийиштүү жетекчилеринин жоопкерчилигин кароо жана Инандыны өлкөгө кайтаруу боюнча чаралар жазылган.

Комитеттин чечимин депутат Абдывахап Нурбаев угузду.

"Эрдоган биздин жетекчилерди кидать этти. Дүйнөгө Кыргызстан эмне болуп калыптыр деп мактанды", - деди Нурбаев.

1) Укук коргоо органдарынын, УКМКнын Чек ара кызматынын жетекчилигинин жеке жоопкерчилигин кароо сунушталсын.

2) Министрлер кабинети жана ТИМ Орхан Инандыны Кыргызстанга алып келүү жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана эл аралык мыйзамдарга ылайык анын укуктарын коргоо боюнча бардык чараларды көрсүн;

3) КРдин Башкы прокуратурасы инсандардын жана коомдун коопсуздугун камсыздоо үчүн чет өлкөлүк атайын кызматтардын жана уюмдардын чалгындоо, бүлүндүрүү ишин, КРдин бүтүндүгүнө каршы аракеттерине бөгөт коюу жана коопсуздукка көз салган КРдин кызмат адамдарынын ишине баа берилсин.

15:26 7.7.2021

Бейшеналы Нурдинов: Аябай чоң уят иш болду. Анын ичинде укук коргоо, өкмөт, президент үчүн уят. Кандай болгонун убагы келгенде угабыз. Чек ара кызматынын жетекчиси өзүңүздү күнөөлүү деп сезесизби?

Уларбек Шаршеев: Бул боюнча тергөө иштери жүрүп атат, ошонун жыйынтыгына жараша жооп беребиз.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG