Илбирс байырлаган 12 өлкөдө бул сейрек кездешкен жаныбардын башын саноо иштери жүрүүдө. Бул глобалдык санактын жыйынтыгы 2023-жылга барып чыгат. Кыргызстанда болсо бул ишти сапаттуу жүргүзүү үчүн алгач ирет SMART программасы ишке киргизилүүдө.
Эл аралык илбирс күнүн утурлай кыргызстандык адистер жаңы технология аркылуу тукум курут болуу коркунучуна кептелген жаныбарды изилдөө боюнча атайын окуудан өтүштү.
Изилдөөнүн жаңы ыкмасы
Биз “Илбирс” фондунун кеңсесине барган учурда уюмдун мүчөсү Максим Кошкин фотокапкандардан сүрөт көчүрүп жаткан экен.
"3-4 айдан ашуун тоолорго коюлган фотокапкандарды алып келип, алардын ичиндеги сүрөттөрдү компьютерге көчүрүп жатам. Фотокапкандан алынган сүрөттөр даталарына карата папкаларда сакталат. Алар фотокапкандын номери турган негизги папканын ичине киргизилет. Камера ар бир кыймылды үч кадр менен тарта берет. Эч кандай кыймыл болбосо, камера сүрөт тартпайт",- деп түшүндүрдү.
Бул фонд илбирстерди коргоо жана изилдөө багытында беш жылдан бери алектенип келет. Анын жетекчиси Заирбек Кубанычбеков учурда жүрүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.
"Илбирстерди изилдөө үчүн атайын методикалардын негизинде санак иштери башталган. Чынын айтканда, жаратылыштагы жапайы жаныбарлардын так санын айтуу абдан кыйын. Бирок атайын бир аймактарда жүргүзүлгөн иштердин негизинде ошол аймактагы илбирстердин саны өсүп жатканын байкоого болот.
Акыркы жылдары илбирстерди "тигил жерден көрдүк, бул жерден көрдүк" дегендер көп болуп жатат. Санак ар бир мамлекетте жүрүүдө. Кыргызстандагы санак эл аралык уюмдардын, мамлекеттин колдоосу менен ишке ашууда. Өлкөдө илбирстерди коргоо боюнча 3-4 коомдук уюм иш алып барат. Акыркы кабыл алынган планга ылайык, Кыргызстандын аймагын сүйлөшүп бөлүшкөнбүз. Ар бир уюм ар башка аймакка фотокапкан коёт. Жыйынтыгында мамлекеттик орган баарын бириктирип туруп, 2023-жылга баасын бериш керек. Мынча илбирс бар, көбөйдү же азайды деген маалымат болот".
Соңку маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда илбирстин саны 300дөн 350гө чейин деп айтылат. Адистер 2023-жылга чейин бул сан кыйла өсөт деген үмүттө. Мындай оптимизмге жетелеген жагдайлардын бири - Кыргызстанда ишке киргизилип жаткан SMART программасы. Компьютердик система жапайы, аяр айбанаттарга байкоо салууну кыйла жеңилдетет. Изилдөө терең жана көп багытта жүрөт.
АКШнын Жапайы жаныбарларды коргоо коомунун мүчөсү Майкл Хуте Бишкекте адистерге SMART программасы менен иштөөнү, маалыматты анализдөөнү үйрөткөнү келген. Бул компьютердик система дүйнөдө эң көп колдонулган программалык камсыздоо болуп эсептелет. SMART буга чейин дүйнөнүн миңге жакын өзгөчө корголуучу аймактарында ишке киргизилген.
"SMART компьютердик программасын жаныбарларды коргоо багытында иштеген бир нече ири коммерциялык эмес уюмдар колдоого алган. Эгер кайсыл бир өлкөдөгү уюмдар бул программаны колдонууну кааласа, анда шериктеш уюмдардын көмөгү менен атайын адистер келип жардам берет. Мына, биз Кыргызстандагы Сары-Чат-Ээр-Таш жана Хан-Теңири коруктарына бул системаны ишке киргизүү үчүн келдик. Азыр окууларды өткөрдүк. Егерлер маалыматтарды смартфон аркылуу киргизүүнү, ар бир коруктан бирден адис ал маалыматтарды системага жүктөөнү үйрөндү. Андан ары анализдөөгө, албетте, биз көмөк берип турабыз", - дейт америкалык адис.
Компьютердик камсыздоо Кыргызстанда CAPF (Экосистемасы жабыркагандарга өнөктөштүк эл аралык корунун) жана "Жапайы жаныбарларды коргоо" коомунун көмөгү менен ишке киргизилип жатат.
"Пандемиянын айынан жылып кетип, быйыл гана ишке ашууда. Сентябрь айында башталды. Азыр адистер окуудан өтүүдө. Атайын адис келип үйрөтүп жатат. Бул абдан жакшы программа. Айталы, токойчулар же аңчылар коомунун адистери өз аймактарын канчалык деңгээлде кыдырып жатышат? Браконьерлерге же дагы башка кандай мыйзамсыз иштерге бөгөт коюлду? Бул программадан бир эле баскыч менен адистин ишин көрсө болот. Ошондой эле маалыматтарды автоматтык түрдө эле толтуруу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Атайын тоого ылайыкташкан смартфондорду алып келгенбиз. Адистер, токойчулар талаага чыкканда ошону басып эле кете беришет. Анан компьютер бар жерге келгенде маалыматты жөнөтө алат. Ал жабдыктарда координаттар так көрсөтүлөт. Басып келген жерлерин аппарат так көрсөтөт. Мурда ооз эки эле барып келгенден кийин анан жазып чыкчу, анда көп нерсе эстен чыгып же адашып кеткен учурлар болгон. Кээ бир маалыматтар так чыкпай калган мезгилдер да учурайт эле. Бул жерде ар бир кадам автоматтык түрдө өзү эле жазылып калат. Аны эч ким өчүрө же өзгөртө албайт. Анан жылдын аягында ар бир адис боюнча эффективдүү иштеп жатабы, иштебей жатабы канча жерди кыдырып келгенин билүүгө болот. Бул программа ошол эле кыдырууну жасаган уюмдардын берген отчетуна да жардам берет", - деди “Илбирс” фондунун жетекчиси Заирбек Кубанычбеков.
Компьютердик программа бир эле илбирс эмес башка жапайы жаныбарлардын санын да аныктаганга мүмкүнчүлүк берет.
Фотокапкан
Кыргызстанда буга чейин илбирсти изилдөө негизги эки ыкма аркылуу - фотокапкандын жардамы жана илбирстин заңын генетикалык изилдөө жолу менен аныкталчу.
"Фотокапкандарга түшкөн илбирстердин темгилдерин изилдейбиз. Ар бир илбирстин өзүнүн гана темгилдери болот. Адамдын бармак изи сыяктуу. Аны аныктоо үчүн атайын методика бар. Ошондой эле кээ бир жерлерде илбирстердин фотокапканга түшкөнүнө кубана берген болбойт. Себеби, бир жыл туруп деле фотокапканга 1-2 жолу түшсө, ошол жерди туруктуу байырлайт дегенди билдирбейт. Анткени бир жерде жашап, ошол жерде үй-бүлөсү же үйүрү болгон жерге, ал жок дегенде бир айда бир же эки жолу кайта келип турса, ошол жерди байырлаган деп эсептесек болот. Балким, ал жөн эле бир жерден келе жатып ошол жерге тийип өтүшү мүмкүн. Экинчи багыт - генетикалык жактан аныктоо. "Фекалия" деп коёбуз, заңын чогултуп чет өлкөгө жөнөтөбүз. Кыргызстанда андай изилдөө жүргүзө албайбыз. Чет өлкөдөн изилденип, илбирстики экени аныкталып келет. Ал заң карышкырдыкы же сүлөөсүндүкү болуп калышы да мүмкүн. Ошон үчүн бир эле аймактан жүздөй заң чогултуп жөнөтөбүз", - дейт “Илбирс” фондунун жетекчиси.
Фотокапкандар менен кыргызстандык адистер бир нече жылдан бери иштейт. Алар коюп кеткен жабдыктар уурдалган учурлар да көп. Мисалы, 2021-жылы эле “Илбирс” уюму койгон алты камераны уурдап кетишкен.
"Көпчүлүгүн адамдар уурдашат. Малчылар алып коёт. Түшүнбөстүктөн болушу мүмкүн. Бирок биз коюп жатканда элдин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Бул эч нерсеге керексиз. Муну алган менен фотоаппарат катары колдонууга болбойт. Ошондой эле жаныбарлар талкалап салган да учурлар болот. Көбүнчө аюулар бузуп кетишет. Алар кээде кызыгып чукуп көрүшөт. Таңкалыштуусу, адамдай эле чукуп, батарейкаларын чыгарып салган учурлар катталган. Уюм түптөлгөндөн бери биз элүүгө жакын фотоаппарат жоготтук. Алардын ар бири 250-500 АКШ доллары турат", - деди Заирбек Кубанычбеков.
Браконьерликтен дагы опурталдуу коркунучтар
Соңку жылдары илбирстердин айыл-кыштакка, ал тургай шаарга жакын түшүп келгени Кыргызстандагы экологиялык абалдын өзгөрүүсүнө байлагандар бар. Өкмөттүн алдындагы Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин директорунун орун басары Кумар Мамбеталиев илбирстердин көбүрөөк көзгө чалдыгып жатканына сүйүнүү али эрте деп эсептейт. Бүгүнкү күндө сейрек жаныбарлар кабылган жаңы коркунучтар пайда болууда.
"Сыймыктанчу нерсе, Бишкек - эң жакын илбирс байырлаган шаар деп таанылган. Көз карандысыз эксперттер аныкташкан. Бишкек шаарынан 30-35 чакырым жерде илбирс жүргөнү бир нече жолу тастыкталган. Бул Бишкектин четинде эле илбирс жүрөт дегенди билдирет. Акыркы учур 2019-жылы фотокапканга түшкөн. Илбирсти экологиялык абалдын көрсөткүчү деп айтсак болот. Эгер илбирс байырласа, ал жердин табияты дурус деп эсептелинет. Демек, ал жерде илбирстин азыгы болгон тоо жаныбарлары бар. Ал жаныбарлар үчүн жей турган азыгы жетиштүү. Жапайы жаныбарлар үчүн 16 коркунучту аныктаганбыз. Азыр браконьерликтен да опурталдуу коркунучтар пайда болууда. Алардын катарында жайыттардын, тоо аймагынын деградацияланышы. Жапайы жаныбарлар арасында жугуштуу ылаңдардын таралышы. Бул жаатта көптөгөн изилдөөлөрдү жүргүзүү зарыл".
Кыргызстанда илбирс Кызыл китепке кирген жана өзгөчө коргоого алынган. Ага аңчылык кылгандарга 1,5 миллион сом айып пул каралган.
Кыргызстан соңку жылдары илбирсти коргоо жаатында калктын калың катмары менен иш алып барууда. Маселен, Билим берүү министрлиги менен мектептерде ачык сааттарды киргизүү, тарыхчылар, сүрөтчүлөр, медиа жана маданият кызматкерлеринин жардамы менен түрдүү көргөзмө, спектакль, оюн зоок жана илимий багыттагы жыйындар өтүп турат.
2013-жылы Кыргызстан демилге көтөрүп, Бишкекке 12 өлкөнүн расмий делегаттарын чакырып, “Илбирсти жана анын экосистемасын сактоо” деген темада эл аралык форум өткөргөн. Бишкек декларациясы кабыл алынган.
Илбирсти коргоо дүйнөнүн назарында
Борбордук жана Түштүк Азияда илбирсти "ак кар, көк муздун ээси" деп коюшат. Улуттар Уюму бул уникалдуу мышык тукумун саны кескин азайып бараткан жаныбарлардын тизмесине киргизген. Илбирс байырлаган жерде башка жан-жаныбардын жашоосуна да жагымдуу шарт бар дегенди түшүндүрөт.
Эл аралык уюмдардын эсебинде, жер бетинде 4000ден 7500дей гана илбирс жашайт. Бийик тоо, аска-зоону мекендеген жаныбар адам көзүнө сейрек чалдыгат.
Жаратылышты коргоонун эл аралык кеңеши 2040-жылга чейин илбирс тукуму 10% кыскарып кетиши мүмкүн экенин эскертип, коңгуроо кагат. Бир жагынан мындай жаныбардын терисине, сөөгүнө кызыккан аңчылардын колунан, экинчи жагынан, адамдын ишмердиги да алардын азайышына түрткү болууда. Анткени киши көп жүргөн жерде илбирстин азыгы азайып, улам жер которууга мажбур болот.
Дагы бир негативдүү фактор – климаттын таасири. Глобалдык алкактагы өзгөрүүлөрдөн илбирстер да четте калган жок. Алардын мекени канчалык тарыган сайын ошончолук киши жашаган аймакка кирип келип, үй жаныбарларына чейин кол салууда.
Ушундай кырдаалда илбирсти кантип сактап калуу керек?
Улуттар Уюмунун Экологиялык программасы Кыргызстан менен Тажикстанда атайын долбоор баштаган. 2017-жылы Бишкекте эл аралык форум өткөн. Көчмөн эл байыртадан бул сырдуу жаныбарга астейдил мамиле жасаган. Анын керилген сүрөтү баш калаанын гербине түшүрүлгөн.
Илбирсти сактоого эл аралык уюмдар менен донорлор, илимпоздор жана ишмерлер да чечкиндүү киришкен. Голливуд жылдызы Леонардо Ди Каприо дүйнө лидерлерин бул сырдуу жаныбарды сактап калуу үчүн чечкиндүү аракет көрүүгө үндөгөн.
2013-жылы илибирсти сактоо боюнча глобалдык стратегия кабыл алган. Илбирсти жана экосистеманы коргоонун дүйнөлүк программасы Гималай тоолорунан тартып, Борбордук Азия жана Орусияга чейинки аймакта жайгашкан 12 өлкөнү камтыйт.
Кыргызстандын тоолору илбирс тукумунун көбөйүшү үчүн өзгөчө аймак. Анткени, Орусия менен Казакстанды байырлаган сейрек жаныбардын түштүк популяциясы менен Пакистан, Кытайды мекендеген түндүк популяциясы дал ушул тоолордо бири-бири менен аралашып, тукум улайт.
Илбирс байырлаган 12 өлкө: Орусия, Тажикстан, Ɵзбекстан, Ооганстан, Кытай, Индия, Казакстан, Монголия, Непал, Пакистан, Кыргызстан, Бутан.