“Борбор Азиянын Жибек жол атаандаштыгы” аттуу баяндамада айтылгандай, Кытай менен Орусиянын демилгелери келечекте Борбор Азиянын саясий айдыңын өзгөртүшү мүмкүн, бирок анын тобокелдиктери да бар. Кытай менен Орусиянын чөлкөмдөгү атаандаштыгы тууралуу уюмдун Борбор Азиядагы долбоор жетекчиси Диердре Тайнен “Азаттык” радиосуна маек берди.
"Азаттык": Орусиянын Борбор Азиядагы саясий жана кайсы бир деңгээлде аскердик таасири күчтүү экени бышык. Кытай болсо чөлкөмдөгү өлкөлөр менен экономикалык жактан тыгыз байланышта. Бул эки өлкөнүн Борбор Азиядагы атаандаштыгын кантип мүнөздөйсүз?
Диердре Тайнен: Биз муну тарыхый ролдору жана артыкчылыктары, ошондой эле жаңы пайда болгон ролдору жана мүмкүнчүлүктөрү боюнча талдасак болот. Орусиянын бул регион менен күчтүү социалдык, маданий, аскердик жана лингвистикалык байланышы бар. Мындай алака узак убакыттан бери келе жатат. Андыктан Орусия бул жаатта Кытайдан дагы артыкчылыктуу позицияда.
Кытай болсо экономикалык жактан супердержава. Бул багытта Кытайдын жылдызы жанып, Орусиянын экономикалык таасири азайды. Менимче, региондогу келечектеги ролдор кандай деген маселеде бул эки өлкөнүн ортосунда чыңалуу бар. Себеби учурда аталган регион советтик доордон өтүп бүттү. Ал эми Кытай болсо болуп көрбөгөндөй күчтүү глобалдык оюнчу болуп чыга келди.
"Азаттык": Борбор Азияда бул эки өлкөнүн ортосундагы атаандаштыкты кайсы тармактардан байкайсыз?
Диердре Тайнен: Мисалы газ тармагында алсак, 10-20 жыл мурда Орусия Борбор Азиядагы башкы оюнчу болчу. Газ экспорту сыяктуу маселелер “Газпромсуз” чечилчү эмес. Маселен, азыр Түркмөнстанда газдын көбү Кытайга багытталган, “Газпром” менен байланыш азайды. Бул – таң калтырган өзгөрүү.
Мындай жагдайдын экономикалык жана саясий таасири бар. Экономика жаатында ким активдүү болсо, анын өкмөттөргө түз байланышы болот. Тышкы саясатка да таасири болушу ыктымал.
"Азаттык": Акыркы баяндамаңыздарда Орусия менен Кытайга карата Борбор Азиядагы коомдук пикирге да көңүл буруптурсуздар. Анда чөлкөмдө Орусияга караганда Кытайга карата негативдүү пикир көп экени айтылат. Бирок пикирлер ар бир өлкөгө жараша бири-биринен айырмаланып турат экен. Бул эки өлкөгө карата Борбор Азиядагы коомдук пикирди кантип корутундулар элеңиз?
Диердре Тайнен: Орусияны чөлкөмдө кыйла жакшы таанышат. Борбор Азияда орус тилдүү маалымат айдыңы да бар. Кытайга карата болсо кээде ашкере деңгээлде чоочун өлкө деген мамилени көрүүгө болот. Казакстандагы жер боюнча нааразылыкты мисал келтирели. Анда кытайларга каршы өтө негативдүү мамиле байкалган.
Кыргызстанда кытайлык жумушчулар менен мушташ болгон. Чөлкөмдөгү саясий-экономикалык элита Кытай менен жакшы мамиле курууга жетишти. Бирок жергиликтүү деңгээлде Кытай Борбор Азияда эмнени көздөйт деген тынчсыздануу бар.
"Азаттык": Кытай менен Орусиянын Борбор Азиядагы долбоорлорунун максаты бири-биринен айырмаланып тураары сиздердин баяндамада айтылат. Бирок эки өлкө Борбор Азияда ачык атаандашып, ачык каршылашкан учурларды байкай элекпиз. Кытай менен Орусия Борбор Азия аймагындагы кызматташтыгын кантип тең салмактап жатышат?
Диердре Тайнен: Москва үчүн да, Бээжин үчүн да эки өлкө кызматташып жатат деген белги абдан маанилүү. Эки тараптын тең Борбор Азияга эмне сунуштай алаары боюнча стратегиясы бар.
Евразиялык экономикалык биримдиктин саясий таасири абдан күчтүү. Кытай анын көчүрмөсүн түзүүнү каалабайт. Албетте, Орусия Кытайдын Жибек жолу долбоорун Евразиялык экономикалык биримдигин күчтөндүрүп алуунун жолу катары да көрөт.
Кытай чөлкөмгө канчалык көп каражат алып кирген сайын, ошончолук Борбор Азиядагы коопсуздук, туруктуулук жана башкаруу сыяктуу чоң маселелерге аралаша баштайт.
"Азаттык": Сиздер келечекте Кытай менен Орусиянын дал ушул экономикалык долбоорлорунун Борбор Азияга таасири чоң болорун айтып жатасыздар. Ошондой эле сиздердин баяндамада Кытай экономикадан өтүп, эми коопсуздук маселелерине да аралаша баштайт деп белгиленет. Келечекте Кытай менен Орусиянын Борбор Азия боюнча саясатында кандай өзгөрүүлөрдү күтөсүз?
Диердре Тайнен: Орусия чөлкөмдөгү позициясын кармап турганга дилгир, Кытай болсо позициясын күчтөндүрүүгө кызыкдар. Кытай чөлкөмгө канчалык көп каражат алып кирген сайын, ошончолук Борбор Азиядагы коопсуздук, туруктуулук жана башкаруу сыяктуу чоң маселелерге аралаша баштайт.
Евразиялык экономикалык биримдиктин да, Кытайдын Жибек жолу долбоорунун да социалдык-экономикалык абалды жакшыртып, туруктуулукка түрткү берчү потенциалы бар. Бирок тобокелчиликтер да жок эмес. Эгер бул долбоорлор жаман мамлекеттик башкарууну шыктандырганга өтсө, анда туруксуздук жоголбойт, тескерисинче күчөйт.