Конвенцияны өкмөт кабыл алып, бирок парламентке ратификацияга алып чыга элек. Ага эмне себеп болууда? Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев “Азаттыкка” маек курду.
“Азаттык”: Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар Бириккен улуттар уюмунун конвенциясын жактырып берүүнү талап кылышууда. Өкмөт аны жактырган. Бирок парламентте кармалып турат. Эмне себептен?
Базарбаев: Өзүңөр билгендей, бүгүнкү күндө биздин өлкөбүздө мүмкүнчүлүгү чектелген 168 миң киши бар. Алардын ичинен 27 миңи 18 жашка чейинки балдар. Ал конвенцияга өкмөт 2011-жылы кол койгон. Конвенцияны турмушка ашыруу үчүн Жогорку Кеңешке алып чыгып, ратификация кылышыбыз керек. Аны ишке ашыруу максатында 2014-2017-жылдарда аткарыла турган комплекстүү план түзүп, аны аткаруунун үстүнөн иштеп жатабыз.
2017-жылы планды аткаргандан кийин конвенцияны биз ратификацияга алып чыгабыз. Анткени ратификация кылгандан кийин өлкөбүз милдеттүү түрдө каражат талап кылынган иштерди аткарыш керек.
“Азаттык”: Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар конвенция кабыл алынса архитектурада, транспортто жеңилдиктер түзүлөт деп үмүттөнүшүүдө. Маселен, азыр мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арабасы менен мэрияга же Жогорку Кеңештин имараттарына кире алышпайт...
Базарбаев: Мунун конвенцияга тиешеси деле жок. Аны өкмөткө караштуу ар бир мекеме аткарыш керек. Бул маселе өкмөттө жакында эле каралды. Анда ар бир мекемеге тапшырма берилген. Бүгүнкү күндө мамлекеттик курулуш жана архитектурада документте баары туура. Баары болуш керек. Бирок, тилекке каршы, ишке ашыруу жай жүрүүдө. Бүгүнкү күндө ар бир мекемеге тапшырма берилген. Анын сапаты, жасалышы боюнча маселе бар.
“Азаттык”: Мына ушул иштер конвенция кабыл алынса жылат эле деген пикирди мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар айтып жатат...
Базарбаев: Эң туура. Конвенцияны ратификация кылгандан кийин алар ишке ашат. Бирок анын конвенцияга түз тиешеси жок. Анткени бүгүнкү күндө ансыз да аны ишке ашыруу жүрүп жатат. Белгилүү болгондой, СССРдин учурунда майыптарга шарт түзүү такыр жок эле. СССР доорунда салынган имараттарды карап көрсөңүздөр, аларда эч нерсеси жок болчу. Бүгүнкү күндө аптека, дүкөн, ооруканаларда андай шарттар жасалууда.
“Азаттык”: Коомдук транспортто бул маселени жеңилдетүү мүмкүнбү?
Базарбаев: Транпорт министрлигине авто жана поезд бекеттеринде майыптарга шарт түзүп берүү тапшырылган. Азыркы кезде биринчи кадам жасалып, сырткы пандустарды жасашты. Эми экинчи кадам катары майыптарга шарты бар жаңы автобустарды, троллейбустарды алыш керек.
“Азаттык”: Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар мурда иш менен камсыздалчу. Бул маселе кандай чечилүүдө?
Базарбаев: Биздин өлкөбүздө буга байланыштуу мыйзам бар. 20дан ашык адам иштеген мекемелерде кызматкерлердин 5% мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар болуш керек деген. Бирок бул мыйзам дурус иштеген жок. Ошондуктан Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов жаңы мыйзам долбоорун даярдаган, анда мыйзам талаптарын аткарбаган чиновниктерге чара көрүү каралган.