Өз кезегинде Греция менен Италиянын жээктерине кайык менен келип түшкөн мигранттар агымы токтой элек. Европада эгер бул башаламандык улана берсе, бирдиктүү визанын негизин түзгөн Шенген режими бузулушу мүмкүн деген пикирлер да айтылууда.
Македонияда бүгүн полициянын атайын күчтөрү алардын аймагына Грециядан кирүүгө умтулган миңдеген мигранттарды артка сүрүү аракетинде көздөн жаш агызуучу газ колдонду. Македон бийликтери кечээтен тарта Греция менен чек арасында өзгөчө абал жарыялаганына байланыштуу Африка, Жакынкы Чыгыш, көбүнесе Сириядан келген миңдеген мигрант өткөн түндү чек арадагы Гевгелия шаарына жакын аймакта, ачык асман алдында өткөрүштү. Мигранттар чек ара жабылганына карабай күч менен өтүүгө бир нече ирет аракет жасашып, кагылыштан кеминде төрт адам жаракат алганы кабарланды:
- Мен бул жерде бир айдан бери өтө албай турам. Артка кайткым келбейт. Кайда кайтмак элем, биз бул жерде турушубуз керек, - деди сириялык Мухаммед Рашид ысымдуу мигрант Рейтердин кабарчысына.
Өзгөчө абал тартиби македон бийликтерине чек арада армияны жайгаштырууга да уруксат берет.
Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин өкүлү Иво Котевски борбор Скопьедеги басма сөз жыйында бийликтер барып жаткан чаранын максатын мындайча чечмеледи:
- Биринчи жана негизги максат - коопсуздукту, жергиликтүү элдин коопсуздугун камсыздоо. Экинчи максат - Македония республикасынан башпаанек суроого аракеттенген бул мыйзамсыз мигранттарга жоопкерчиликтүү, гумандуу мамиле жасоо.
Македонияны мигранттар транзиттик өлкө катары пайдаланышат. Оболу Грециянын жээгине кайык менен жетишип, анан кургактан Македонияга өткөн мигранттар Сербияны көздөй поезд, автобус же жөө-жалаңдап да жол тартышат.
Сербиядан соң болсо Евробиримдиктин Шенген виза зонасына кирген Венгрияны көздөй өтүүгө умтулушат. Бул агымды токтотуу аракетинде Венгрия азыр Сербия менен 200 чакырымга чукул чек арасында тосмо курууда. Греция менен чек арасында өзгөчө абал жарыялаган Македония аркылуу акыркы бир айда эле 39 миң мигрант өткөн, алардын көпчүлүгү Сирия менен Ооганстандан.
БУУнун качкындар агенттигинин эсебинде Македония азыр күнүнө 1,500-2000 мигрантты жайгаштырууга даяр болушу керек. Бул сан дагы өсүшү мүмкүн. Анткени өткөн бир аптада эле Грециянын жээктерине 21 миң адам келип түшкөн. Жакынкы Чыгыш, Африка, Азиядан келген мигранттар саны июль айы ичи эле 50 миңге жетти. Алардын көпчүлүгү Кос аралында топтолуп турат, грек бийликтери уруксат бербегенине карабай борбор Афинага жеткендери да бар. Карыз жүгүнөн улам өкмөтү ансыз деле кыйналып турган Грециянын жарандык коргонуу министри Янис Паноусис мындай дейт:
- Эгер Улуттар уюму, Европа биримдиги жана дүйнөдөн башкалар да кийлигишпесе, Греция өз жеринде акырындык менен дүрмөткө келүүчү бомбага ээ болору турган иш.
Европанын бийлик чөйрөлөрүндө азыр мигранттар көйгөйүн ар өлкөнүн өзүнө таштабай, муну чогуу чечүү жана жүктү чогуу көтөрүү чакырыктары айтылып жатат.
Француз президенти Франсуа Олланд жана немис канцлери Ангела Меркел алдыда дүйнөмбүдө ушул маселени талкуулайт деп күтүлүүдө.
Канцлер Меркелдин айтымында, миграция кризиси Европа үчүн Грециянын карыз кризиси жана евронун стабилдүүлүгүнөн олуттуу болуп кетиши мүмкүн.
Чек араны көзөмөл агенттигинин эсебинде, жалпысынан июль айында эле Европага 110 миң мигрант мыйзамсыз жолдор менен кирген. Мигранттар жүгүнүн эң чоң үлүшү Германияга туура келип, расмий Берлин быйыл алардан башпаанек сурагандар саны 800 миңге жетиши мүмкүндүгүн эскертүүдө.
Өзү Еврошаркеттин алкагындагы Дублин эрежесине ылайык, качкын макамы ал адам биринчи кирген өлкөдөн суралат. Бирок мигранттар агымын тейлей албай калган Греция менен Италиянын бийликтери алардын түндүктү көздөй жылышына жол бергендей.
Британдык Financial Times басылмасынын бүгүнкү редакциялык макаласында белгиленгендей, азыр Еврошаркет өлкөлөрү алдында түштүк чек арада мигранттар агымын башкаруучу операцияны киргизүү милдети турат. Андан кийин бийликтер куугунтуктан качып, чындап башпаанек издегендер менен ири сандагы экономикалык мигранттарды ажыратуусу абзел. Экономикалык мигранттар акыр-аягында кайра өз өлкөсүнө жөнөтүлүшү зарыл. Болбосо Financial Times” басылмасынын пикиринде, Еврошаркеттин бирдиктүү Шенген виза режими бузулуу тобокелчилиги астында турат.