Бийликтеги Христиан-демократтар партиясынын курултайында Ангела Меркелдин паранжы тууралуу айткан сөзү кол чабуулар менен коштолду. Меркел жүздү көрсөтүп жүрүү маанилүү экенин айтып, мыйзам мүмкүнчүлүк берген учурларда паранжыга тыюу салуу керектигин билдирди:
- Биз параллель коомдорду каалабайбыз. Андайлар болсо токтотушубуз керек. Биздин мыйзамдар ар-намыс жөрөлгөлөрүнөн, уруулардын, үй-бүлөлөрдүн эрежелеринен жана шариаттан өйдө турат. Муну ачык айтуу керек. Адамдар арасындагы пикир алмашууда биз жүзүбүздү көрсөтөбүз. Андыктан бетти толук жаба турган кийим биздин өлкөгө туура келбейт. Мыйзамдын чегинде тыюу салуу мүмкүн болгон бардык жерде тыюу салынышы керек. Бул биздин өлкөгө таандык эмес.
Бетти толук чүмкөгөн паранжыга Бельгияда, Францияда тыюу салынган. Ноябрь айында Голландия да ооруканаларда, мамлекеттик мекемелерде, мектеп жана коомдук транспортто паранжыга мындай чектөө киргизген. Жакында мусулман аялдар сууга түшкөндө кие турган “буркини” аттуу кийимге тыюу салуу маселеси да Европада талкуу жараткан.
Эми немис канцлеринин соңку билдирүүсүн Германиядагы мусулман коомчулугун өкүлдөрү сын менен кабыл алышты. Маселен, Германиянын Ислам кеңешинин башкы катчысы Бурхан Кесижи мындай тыюу салуулар мусулман аялдардын коомдон оолакташына себеп болоорун эскертти.
Германиядагы саясат таануучу, доктор, Берлиндеги "Мусулман маданияты жана коому" илимий борборунун изилдөөчүсү, кыргызстандык Махабат Садырбек Меркелдин соңку билдирүүсүнө таң калбаганын айтат. Анын пикиринде, канцлер айым ар дайым коомдо ар түрдүүлүктү жана ачыктыкты алга сүрөп келген.
- Ал эгерде мыйзам уруксат берсе, бетти толук жабууга тыюу салынат деп айтты. Жалпы эмес. Мыйзам кайсы жерлерде уруксат берет? Мектептерде, университеттерде, дүкөндөрдө же кызмат көрсөтүү тармактарында. Демократиялык, ачык жана ар түрдүүлүккө көңүл бурган Европанын коомчулугунда бул кийим көп адамдарга жакпашы мүмкүн. Ошого жараша адамдар арасында нааразылык болбошу үчүн ушуну айтты деп ойлойм.
Ангела Меркелдин паранжы тууралуу бул билдирүүсү Германияда мигранттарга каршы кыймылдар упай топтоп жаткан мезгилге туш келди. “Нью-Йорк Таймс” гезити канцлердин сөздөрүн ашынган оңчулдарга ыктай баштаган шайлоочуларды имерүү аракети катары баалады.
Меркелдин өткөн жылы миллиондой мигрантты кабыл алуу чечими коомдун айрым катмарында нааразылыкка, “Германия үчүн альтернатива” сыяктуу оңчул партиялардын күчтөнүшүнө себеп болгон. Бул өз кезегинде Меркелдин жана анын партиясынын рейтингине да терс таасирин тийгизген.
Ангела Меркел эки жыл мурда партиясынын дээрлик 97 пайызынын колдоосуна ээ болсо, бул жолку курултайда партия делегаттарынын 89 пайыздан ашыгынын добушун алды. Ошентсе да кыргызстандык окумуштуу Махабат Садырбек Меркелдин кадыры дале жогору экенин айтууда:
- Каршы пикирлерге карабастан, оңчул кыймылдарга карабастан Ангела Меркелдин таасири дале күчтүү. Партиясы аны колдоорун бул курултай да көрсөттү. Ал өзүнүн шайлоого барышын каалагандар көп болгонун айтты. Демек, артында колдогондор күчтүү. Албетте, Германиянын ичинде сын-пикир бар. Жаман көргөндөр, шайланбасын дегендер бар. Бирок андан башка татыктуу талапкер жок дегендер да көп.
Ангела Меркел 2000-жылдан бери Христиан-демократтар партиясын жетектеп, 2005-жылдан бери канцлердик кызматты аркалап келет. Германияда кезектеги федералдык шайлоо 2017-жылдын күзүндө өтөт.