Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:58

Аман болуңуз, Ангела Меркел


Ангела Меркел.
Ангела Меркел.

Жекшембиде Германияда жалпы шайлоо өттү. Аны менен өлкө тарыхындагы биринчи айым канцлер, эң узак мөөнөттөгү башкаруучу жана XXI кылымдагы дүйнөнүн эң таасирлүү лидерлердин бири Ангела Меркелдин доору соңуна чыкты.

Саясий карьерасы

Ангела Меркел саясатка Берлин дубалы кулагандан кийин келген. 1980-жылдардын аягында жана 1990-жылдардын башында Германияда болгон окуялар ага катуу таасир берген. 1989-жылы ал Демократиялык Кыймыл уюмуна кошулуп, бир жылдан кийин анын маалымат катчысы болгон жана бир нече айдан кийин ГДРдин биринчи жана акыркы коммунисттик эмес өкмөтүндө ошол эле позицияны ээлеген.

Германиядагы башкаруучу Христиан Демократиялык Биримдик (CDU) партиясы үчүн ал Демократиялык Кыймылды таштап, Германия кайра бириккенден кийин ХДБда Бундестагдын депутаты болгон. Ошол мезилдеги канцлер Хелмут Коль Ангела Меркелди өкмөткө чакырып, аялдар жана жаштар иштери боюнча министр кылып дайындаган. Канцлердин олуттуу мамилесинен улам Ангела Меркел көп жылдар бою "Кольдун кызы" аталган.

Ангела Меркел 1994-жылы айлана-чөйрөнү коргоо министри болуп дайындалган.

1998-жылкы шайлоонун натыйжасында Хелмут Коль канцлердик мандатты Социалисттик Демократия партиясынын (SPD) лидери Герхард Шрөдерге өткөрүп берген. Арадан көп өтпөй, экс-канцлер олигархтардан ХДБ партиясынын муктаждыктары үчүн акча алган деп айыпталып, партиялык башкаруудан кетүүгө мажбур болгон. Аны менен катар бир канча консерватор саясатчылар коррупциялык жаңжалдын чордонунда калышкан. Ошол учурда Ангела Меркел таза саясатчы катары таанылып, алгач эки жылдай ХДБнын башкы катчысы, ал эми 2000-жылдан тартып, партиянын төрайымы болуп шайланган жана бул кызматта 2018-жылга чейин турган.

2002-жылы Меркел өзүн Германия Федеративдүү Республикасынын канцлеринин талапкерлигине көрсөткөн, бирок Бавариянын премьер-министри, Христиан Социалисттик Биримдигинин (CSU) лидери Эдмунд Штойберге жол берген. Бирок ал шайлоодо жеңишке ээ боло алган эмес.

2005-жылдын 18-сентябрында Бундестагда мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоонун соңунда ХДБ/ХСБ блогу жана Социалисттик партия чоң коалициялык келишимге кол коюшкан. Натыйжада, Бундестагдын көпчүлүк добушуну менен 51 жаштагы Ангела Меркел Германиянын Федералдык канцлери болуп шайланган. Ошондон бери ал бул кызматын катары менен үч жолу узарткан.

Меркелдин саясатчы катары өзгөчөлүгү

Ангела Меркел Германиянын эң жогорку кызматына отурган алгачкы аял, эң жаш канцлер жана мамлекетти туруктуу таризде көп жыл башкарган саясатчы. Мындай ийгиликке буга чейин Меркелден тышкары Хелмут Коль менен Конрад Аденауэр гана жетишкен. Согуштан кийинки Германиянын тарыхында бир дагы саясатчы Чыгыш Германияда чоңойгон Ангела Меркелдей бааланган эмес.

Өзгөчө харизмасы деле жок жана мыкты оратордук жөндөмү ашып-ташып турбаса дагы, анын немис элинин эбегейсиз ишенимине ээ болуусуна бир топ негиздер бар. Аларды мен өзүмдүн байкоолорум менен байланыштырып атап берсем.

Токтоо мүнөз жана "захлих"

Ангела Меркел 2005-жылы канцлерликке талапкерлигин койгондо, мен Университеттеги окуум аркылуу Германиянын саясатын жакшы түшүнүп, шайлоолорду жана саясий процесстерди кызыгуу менен карай баштагам.

Айрыкча, "Канцлер-дебат" берүүсүн жергиликтүү досторум менен чогуу отуруп көрүп, түндүн бир жарымына чейин талкуулаганыбыз эсимде. Ошол дуэлдеги Меркел айымдын токтоолугу мени абдан таң калтырган. Ал журналисттердин кыйын жана ыңгайсыз суроолоруна кыска-нуска жооп берип, атаандашы Герхард Шрөдердин провокациясына көңүл бурган эмес.

Ал айласы кетип аягында, "Сиз эч качан канцлер боло албайсыз!" деген. Буга Ангела жылмайып гана карап, шайлоочуларды өзүнүн программасына көндүрүү жана өзүнүн иш жөндөмдүүлүгүнө ишендирүү аракетин уланта берген. Ошол кечте мен сыяктуу миңдегендер, Меркел айымдын эң башкы күчү сабырдуулугунда экенин байкап, ага баа беришсе керек деп ойлойм.

Ошондогу Ангела Меркел 16 жылдан бери кандай гана чабуул жасалбасын, эмне деген суроолор берилбесин, кандай түрдүү каршылыктар жана жагымсыз ыңгайлар жаралбасын, ошол сапатынан жазган жок деп айта аламын.

Ал өзүнүн позициясынан жана айта турган оюнан жазбайт. Өз калыбынча иштен тышкаркы сөздөрдү көңүлдөн тышкары калтырат же тамаша иретинде кыска жооп кайтарып коёт. Анын мындай өзгөчө токтоо мүнөзүнө чыдай албай бир топ саясатчылар сөзүнөн жаңылып, этикалык нормаларды бузуп алышып, өздөрүнүн имидждерин өздөрү түшүрүп алышкан. Натыйжада, Ангела Меркелди "sachlich" (маңыздуу), «Ruhepool» (тынчтыктын борбору) жана "Mutter der Nation" (элдин энеси) деген сөздөр сыпаттап келет.

Талыкпас ишкер

Ангела Меркел 2000-жылы мыйзамсыз каржылоо схемалардын айланасындагы чатактан улам бөлүнүп-жарылып, чачырандыга учураган ири партияны жетектөө милдетин мойнуна алган. Ошол учурда жаманатты болбогон, партияны жетектей турган ылайыктуу адам жокко эсе эле.

Меркел айым беш жылда партия мүчөлөрүн ынтымакка келтирип, бул партияны кайрадан иштей жана жоопкерчиликти ала ала тургандай кылып, кайра калыптандырган. Ошону менен "үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган" башкаруучу катары оозго алына баштаган. Андан тышкары ал партиянын программасын жаңыртып, "гумандуулук, бардык муундарга адилеттүү мамиле жана социалдык системаны бекемдөө" сыяктуу баалуулуктар аркылуу консервативдик багытты ортоңку позицияга алып келген.

Аны менен Христиан Демократиялык партия кайрадан "элдик партия" катары шайлоочулардын кеңири катмарына таяна баштаган. Меркел айым партиянын төрагалыгын 2018-жылы тапшырган. Коштошуу аземинде анын эбегейсиз зор эмгенин партия мүчөлөрү орундарынын туруп, туура беш мүнөткө созулган кол чабуу менен баса белгилешкен. Мындай сый-урмат немис саясатында сейрек кездешчү нерсе.

Мыкты дипломат

Ангела Меркел ички жана тышкы саясатта абдан тажрыйбалуу дипломат катары белгилүү. Ал өзүнүн партиялаш атаандаштарын буга чейин өзүнүн системасына интеграциялап алганга жетишкен, аны менен макул болбогондор көп учурда өздөрүнүн кетирген каталары үчүн саясий аренадан алыстап кетүүгө мажбур болушкан.

Бул тууралуу Меркелдин биографы, журналист Жаклин Бойсен:

"Ал шахмат тактасындагы фигураларды эч ким ага коркунуч туудурбагандай кылып өзгөртөт",–деп жазат.

Меркел айым чындыгында эле ар түрдүү пикир келишпестиктерди ич-ара сүйлөшүүлөр аркылуу тынч жол менен жоё билет. Ал канцлер катары 2005-жылдан бери өкмөт курамын түзүүдө ХДБ Бундестагда бир канча ирет тиешелүү көпчүлүк орунга ээ боло албагандыктан, башка оппозициялык партиялар менен "чоң коалиция" түзүүгө мажбур болгон.

Сүйлөшүү-макулдашуулар канчалык узакка созулуп, кандай кыйындыкка турбасын, Меркел айым аягында баарынын көңүлүн таба билген жана каршылаш партиялаштардын ичинде "мыкты дипломат" катары кадыр-баркка ээ болгон. Буга анын европалык жана дүйнөлүк саясатчылар менен түзгөн мамилеси дагы кошумча болгон.

Суверендүү жана принципалдуу саясатчы

Мыкты дипломат болуу менен бирге Ангела Меркел өзүнүн позициясын ачык-айкын айткан эң көз карандысыз саясатчылардын бири. Муну анын саясий атаандаштары да моюнга алышат. Ал ар дайым башка өлкөлөрдөгү диктатордук режимдерге карата сын-пикирин билдирип, демократиялык өнүгүүнү жана адам укуктарынын сакталышын өзүнүн иш-аракеттери менен колдоп турат.

Куугунтукка алынган азчылыктардын өкүлдөрүн жана оппозиционерлерди жолуктурууда ал эч кандай каршылыктарга жана эл-аралык экономикалык мамилелерди начарлатып алуу коркунучуна дагы карабайт. Мисалы 2007-жылы Ангела Меркел Далай Ламаны Берлиндеги кеңсесинде кабыл алып, сенсация жараткан.

Ал ошондой эле Орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйды ооруканадан көрүп кетип, кийин анын абактан бошотулушун расмий сапарында Владимир Путинден талап кылган. Меркел Украинанын чыгышындагы окуялардын фонунда Орусияга каршы санкция киргизүүнү колдогон жана Түркиянын Евробиримдикке кошулушуна каршы экенин бир нече жолу Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушканда айткан.

Легендарлуу прагматик жана менеджер

Германиянын канцлери легендарлуу прагматик катары да таанымал. Жаклин Бойсен мындай деген сүрөттөмө берет:

"Ал цифраларга, илимий маалыматтарга жана фактыларга таянып, эксперттер менен терең ой-пикир алмашып, чечим чыгарат. Мындай учурда ал партиясынын идеологиялык принциптерин унутуп коюга даяр".

Меркелдин Жапониянын Фукусима АЭСиндеги авариядан кийинки Германиядагы атомдук станцияларын жабуу чечими анын прагматизминин эң белгилүү мисалы. Анын прагматикалык ой-жүгүртүүсү анын өзгөчө кырдаалды жөндөмдүүлүгүн көрсөтө алгандыгы менен айкалышып кетет.

2008-жылдагы экономикалык кризисте канцлер Германиянын гана эмес Европа өлкөлөрдүн пайдасына чегерилген бир кыйла тобокелчик чечимдерди кабыл алган. Учурунда жергиликтүү элдин "ур-токмогуна" алынган Меркелдин саясаты аз убакыт өтпөй жемишин берип, анын иштин көзүн билген менеджерлик талантын эркин Германия гана эмес, дүйнө коомчулугу баалап баштаган.

Андан бери Евробиримдикте экономика туруктуу абалга келип, жумушсуздуктун деңгээли акырындап төмөндөп, 2018-жылдан бери Германия дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрдүн катарында турат. Ушул сыяктуу Европа уюмунун туруктуулугу үчүн жасаган кыйла иш-аракеттери үчүн Меркелди көп учурда "евроканцлер" деп аташат.

Ишке катуу, элге жакын

Жергиликтүү массалык маалымат каражаты канцлер айымды "ишке катуу, элге жакын" деп сүрөттөйт. Ангела Меркел чындыгында эле элге жакындыгы, жөнөкөйлүгү жана жупунулугу менен бааланат. Анын жөнөкөйлүгү анын жашыруун куралы сыяктуу деп айтмакчымын. Анткени көп саясатчылар жоош көрүнгөн, сөзгө чоркок айымга туура эмес баа берип алып, аягында ара-жолдо калышкан. Ал эми анын кийген кийими тууралуу суроолорго Меркел айымдын:

"Мен модел эмесмин, жөн гана саясий кызматкермин",-дегени учкул сөзгө айланган. Айтор, бийликке келгенден бери Меркелдин алсыз жактары деп аталган нерселер анын лидер катары жетишкендиктеринин астында бара-бара көмүскөдө калып, тескерисинче анын күчтүү сапаттарына айланган.

Баарыбызга белгилүү болгондой, Ангела Меркел кызматтык үйдөн баш тартып, жолдошу экөө Берлиндин борбордук бөлүгүндө жайгашкан төрт бөлмөлүү ижарага алынган батирде жашайт. Ал эл катары өз каражатына эс алууга чыгат, күнүмдүк азык-түлүгүн дүкөнгө барып өзү алат жана курал жаракчан катар-катар жан сакчыларга муктаж эмес. Бул анын дүйнөлүк башкаруучулардын ичиндеги айрыкча өзгөчөлүгү.

Өмүр баяны жана жеке жашоосу

Ангела Доротеа Каснер 1954-жылы Гамбург шаарында жарык дүйнөгө келген. Атасы теолог жана эвангеликалык дин кызматчысы (пастор), энеси болсо латын менен англис тилдеринен мугалим болгон. Алар тун кызы Ангела төрөлгөндөн аз убакыт өтпөй Берлин шаарына жакын көчүп келишкен. Алар дагы бир уулдуу жана кыздуу болушкан.

Ангеланын балалыгы жана өспүрүм кези Германия Демократиялык Республикасынын Темплин деген чакан шаарчасында өткөн. Чыгыш Германияда диний үй-бүлөлөрдүн балдарына "көбүрөөк" көңүл бурулганына карабастан, Меркел социалисттик режимден өзгөчө кыйынчылыктарга дуушар болгон эмес. Тескерисинче, ал балалыгын "булутсуз өттү" деп эскерет.

Мектепте Германиянын болочок канцлери математика менен орус тилиндеги ийгиликтери менен көпчүлүктүн көңүлүн бурган жана 1968-жылкы олимпиадада орус тилинен жеңүүчү болуп, Советтер Союзуна жолдомо менен сыйланган.

Мектепти аяктаган соң Ангела Каснер 1978-жылы Лейпциг университетинин физика бөлүмүн бүтүргөн. Студенттик убакта ал биринчи жубайы Улрих Меркел менен баш кошкон. Беш жылдан кийин экөө эки айры жолго түшүшкөн, бирок Ангела Меркель мурунку жубайынын немис тилиндеги merklich (белгилүү) дегенди түшүндүргөн уккулуктуу фамилиясын өзгөртпөй сактап калган.

Ал 1986-жылы физика илими боюнча докторлук диссертациясын жактагандан кийин, 1990-жылга чейин ГДРдин Илимдер Академиясында, Физика-химия институтунда илимий кызматкер болуп иштеген жана ал жерден кийинки жубайы кванттык химия илиминин профессору, эки уулдун атасы Йоахим Зауерге турмушка чыккан. Ангела Меркелдин балдары жок. Өзүнүн айтымында, балалуу болууну ал четке каккан эмес. Эс алуу учурларда канцлер айым жубайы жана анын балдары, неберелери менен бирге жаратылышта убакыт өткөргөндү, тамак-аш, багбанчылык жана конок тосуу менен алек болгонду жакшы көрөт.

Махабат Садырбек кызы.
Махабат Садырбек кызы.

Ангела Меркел дүйнөлүк жана эл-аралык белгилүү сыйлыктардын ээси. Ага жүздөгөн атактуу илимий борборлор жана жогорку окуу жайлары ардактуу доктор жана профессор наамдарын ыйгарган. Бул аны ийгиликтүү саясатчы гана эмес, билимдүү инсан экенин да баса белгилейт.

Айтылуу Forbes журналы Ангела Меркелди катары менен он бир жолу дүйнөдөгү эң таасирдүү башкаруучу катары атаган. Айтор, бул адамдын басып өткөн жолу – билимдүү дипломаттын, иш билги менеджердин, прагматик саясатчынын ийгилик тарыхы жана чыныгы лидерликтин үлгүсү.

Махабат Садырбек кызы, Саясат таануучу, юридикалык антропология илимдеринин доктору, Берлин шаары.

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

XS
SM
MD
LG