Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:32

Грузия: шайлоо алдындагы алым-сабак


Михаил Саакашвили
Михаил Саакашвили

Грузияда 8-октябрга белгиленген парламенттик шайлоонун алдында саясий кайым айтышуу күчөдү.

Мурдагы президент Михаил Саакашвилинин партиясынын жаштар канатынан бөлүнүп чыккан активисттер Саакашвилини өлкөдө башаламандык уюштурганы жатат деп айыптап чыгышты.

Экс-президенттин тарапкерлери муну бийликтеги “Грузин кыялы” партиясынын чагымчыл аракети деп атады. Полиция абалды чыңалтууну көздөгөн бардык аракеттерге чара көрөрүн эскертти.

Саакашвили айыпка кабылды

Грузиянын мурдагы президенти, Украинанын Одесса облусунун азыркы губернатору Михаил Саакашвили каралбай калган портту кыдырып жүргөн кезде, ага мекенинде башаламандык уюштурууну көздөгөн деген кине коюлду.

Саакашвилинин “Бирдиктүү улуттук кыймыл” партиясынын “Эркин аймак” аттуу бейрасмий уюмунан чыгууну чечкен жаштар мурдагы президенти парламенттик шайлоодон кийин абалды туруксуздаштыргысы келет деп айыпташты. Алар “экс-президент шайлоонун жыйынтыгын кайра карайбыз деген талап менен Грузияда атайылап тополоң чыгарууну көздөйт” дешет.

Грузияда шайлоо боюнча өткөн дебаттарга катышкан саясатчылар эки жолу мушташа кетишти.
Грузияда шайлоо боюнча өткөн дебаттарга катышкан саясатчылар эки жолу мушташа кетишти.

Маалымат жыйынын өткөргөн он адам Саакашвилиден түз буйрук алышканын, бул окуядан кийин партиядан оолак болууну чечишкенин айтышты:

- Шайлоону үзгүлтүккө учуратып, башаламандык жаратуу – башкы тапшырма болчу. Партиянын август айындагы жыйындарында эле “Улуттук кыймыл” партиясы абалды чыңалтууну көздөп жатканы айтылган. Саакашвили жеке өзүмө ортомчу аркылуу нускама берерин айтты. Шайлоодо бурмалоо болду деп элди көчөгө алып чыгышыбыз керек эле. Анда мамлекеттик мекемелер курчалып, жабырлануучулар да болмок. Мен Украинадан тынч кетүү үчүн Саакашвилиге макул деп койгом, - деди “Эркин аймак” уюмунун мурдагы мүчөсү Бесо Каладзе.

Ыктымал башамаландык тууралуу маалымат берген бул он адамды Коопсуздук кызматы суракка чакырды. Жаштар чагымчылдыкты токтотуу максатын көздөшөрүн айтышууда. Бийликтеги “Грузин кыялы” партиясынын өкүлдөрү өкмөттүн кооптонуулары чын чыгып жатканын билдиришти.

Бийликпи же оппозициябы?

Азыр Украинада иштеп жүргөн Саакашвилиге Грузияда бир нече кылмыш иши ачылып, өлкө ичинде издөө салынган. Анын “Улуттук кыймыл” партиясынын өкүлдөрү бийлик өзү чагымчылдыкка барып жатканын, соңку айың кептер бийликтеги партиянын гана кызыкчылыгына иштеп жатканын айтышат. Партиянын мүчөсү Серги Канападзе Ички иштер министрлиги күч колдонууга негиз даярдап жатат деди:

- Биринчиден, бул саясий буюртма. Экинчиден, зомбулук боюнча бир дагы реалдуу факт иликтенген эмес. Андыктан азыр күч түзүмдөрү бийликтен кандай буюртма алганы маанилүү. Мунун баары оппозициялык партияларга каршы күч колдонуу аракетине даярдык жүрүп жатканынан кабар берет.

Бидзина Иванишвили баштаган "Грузин кыялы" партиясы төрт жыл мурунку шайлоодо алдыга озуп чыккан.
Бидзина Иванишвили баштаган "Грузин кыялы" партиясы төрт жыл мурунку шайлоодо алдыга озуп чыккан.

Политолог Георгий Гобронидзе улуттук коопсуздук менен азыркы бийликтин коопсуздугун теңеп коюу кооптуу экенин эскертүүдө. Ал өлкөдөгү башаламандык бир дагы тарапка кереги жоктугун, бул өзгөчө “Улуттук кыймыл” партиясына зыян алып келерин айтты:

- Эгер алар кандайдыр бир чагымчылдыкка жол берип жатса, анда бул саясий уюм такыр жок болуп кетиши мүмкүн. Грузин коомчулугу дагы бир чагымчылдыкка чыдабайт деп ойлойм. Коомчулук ыңкылаптардан чарчап бүттү.

Ал тапта мурдагы президент Саакашвили менен “Улуттук кыймылдын” өкүлдөрү революциялык сценарийди талкуулап жатат делген аудио интернетке жарыяланды. Саакашвили аны монтаж деп атап, “Грузин кыялы” партиясын негиздеген Бидзина Иванишвили бул өңдүү ыкмалар менен шайлоодо жеңилбестин амалын издеп жатат деди.

Дал ушул “Грузин кыялы” төрт жыл мурдагы шайлоону жеңип чыгып, президент Саакашвилинин партиясын артта калтырган. Шайлоодон кийин экс-президенттин командасындагы бир катар саясатчылар жоопко тартылган.

2003-жылы Роза революциясын баштан өткөргөн Грузияда сегизинчи жолу өтүп жаткан бул парламенттик шайлоого 19 партия катышууда.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG