Гаврилов Грузияга Православ парламент аралык ассамблеясына төрагалык кылуу үчүн барган. Нааразылыкка чыккан грузиндер жыйын учурунда анын спикердин креслосуна отурушун "Грузияны сыйлабастык" катары баалашты. Гаврилов бейшембиде ассамблеянын жыйынын парламент төрагасынын ордуна отуруп ачкан. Тыныгуудан кийин да ошол жерге кайтууну көздөгөндө грузин депутаттары ага жолтоо болуп, «мамлекеттик институттарды шылдыңдоого жол берилбейт» деп жооп кайтарышканын жергиликтүү басылмалар жазышты.
Тбилиси тынч эмес
Тбилисиде түнү менен нааразылык акциялары өттү. Элдин нааразылыгына орусиялык депутат-коммунист Сергей Гавриловдун Тбилисидеги сапары учурунда спикердин ордуна отурганы себеп болду.

1
Грузин парламентинин алдындагы нааразылык акциясында полиция демонстранттарга каршы желим окторду жана көздөн жаш агызуучу газды колдонду.

2
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Тбилисидеги кагылышта 240 демонстрант, дагы 80 полиция кызматкери жаракат алган.

3
Нааразылык акциясына чыккандарды Михаил Саакашвили да колдоп, полицияны "эл тарабына өтүүгө" үндөдү.

4
Таңга маал Грузиянын күч түзүмдөрү кырдаалды толук көзөмөлгө алып, демонстранттар парламенттин аймагынан чыгып кетишти. Бирок оппозициянын лидерлери 21-июнда нааразылык акциялары улана турганын убада кылууда.

5

6
Жергиликтүү маалымат каражаттары башаламандык учурунда бир канча адам кармалганын жазды, бирок бул тууралуу азырынча так маалымат жок.

7

8

9
Полиция демонстранттарга каршы эки жолу көздөн жаш агызуучу газды колдонду.

10

11

12

13

14

15