Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:11

Асаддын өкмөтү Женеваны күттүрүп жатат


Сириянын президенти Башар Асад, Дамаск шаары, 14-ноябрь 2017-жыл.
Сириянын президенти Башар Асад, Дамаск шаары, 14-ноябрь 2017-жыл.

Сириянын өкмөттүк делегациясы Женевадагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө бир күн кеч келерин билдирди. Оппозиция болсо президент Башар Асаддын өкмөтүн "28-ноябрга белгиленген сүйлөшүүлөрдү атайын создуктуруп жатат" деп күнөөлөдү.

Бириккен Улуттар Уюму Женевадагы кеңсесинде ушуну менен Сирия сүйлөшүүлөрүнүн сегизинчи айлампасын өткөрүп жатат. Ага катыша турган Сирия оппозициясынын 50 адамдан турган жаңы делегациясы эртелеп Швейцариянын экинчи ири шаарына келип жайгашкан.

Бирок президент Башар Асаддын өкмөтүнүн өкүлдөрү келер-келбесин ачык айтпай жатып, акыры тынчтык сүйлөшүүлөрүнө бир күн кеч же 29-ноябрда келе турганын БУУнун Сирия боюнча атайын чабарманына билдирди. Бирок өкмөт кечигүүнүн себебин так түшүндүргөн жок.

Андан мурда оппозиция өкмөттү "сүйлөшүүлөргө олуттуу көңүл бурбай, убакытты атайлап создуктуруп жатат" деп айыптаган. Бул жолку жыйында Сириянын жаңы башмыйзамынын долбоорун даярдоого жана аны кабыл алуу маселесине көңүл бурулмак.

"Женевада чыныгы сүйлөшүүлөргө даярданыш үчүн мен чыныгы дипломатия керек экенин айтып келгем. Биринчиден, өкмөттүн делегациясы сүйлөшүүгө даяр болуп келиши керек. Экинчиден, оппозицияда бирдиктүү позиция болушу зарыл. Үчүнчүдөн сүйлөшүүлөр алдын-ала шарттарды койбостон Женевада өтүшү керек", - деди 27-ноябрда БУУнун чабарманы Стефан де-Мистура.

БУУнун Сирия боюнча чабарманы Стефан де-Мистура Астанадагы сүйлөшүүлөрдө, 15-сентябрь 2017-жыл.
БУУнун Сирия боюнча чабарманы Стефан де-Мистура Астанадагы сүйлөшүүлөрдө, 15-сентябрь 2017-жыл.

Оппозиция өткөн аптада Эр-Рияддагы жыйындан кийин Женевадагы сүйлөшүүлөргө бирдиктүү делегациясын жөнөтөрүн жарыялаган. Делегациянын башчысы Наср Харири 27-ноябрда Женевага келгенден кийинки билдирүүсүндө оппозиция президент Асадды бийликтен кетирүү талабында бекем тураарын айтты:

- Биздин максат - Башар Асадды өткөөл мезгилдин башында бийликтен кетирүүгө кепилдик берген саясий чечимге жетишүү экенин дагы бир жолу белгилейбиз.

Асаддын режими Орусия сыяктуу өнөктөштөрүнүн колдоосу менен мурда тарттырып жиберген аймактарынын көбүн кайра алгандан бери мындай талапка эми такыр эле кулак салгысы келбей калды. Сириянын өкмөттүк “ал-Ватан” гезити оппозициянын талабы Дамасктын делегациясы Женевага кечигип барышы мүмкүн экенин жазган.

Сирия оппозициясынын Рияддагы жыйыны, 22-ноябрь 2017-жыл.
Сирия оппозициясынын Рияддагы жыйыны, 22-ноябрь 2017-жыл.

Сирия өкмөтү сүйлөшүүлөрдө эмнеге басып жасашы мүмкүн экенин сириялык эксперт Мухаммад Омари мындайча жоромолдойт:

- Сириянын өкмөтү террорчулукту токтотуу, өлкө ичиндеги саясий процесттерге аралашуу сыяктуу талаптарын баса белгилейт. Өкмөт оппозицияны колдогон башка өлкөлөрдү айыптоону улантат.

Кантсе да Асаддын өкмөтү Орусиянын, Түркиянын жана Ирандын кепилдиги менен Астанада өтүп жаткан сүйлөшүүлөргө эч кечигүүсүз эле катышып жатканы маалым. Казакстандын борборундагы бул сүйлөшүүлөрдө буга чейин Сириянын аймагында ок атышууну токтотуу жана деэскалация аймактарын түзүү боюнча макулдашуулар болгон. Женевадагы сүйлөшүүлөрдө олуттуу жылыштар байкала элек.

Сирияда жарандык согуш 2011-жылдын жазында демократиялык өзгөрүүлөрдү талап кылып чыккан демонстранттарды президент Башар Асаддын режими күч менен басууга аракет кылгандан тартып башталган. Сириядагы жарандык согушта азыркыга чейин 330 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылып, алты миллиондой адам өлкөнүн сыртына качып чыгып, 5 миллиондой киши өлкө ичиндеги качкынга айланды.

Жекшемби күнү Сириянын кеминде эки аймагындагы аба чабуулдарынан 70тен ашык кишинин өмүрү кыйылды.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG