Казакстан Газа тилкесиндеги жарандарын атайын авиакаттам менен алып келди. Каирден чыккан учак 17-ноябрда Алматыга конду.
Кан күйгөн жерден кайтып келгендердин арасында алматылык ветеринар Сюзанна Эл-Султан да бар. Калаба болуп жаткан аймакта бир айдан ашык убакыт жүргөн кыз “Настоящее Время” каналына көргөн-билгендерин айтып берди (орусчадан которулган текст ылдыйда).
Ал эми Тель-Авив шаарында алты жылдан бери жашаган кыргызстандык Гүлзат Темирканова "Азаттык" менен маегинде Израилдеги соңку кырдаалды сүрөттөп, жергиликтүү калктын Газадагы окуяларга болгон мамилеси тууралуу сөз кылды.
Алматылык Сюзаннанын баяны
Сюзанна Эл-Султандын атасы палестиналык, казак паспорту бар. Бир нече тууганы Газа тилкесинде жашайт. Алардан кабар алганы 4-октябрда барган Сюзанна үч күндөн кийин асманда учкан ракеталардын добушунан ойгонгон. АКШ жана Евробиримдик “террордук” деп тааныган ХАМАС радикал тобу Израилге сокку уруп, жөөт армиясы Газага согуш ачкан учур эле. Сюзаннанын туугандары бул жерде кээде кагылышуулар болорун, адатта бир-эки күндө токтой турганын, андыктан кооптонууга олуттуу себеп жоктугун айтышкан.
“Жергиликтүү тургундар коркпойт. Биздин туугандарыбыз түндүктөгү Бетляхия айылында жашайт. Ал кыштакта биздин туугандарыбыз көп, баары бири бирин таанышат. Кандайдыр бир маселе жаралбасын, согушчандар көчүп келип албасын деп башка бирөөлөргө үйлөрүн, жерлерин сатышпайт. Ошондуктан согуштук аракеттер маалында кабатырланган деле эмес. Алар “үч-беш күн күтө тургула, жакшы болот" дешти. Бирок, тилекке каршы, башкача болуп болуп чыкты. Бул жолу мынчалык олуттуу согуш болорун эч ким күткөн эмес”, - деди Сюзанна.
Сюзанна алгачкы күндөрү үйдө эле болушканын, Газанын түштүгүндөгү туугандарына чалып, абалын сурап турганын белгилейт. Бирок саат сайын кырдаал курчуп, түндүктөгү Жабалия шаарына кетүүнү чечишкен. Ал жерде жардыруулардын үнү азыраак угулганы менен, баары бир кооптуу болчу.
“Коркунучтуу болду, анткени биз кимдердин арасында жашап жатканыбызды билбейбиз. Эгер өзүбүздүн аймакта болсо, анда айланадагыларды таанымакпыз, тынчсызданбайт элек. Эч нерсе болбойт деп болжолдогонубуз менен ал жактагы адамдарга ишенбедик. Бир канча убакыт күттүк, Израилден эл түндүктү таштап, түштүккө кетсин деген расмий маалымат келгенде, туугандарыбыз менен коштошуп, машинеде жөнөдүк. Аларды кайра көрбөсөк керек деп ойлодук. Чек арага жакындаганда ал жабык экенин түшүндүк. Артка, шаарга бир аз жакыныраак жерге кайттык. Түштүк тарапта БУУнун мектебинде калдык”, - дейт Эл-Султан.
Сюзанна мектептин имаратында качкындар үчүн уюштурулган лагерде туугандары менен турган. Кийинчерээк аларга согуштан качып келген башка туугандары да кошулду. Уюлдук байланыш жана интернет иштебеген учурлар болду. Адамдар тар бөлмөлөргө тыгылып, муктаждардын баарына орун табууга аракет кылышты.
“Баарыбыз полдо уктап, полдо тамактандык. Жарык берип турушту. Кээде такыр жарык жок болсо, кээде бир саатка беришет. Дайыма караңгы. Тамак жасаганга газ издейт элек. Газ абдан аз болгондуктан, түгөнүп калды. Көгүлтүр отту үнөмдөгүлө деп баары бири бири менен урушкан учурлар болду. Кээде суу жеткирип беришет, кээде жок. Адегенде туздуу сууну бекер алып келишти, кээ бирөөлөр аны менен тамак жасап, кир-когун, бети-колун жуушту. Кийинчерээк акчага таза суу берилди. Челектеги сууну эшектерге жүктөп алып келишчү. Албетте, ал баарына жетчү эмес”, - деп сөзүн улантты Сюзанна.
Бөтөлкөдөгү бир литр суунун баасы төрт доллар. Бирок аны саткан дүкөндү табуу кыйын. Сюзанна суу тартыштыгынан лагердеги антисанитардык абалдын курчуганын, айлана таштандыга толуп, ротавируска чалдыккандар көбөйгөнүн белгиледи. Кээде лагерге келген гуманитардык жардам адамдарга жетпей калган учурлар болду. Согуш баарын кайгыга салды. Баары аймакта тынчтык орношун тилеп жатты.
“Жергиликтүү элдин айтымында, палестиналык тургундардын 80% ХАМАС кыймылына каршы. Байкашымча, көпчүлүк ХАМАС ракета атып жатканына кабатыр жана буга кыжырданууда. Мен сүйлөшкөн кишилер, мен билген адамдар бул кыймылга каршы. Алар ХАМАСтын мындан ары болушун каалабайт. Көпчүлүк калаба тезирээк бүтүп, ХАМАСтын кетишин тилейт. ХАМАС бийликке келгенден бери элдин жашоо деңгээли абдан начарлап кеткен, адамдар муну түшүнөт, ошондуктан ХАМАСты колдобойт”, - деди ал.
Кырдаалдын барымтасында калган Сюзанна жана башка казакстандыктар менен Казакстандын тышкы иштер министрлиги байланышын үзбөдү. Консул аларды согуштук аймактан алып кетүүгө убада берип, көп өтпөй ал убада аткарылды. Алматылык кыз мекенине кайтып жатканы тууралуу бир канча жолу түш көргөнүн айтып берди.
15-ноябрда казакстандыктардын бир тобу Газа тилкеси менен Египеттин ортосунда жайгашкан Рафах чек ара пунктунан өтүштү. Ал жерден Каирге жеткирилип, мейманканага жайгаштырылды.
17-ноябрда Сюзанна туугандары менен Алматыга кайтып келди. Ал жакын арада тоого чыгууну көздөп жатат:
“Тоолорубузга баргым келет. Ошого аябай көңүлүм тартып турат. Мурда тоого чыкканды көп жактыра берчү эмесмин. Ошентсе да биз жакка келген чет элдиктерге тоого чыгууну сунуштайт элем. Эми өзүм да каалап турам. Жымжырттыкта тоолорго карап суктанып отургум келет".
Сюзанна Газа тилкесинде бир айда баштан кечиргендерин эч качан унутпайт. Ал бул аймакта тынчтык болушун каалайт. Газада калган туугандары менен жакын арада жолугам деп тилек кылат.
Тель-Авивдеги Гүлзаттын баяны
Израилдиктер Газадагы карапайым тургундардын өлүмүн, согушту каалашпайт. Тель-Авив шаарында алты жылдан бери жашаган кыргызстандык Гүлзат Темирканова бул пикири менен бөлүштү. Ал "Азаттыкка" курган маегинде өлкөдөгү азыркы кырдаалды сүрөттөп, жергиликтүү калктын Газадагы окуяларга мамилеси тууралуу айтып берди.
Гүлзат калаба башталган алгачкы түндү мындайча эстейт:
“7-октябрь күнү мен нөөмөттө элем, ишке келип, кофе ичип жумушка киришейин деп жатканда, телефонумдагы тиркеме шыңгырап калды. Бул атайын коркунуч тууралуу белги берүүчү тиркеме эле. Ал көптөн бери шыңгырай элек болчу. Ошондуктан адегенде ишенип-ишенбей туруп калдык. Тиркеме тынымсыз шыңгырай берди, анан көчөдө сиреналар жаңыра баштады. Биз баарыбыз бомбадан коргоочу жайга шашылдык. Ошондо таңкы саат алты жарым болуп калган. Ал күнү майрам эле - булардын Тоорат деген ыйык китебинин күнү белгиленип жаткан. Андан тышкары ишемби булар үчүн ыйык күн деп саналат. Ошол күнү ушундай чабуул жасалды. Ал күндү эстеп айтып берүү дагы оор. ХАМАС радикал тобунун жоочулары кинодогудай автоматтар менен кирип барышып эле туш келди баарын аткылап салышты. Балдарды, кары-картаңдарды аяшкан жок. Согуш армиялардын, аскерлердин, куралдуу адамдардын ортосунда болот деп ойлочумун. Көрсө, андай эмес экен. Буга чейинки ракеталык чабуулдарга, кыска кагылышууларга жергиликтүүлөр көнүп деле калышкан. “Ракета атылып жатат” деп жумушка кете берчүбүз. Бул жолку кол салуу мыкаачылыктын деңгээли менен да айырмаланды десем болот.”
Газадагы карапайым калк арасындагы жоготуулар эл аралык коомчулуктун нааразылыгын пайда кылып, дүйнөнүн булуң-бурчтарында миңдеген кишилер урушту токтотуу талабы менен көчөлөргө чыгып жатышат. Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш Газа тилкеси «балдар көрүстөнүнө айланып баратканын» айтып, согушту дароо токтотууга чакырды.
Стоматологияда иштеген мекендешибиз Гүлзат Газа тилкесиндеги карапайым тургундардын өлүмүн израилдиктер да каалашпайт деген оюн бөлүштү:
“Албетте, карапайым тургундардын өмүрү кыйылып жатканы баарын эле капа кылууда. Жөн-жай тургундар бөөдө өлүмгө учурап жатат. ХАМАС ушундай болорун билип туруп, өз элин курмандыкка чалууда. Карапайым тургундар запкы жебеши керек. Баары эле ушул ойду карманышат. Бул согуш баары үчүн эле күтүүсүз болду окшойт. Эч ким Газадагы карапайым тургундарга каршы жасалып жаткан чабуулду колдобойт. Ар ким ар кандай айтат. Кээ бирөөлөрдүн сөзүнө карасаң, муну Орусия атайын дүйнөнүн көңүлүн Украинадан алаксытуу үчүн уюштурушу мүмкүн дешет. Ким билсин".
Толук курчоодо калган Газа тилкесиндеги гуманитардык абал “апаатка” айланып калганын эскерткен эл аралык уюмдар коңгуроо кагууда. Кыргызстандын Түркиядагы жана Израилдеги элчиси Руслан Казакбаев Израилдеги 40тан ашуун кыргызстандык чыгып кетүүгө даяр экенин кабарлаган. Элчиликтин тизмесинде жалпысынан 93 киши бар экени маалым.
Гүлзат азырынча Израилдин чыгып кетүү тууралуу ойлонбогонун айтат. "Согуш башталгандан алты күндөн кийин гана биз көчөгө чыга баштадык. Бул убакытта баары жабылды, бала-бакча, мектептер иштеген жок. Азык-түлүк дүкөндөрү, дарыкана, оорукана сыяктуулар гана иштеп турду. Ошол алтынчы күнү көчөгө чыкканда кошуналарыңдын баары ал-акыбалыңды сурап, кофесин, таттуу-тармегин сунуп турганын көрүп эч жакка кеткиң келбейт. Булар аябай ынтымактуу, жада калса азыр жумурткаларына чейин “биз биргебиз” деп жаза башташты. Ошондуктан чыгып кетүү тууралуу ойлонгон деле жокпуз".
Гүлзаттын айтымында, алар күнүнө бери дегенде алты жолу бомбадан коргонуучу жайга түшүүгө аргасыз. Анткени ракетанын өзү болбосо да анын сыныктары тийиши мүмкүн деп кооптонушат.
"Азыр деле, албетте, оор. Ракеталык аткылоо башталганда бул жакта “манат” деп коёт, бомбадан коргоочу жайга киребиз. Ал жакта орто эсеп менен он мүнөт отуруп чыгып, кайра ишибизди улантабыз. Жашоо уланат. Күнүнө болжол менен алты жолу коркунуч бардыгын билдирген сиреналар жаңырат. Биз коргонуучу жайга чуркайбыз. Эми ракетанын өзү тийбейт, бирок анын сыныктары түшүүсү мүмкүн. Кээ бир жерде машинеге тийип, жарылуу болот. Айрым аймактарда үйлөргө тийген учурлар катталат. Акыркы жолу бир саат мурда сирена жаңырды. Ар бир имаратта бар андай бөлмөлөр. Болбосо биринчи менен экинчи кабаттын ортосуна барып туруш керек. Ал эми көчөдө машине айдап бараткан болсоң, чыга калып жолго жатышың керек. Айырмасы жок, цементи, чөппү, айтор жерге жатып, башты катыш керек", - дейт Гүлзат.
- 7-октябрда ХАМАСтын согушкерлери Израилге кол салып, 1200дөй бейкүнөө адамды өлтүрүп, 200дөн ашуун кишини барымтага алган. Израил армиясы Газа тилкесинде согуш баштаган. Жөөт аскерлеринин абадагы жана жердеги чабуулдарынан карапайым калк өлүп, ырайымсыздык өкүм сүрүп жатканын эл аралык коомчулук айыптап жатат. Израил армиясы ХАМАСтын согушкерлери жарандарды тирүү калкан катары колдонуп жатканын жүйө келтирүүдө.
- ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын саламаттык сактоо мекемеси согуш башталганы 12 миңден ашуун киши набыт болгонун маалымдады. 3 миңге чукул палестин дайынсыз. Бул сандарды көз карандысыз булактардан бышыктоо мүмкүн эмес. Улуттар Уюмунун агенттигинин эсебинде бир жарым миллиондон ашуун тургун аймактын түштүк тарабына качууга мажбур болду.