Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:27

Азербайжан: “Жөжөлөрүм” ырынын обонун жазган композитордун оор тагдыры


Гамбар Гусейнли (1916–1961), азербайжан композитору.
Гамбар Гусейнли (1916–1961), азербайжан композитору.

Мурдагы совет өлкөлөрүндө гана эмес, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө азербайжандык “Жөжөлөрүм” ыры сүйүктүү балдар ырына айланган. Арийне, бул ырдын обонун жазган композитор Гамбар Гусейнлинин жазыксыз эле сталиндик капаста жатып чыкканын көбү билишпейт. Тарыхчынын блогу.

Бала чактагы элестер

Кыргызстанда совет доорундагы ар бир мектепте жана бала бакчада жеткинчектердин концерттери болоор эле. Бала чагым 1960-жылдардын экинчи жарымына – 1970-жылдардын башына туш болду. Ошондо эсте калган бир жаркын нерсе – жеткинчектердин ар бир классында “Жөжөлөрүм” ыры хор менен же жекече ырдалаар эле. Айрым учурларда алар кичинекей балдардын бийлери менен коштолчу.

Балдар ырдап жана бири-бири менен түртүшүп жандуу бийлеп жатышканда, ар кимдин көз алдына жөжүрөгөн татынакай жана аруу балапандар элестелээр эле.

Гамбар Мухтар уулу Гусейнли
Гамбар Мухтар уулу Гусейнли

“Жөжөлөрүм” – азербайжан балдар музыкасынын энтамгасы

Чынында эле “Жөжөлөрүм” (Cücələrim) ыры тестиер балдар үчүн ырдоого жеңил, шайыр, ыргагы бийлөөгө ылайыктуу, табиятка сүйүү менен мамиле кылууга жана камкорлукка чакырган өтө оригиналдуу обондуу ыр.

Анын обонун 1949-жылы (башка маалыматтарда 1948-жылы делет) айтылуу азербайжан композитору Гамбар Мухтар уулу Гусейнли (Qəmbər Muxtar oğlu Hüseynli; 16.4.1916, Елизаветполь, падышалык Орусиянын Кавказ оторчулук аймагы — 31.7.1961, Бакы, Азербайжан) чыгарган.

Оболу Гамбардын көөдөнүндө балдар үчүн ылайык татынакай күү жаралат да, бул күүгө ылайык текстти тестиерлердин тилин таап ыр жазып жүргөн акын, ини досу Тофик Мүтеллим уулу Муталлибов (Tofiq Mütəllim oğlu Mütəllibov; 13.4.1929, Нахичеван, Азербайжан – 30.10.1992, Бакы, Азербайжан) жазып берет.

Алгач бул ырды Ариф Казиев ырдап чыккан экен. Бирок бул обондуу ыр алгач чыгарылгандан он жыл кийин гана, 1959-жылы мурдагы Советтер Биримдигинин жалпы аймагына жана андан ары дүйнө жүзүнө кеңири маалым болду.

Ошол 1959-жылы өспүрүм ырчы Сугра Багирзаде Азербайжан элинин Маскөөдөгү көркөм өнөр он күндүгүндө (декадасында) “Жөжөлөрүм” балдар ансамблинин коштоосунда “Жөжөлөрүм” ырын мыкты аткарып чыккан.

Андан соң бул ыр Сугра Багирзаде айымдын аткаруусунда “Дүйнөдөгү эң мыкты балдар үндөрү” ыр табагына да жарыяланган. Тексттин ар кыл кыскараак варианттары дүйнөдөгү 100дөн ашуун ар кыл тилдерге которулуп ырдалып келүүдө.

Айтылуу Чарли Чаплин да “Жөжөлөрүм” ырынын күүсүн ыракаттануу менен пианинодо ойногондугу жөнүндө көп эскерүүлөрдө учурайт.

Чаплин жана азербайжан композитору тууралуу жарымы жалган, жарымы чын болгон аңыз кептерге айланган бул эскерүүлөрдүн бир чыныгы жагдайы бар: атактуу Чаплин балдардын бул сүймөнчүктүү ырынын автору сталиндик абакта жатып чыккандыгынан эч кабардар болгон эмес.

Чарли Чаплин. 1925. Википедия.
Чарли Чаплин. 1925. Википедия.

Расмий айтылбай жүргөн жазмыштуу барактар

Композитор Гамбар Мухтар уулу Гусейнли күлгүн кезинде, 45 гана жашында дүйнө салган.

Анын 1916-жылы азыркы Генже (Гянжа, мурдагы Элисаветполь, 1935–1989-жылдары “Кировабад”) шаарында падышалык оторчулук доорунда туулгандыгы, улуттук музыкалык саз аспабында ойноону кайра жанданткандыгы, бир катар музыкалык чыгармалар жараткандыгы (анын ичинде 100дөн ашуун романс жана обондуу ыр чыгаргандыгы), Азербайжан ССРинин көркөм өнөрүнө эмгек сиңирген ишмер наамына татыгандыгы, 1961-жылы жумурияттын борбор шаарында дүйнөдөн кайткандыгы совет доорунда эле ачык баяндалчу.

Бирок анын тагдырындагы сталиндик ГУЛаг “уурдап алган” азаптуу төрт жыл тууралуу көпчүлүгүбүз эч качан уккан эмеспиз.

1943-жылы Гамбар Гусейнли советтик азербайжан өнөрпоздорунун курамында коңшу Иранга барып, концерт коюп келген.

Ошол эле жылы ал Ахмед Жавад, Гусейн Жавид сыяктуу 1930-жылдары жазыксыз жерден куугунтукка кабылган жана репрессияланган азербайжан жазуучуларын жана башка айдыңдарды ачык колдоп чыккандыгы үчүн камакка алынган.

Ал саясий туткун катары төрт жыл бою сталиндик абактын азабын тарткан.

Гусейн Жавиддин Бакы шаарындагы айкели.
Гусейн Жавиддин Бакы шаарындагы айкели.

Репрессияланган азербайжан жылдыздары

Гамбар Гусейнли колдоп чыккан айдыңдардын бири – жазуучу, акын, драматург жана агартуучу Гусейн Абдулла уулу Жавид, кыскача Гусейн Жавид (Hüseyn Cavid; 1882–1941) болчу.

Гусейн Жавид 1882-жылы Нахичеванда туулган. Ал Тебризде (Иран) жана Түркияда саякатта болгон. Ал 1926-жылы Германинын борбору Берлинде дарыланып келген жана Батыш Европа турмушу тууралуу “Азери” аттуу поэмасында (1926–1937) чагылдырган.

Адабият таануучулар аны XX кылымдын башындагы азербайжандардын көркөм адабиятындагы романтизм агымынын эң даңазалуу өкүлү катары баалашчу.

Каргашалуу сталиндик репрессиялар курчуп турган маалда, 1938-жылы, ага “мүсаватчы улутчул” деген жана башка бир катар доолор менен катар эле “тыңчылык кылды” деген айып тагылган. 1939-жылы Гусейн Жавидди 8 жылдык абакка камоо өкүмү чыккан (өкүмдөн “тыңчылык кылган” деген доо алынып салынган).

Г.Жавид 1941-жылы сталиндик ГУЛагда (Сибирдеги Иркутск аймагында Тайшет районундагы Шевченко кыштагындагы Заплаг деген лагерде) дүйнөдөн кайткан. Анын сөөгү 1982-жылы 26-октябрда Азербайжанга алынып келинген жана арууланып кайра жерге берилген.

ГУЛагдын курмандыктарынын бири – Ахмед Жавад.
ГУЛагдын курмандыктарынын бири – Ахмед Жавад.

Ал эми Ахмед Жавад (Əhməd Cavad; толук аты – Жавад Мамедали уулу Ахундзаде (Cavad Məhəmmədəli oğlu Axundzadə); 1892–1937) болсо азербайжандардын XX кылымдын алгачкы отуз жылындагы мыкты акыны, жазуучусу, котормочусу жана журналисти болгон.

1912–13-жж. Балкан согушу маалында ал Түркия тарапта “Кавказ ыктыярчылар кошуунунун” курамында салгылашкан.

Ахмед Жавад 1918-жылы эгеменчил азербайжандарга жардамга келген түркиялык жоокерлерге арнап “Эй солдат!” деген ырды да жазган.

Кийинчерээк ал эгеменчил “Мүсават” партиясына мүчө да болгон жана совет бийлиги күч менен таңууланганга чейинки Азербайжан Демократиялык Республикасын (АДР) даңазалаган ырлар жазган, анын ичинде АДРдын туусуна арнаган ыры, кийин гимн болуп калган ыры жана жалпы түрк элдерин ынтымакка чакырган ырлары да бар.

Совет доорунун алгачкы жылдарында ал Азербайжанда билим берүү, котормо тармактарында эмгектенген.

1937-жылы март айында ал орто кылымдардагы грузин акыны Шота Руставелинин “Жолборс терисин жамынган баатыр” чыгармасын азербайжан тилине мыкты которгондугу үчүн биринчи сыйлыкка татыган. (Акын Алыкул Осмонов бир аз кийинчерээк ушул дастанды орус тилинен кыргызчалаган эмеспи).

1937-жылы июлда Ахмед Жавад сталинчилердин айтылуу “калыпка салынган” доолору боюнча жазыксыз жерден айыпталып, камакка алынган жана ошол эле жылы 12-октябрда Бакы шаарында атууга кеткен. Анын жубайы Шүкрия ханым Казакстанга сүргүнгө айдалган, төрт баласын башка-башка жактарга жөнөтүшкөн.

Ахмед Жавад 1919-жылы жазган ырдын тексти 1992-жылдын 27-майында эгемен Азербайжандын парламенти тарабынан өлкөнүн улуттук гимни катары тадалып алынган (обонун композитор Үзейир Хажибей чыгарган).

Башка инсандарды айтпаган чакта да, ушул эки мисал менен гана композитор Гамбар Мухтар уулу Гусейнли жөн кишилерди эмес, азербайжан элинин нагыз “каймактарын” колдоого алгандыгы үчүн 1943–1947-жылдары абакта жатып чыккандыгын таасын айта алабыз.

“Балдар үчүн жаңы обондуу ырлар – 2013” көркөм сынагынын катышуучуларынын концерти. Бакы шаары, Азербайжан.
“Балдар үчүн жаңы обондуу ырлар – 2013” көркөм сынагынын катышуучуларынын концерти. Бакы шаары, Азербайжан.

Эстутум

Постсоветтик Азербайжанда даңазалуу композитор Гамбар Мухтар уулу Гусейнлинин элеси ар дайым урмат менен эскерилип келет.

2015-жылдын 25-ноябрында Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев композитор Гамбар Хусейнлинин 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө жарлыкка кол койгон.

Ал эми 2018-жылы маркум композитордун сөөгү жерге берилген кичи мекени Генже (Гянжа) шаарында анын айкели ачылган.

Гамбар Гусейнлинин эң башкы таберик эстеликтеринин бири – өзү обонун жазган “Жөжөлөрүм” ыры.

Мында эч бир саясий идеология жок. Бул ырда – балапанга куштарланган тестиер баланын тунук дүйнөсү жана аруу тилеги.

Анын өзү да жөжө экенин бул тестиер бала же кыз эч аңдабайт, бирок маркум композитор Гамбар Мухтар уулу Гусейнли эле эмес, адам затынын бардык эрезеге жеткен өкүлдөрү муну сезип турабыз.

Ырас эле “Жөжөлөрүм” ыры азыр да дүйнө жүзүндө азербайжан музыкасынын бермети катары аткарылып келет.

Редакциядан.

Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG