Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:06

АКШ-Орусия: лидерлердин рейтинги теңелди


АКШ президенти Дональд Трамп жана Орусиянын президенти Владимир Путин Вьетнамдагы саммитте, 11-ноябрь 2017-жыл.
АКШ президенти Дональд Трамп жана Орусиянын президенти Владимир Путин Вьетнамдагы саммитте, 11-ноябрь 2017-жыл.

"Гэллап" (Gallup) институтунун акыркы сурамжылоосу АКШнын азыркы президенттик администрациясынын дүйнө жүзүндөгү кадыр-баркы дээрлик Орусияныкы менен теңелгенин көрсөттү. Дүйнөлүк төрт державанын ичинен Германия лидерлеринин саясаты эң көп ишенимге ээ болгон.

Дүйнөдөгү коомдук пикирге байкоо салган америкалык "Гэллап" институтунун Германия, Кытай, Орусия жана АКШ жетекчилеринин глобалдык рейтингин салыштырган баяндамасы 28-февралда жарыяланды.

Сурамжылоого дүйнөнүн 133 мамлекетинин жарандары катышып, алар төрт державанын жетекчилерин жана алардын саясатын колдоп, колдобой турганын айтышкан.

Американын мурдагы президенти Барак Обаманын тушунда АКШ администрациясына болгон ишенимдин деңгээли 50 пайыздын тегерегинде эле. Дональд Трамп президенттик кызматка киришкенден кийин "Гэллаптын" 2017-жылы жарыяланган баяндамасында бул көрсөткүч 30 пайызга түшүп кеткен.

Соңку баяндамада АКШнын учурдагы жетекчилигине болгон ишенимдин деңгээли 31 пайызды түзүп, былтыркыдан дээрлик өзгөргөн жок.

Орусиянын лидерлерин колдогондор 2014-жылы 22 пайыздын тегерегинде болсо, 2018-жылы президент Владимир Путин башында турган орус бийлигин колдогондор 30 пайызды түздү.

Натыйжада АКШ менен Орусия лидерлеринин дүйнөлүк рейтинги бул жолу дээрлик теңеле түштү.

"Гэллап" интитутунун глобалдык менеджери Жон Клифтон Америка жетекчилеринин рейтингинин соңку бир жылда төмөн бойдон калышын учурдагы президенттик администрациянын саясаты менен байланыштырды:

- Трамп бир топ эл аралык келишимдерде АКШнын кызыкчылыгы көз жаздымда калды деп ишенет. Ал Транс-Тынч океан өнөктөштүгүнүн соода келишиминен, климат боюнча Париж макулдашуусунан жана Иран менен түзүлгөн өзөктүк келишиминен чыкты. Ал Түндүк Америкадагы эркин соода макулдашуусунун шарттарын кайра сүйлөшүп, Кытай, Евробиримдик жана башка узактан берки өнөктөштөр менен соода согуштарын баштады. Ал НАТОдогу өнөктөштөрдү сындап, Түндүк Корея менен түз диалогго барды. Бул кадамдар Американын популярдуулугун дүйнө жүзүндө арттырууну эмес, өлкөнүн кызыкчылыгын коргоону көздөйт деп белгиленген.

Трамптын Европадагы кадыр-баркы

АКШ президенти Трамптын Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Ханойдогу соңку жолугушуусу, 28-февраль 2019-жыл.
АКШ президенти Трамптын Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Ханойдогу соңку жолугушуусу, 28-февраль 2019-жыл.

133 өлкөнүн ичинен АКШнын администрациясына карата ишенимдин көрсөткүчү беш мамлекетте - Македонияда, Словакияда, Камбоджа, Иран жана Түркияда кескин төмөндөгөн.

Мисалы түркиялыктар Америка лидерлерине карата соңку он жыл ичиндеги эң төмөнкү баасын беришкен. Бул өлкөдө АКШ жетекчилигине жан тарткандар 14 пайызды гана түзгөн.

Ошол эле учурда АКШнын көрсөткүчү Африка, Азия менен Түндүк-Түштүк Америкадагы 11 өлкөдө 10 пайызга көтөрүлгөн.

"Гэллаптын" соңку сурамжылоосунда АКШ лидерлерине оң баа бергендердин саны өскөн өлкөлөрдүн арасына Индия, Тайван жана Өзбекстан кирген. Кыргызстанда сурамжылоого катышкандардын арасында АКШ жетекчилерин колдобогондор 1 пайызга көбөйүп, алардын жалпы көрсөткүчү 43 пайызды түзгөн. Кыргыз жарандарынын 30 пайызы Вашингтонго колдоо көрсөтөөрүн билдирсе, 27 пайызы так жообун айтышкан эмес.

АКШнын учурдагы администрациясына төмөн баа берген мамлекеттердин басымдуу бөлүгү Европага туура келет. Маселен, Норвегия менен Швецияда жарандардын 12-13 пайызы гана президент Дональд Трамптын администрациясын колдой турганын билдиришкен. Орусияда бул көрсөткүч 11 пайызды түзгөн.

Трамп жыл башында өзүнүн Европадагы кадыр-баркы тууралуу сындарга жооп берип, бул чөлкөмдөгү рейтингин капарына албай турганын айткан:

- Алар мени Европада популярдуу эмессиң деп айтышат. Мен Европада популярдуу деле болбошум керек. Аларга жаксам, анда өз кызматымды аткарбаган болом. Себеби Европаны "төлөмдөрдү төлөсүн" деп айтып жатам. Мени европалыктар шайлашпайт. Мени америкалыктар, америкалык салык төлөөчүлөр шайлашат.

Немис жетекчилерине ишенгендер көбүрөөк

Немис канцлери Ангела Меркел менен Кытайдын лидери Си Цзиньпин, Бээжин шаары, 24-май 2018-жыл.
Немис канцлери Ангела Меркел менен Кытайдын лидери Си Цзиньпин, Бээжин шаары, 24-май 2018-жыл.

"Гэллап" институтунун соңку сурамжылоосунда дүйнөлүк төрт державанын ичинен Германиянын жетекчилиги эң көп ишенимге ээ болгон. Немис лидерлеринин саясатын 133 өлкөдөгү калктын 39 пайызы колдой турганын билдиришкен. Германия бул тизмеде биринчи орунда турса да, акыркы он жыл ичинде немис жетекчилеринин рейтинги биринчи жолу 40 пайыздан ылдый түштү.

Тескерисинче Кытай жетекчилерине болгон ишеним соңку жылдары көбөйүп жатканын сурамжылоодон көрүүгө болот. 2017-жылы расмий Бээжиндин саясатын колдогондор Вашингтондун көрсөткүчү менен дээрлик бирдей болсо, быйыл Кытай лидерлери төрт упайга алдыга чыкты. "Гэллаптын" сурамжылоосуна катышкандардын 34 пайызы Кытай лидерлеринин саясатын колдошкон. Бул Кытайдын 2009-жылдан берки эң жогорку көрсөткүчү.

Орус президенти Владимир Путиндин администрациясынын рейтинги 2014-жылы Украинадагы окуялардын фонунда түшүп кеткен болсо, быйыл кайра көтөрүлүп жатканын байкоого болот. Тактап айтканда, "Гэллаптын" баяндамасында Орусиянын соңку рейтинги 2008-жылдагы жогорку көрсөткүчүнө жетти. Ошол эле учурда орус президенти Владимир Путиндин өлкө ичиндеги рейтинги төмөндөп жатканын "Левада-борборунун" сурамжылоосу көрсөтүп жатат.

"Гэллап" институту өз баяндамасында кайсы бир өлкөнүн дүйнөдөгү рейтингин билүү канчалык маанилүү экенине да токтолуп, АКШдагы Дармут колледжинин жана Австралиядагы Сидней университетинин бул багыттагы изилдөөсүн мисал келтирген. Ал изилдөөдө "АКШнын тышкы саясаты тууралуу кайсы бир өлкөдөгү коомдук пикир ал өлкөнүн Америкага карата саясатына таасирин тийгизери" айтылган.

Америкадагы Беркли университетинин жаңы изилдөөсү да мамлекеттердин рейтинги өз ара соодага пайда-зыянын тийгизе алаарын көрсөткөн.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG