Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:16

Түркмөнстан: соттолгондорго Азиадага жол жабык


Түркмөнстанда мурда соттолгондорго Азиада-2017 оюндарынын иш-чараларына барууга тыюу салынды.

“Түркмөнстан хроникасы” басылмасынын жазышынча, май айынан баштап жаза өтөп чыккандарды кыз-эркегине карабай, полиция бөлүмдөрүнө чакырууда.

Басылманын маалымдашынча, полиция кызматкерлери мурда соттолгондордун үйлөрүн да кыдырып, кайсы каражатка жашап жатканына, бош убактысында эмне кыларына кызыгышкан. Ошондой эле сүрөткө тартып алып, аларга Азиада-2017 оюндарынын бардык иш-чараларына барууга тыюу салынганын эскертишкен.

“Азаттык” радиосунун түркмөн кызматынын Ашхабаддагы өз булагы мурда эркинен ажыратылгандарга көзөмөл күчөгөнүн ырастоодо. Ал эми 52 жаштагы атын атагысы келбеген Ашхабаддын тургуну полиция аны менен кошо жаза өтөп чыккандарды суракка алып, аларды олимпиадалык шаарчага жакын жана айрым көчөлөргө жолобогула деп эскерткенин “Азаттык” радиосунун түркмөн кызматына айтып берди.

- “Кайсы каражатка жашап жатасың, бош убагыңда эмне менен алектенесиң, эмне үчүн ушул кезге чейин ишке орношкон жоксуң?” – деп сурашты. Анан "Азия оюндарына барба. Ишенимден чыккан адамсың, кокус ал жерде кандайдыр бир кылмыш катталса, сен биринчи сураласың” дешти, – деген ашхабаддык тургун мурда камалып чыккандар жөнүндө кошуна, тааныштарынан сураштырып маалымат чогултуп жатканын кошумчалады:

- Полиция “кошунаң өзүн кандай алып жүрөт, кылмыштуу иштер менен алек болот деп ойлойсузбу, кечкисин силердин үйгө келбейби” – деп биздин кошуналардан сурап жатат. Баарынан дагы ушул нерсе бизди кемсинтти. Ансыз деле жакындарыбыз, балдарыбыздын алдында өзүбүздү күнөөлүү сезип жашайбыз.

Ысымын жашыруун калтырууну туура көргөн Ашхабад полиция департаментинин кызматкери сот жообуна тартылып чыккандарга тыкыр көзөмөл жыл башында эле башталганын билдирди.

Анткен менен учурда мурда соттолгон канча жаран көзөмөл астында экени жөнүндө маалымат жок. Ошондой эле өлкөдө канча жаран соттолуп чыккан жана азыр канчасы түрмөдө жатканы жөнүндө расмий сан жок.

Америкалык Prison Policy Initiative бейөкмөт уюмунун 2016-жылы жарыялаган докладында Түркмөнстан соттолгондордун саны көп өлкөлөрдүн сап башында турат.

Ашхабадда Азия-2017 оюнун утурлай жыл башынан бери ушул сыяктуу иш-чаралар көбөйдү. Буга чейин күч органдары борбор калаанын көчөлөрүнөн селсаяктарды, сойкуларды, начар кийинген жарандарды кармап жатканы айтылган.

Быйыл Ашхабадда Азия спорттук оюндары сентябрдын аягында башталары пландалып жатат. Бул оюнду өткөрүү үчүн бийлик мамлекеттик кызматкерлерден, жеке ишкерлерден акча каражат чогултууда. Бул “ыктыярдуу-милдеттүү” каражатты чогулта албаган жогорку кызматтагы аткаминерлер иштен бошотулган учурлар болууда. Ошондой эле Азия-2017 оюнуна карата быйылкы окуу жылы мектептерде жайдын ортосунда башталышы мүмкүн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG