Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:49

Кыргызстан менен Евробиримдик кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык келишимине кол коюшту


Келишимге кол коюу учуру.
Келишимге кол коюу учуру.

Бүгүн 25-июнда президент Садыр Жапаровдун Бельгия сапары учурунда “Европа Биримдиги менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө” келишимге кол коюлду.

Келишим көптөгөн өз ара пайдалуу багыттар боюнча саясий диалогду бекемдөө жана кызматташтыкты тереңдетүү үчүн жаңы укуктук негизди түзөрү белгиленди.

Бул багыттар – соода жана инвестиция, туруктуу өнүгүү жана байланыш, изилдөө жана инновация, билим берүү, айлана-чөйрө жана климаттын өзгөрүшү, мыйзам үстөмдүгү, адам укуктары жана жарандык коом.

Мындан тышкары, бул келишим тышкы саясат жана коопсуздук саясаты, анын ичинде чыр-чатактарды болтурбоо жана кризистик башкаруу, коркунучтарды азайтуу, киберкоопсуздук, аймактык туруктуулук, куралсыздануу, курал-жаракты жайылтпоо, көзөмөлдөө жана экспорттук көзөмөл боюнча кызматташтыкты чыңдоого мүмкүндүк берери, экология жана санарип жаатындагы кызматташтыкка да мүмкүнчүлүктөр ачылары маалымдалды.

Евробиримдиктин башкы дипломаты Жозеп Боррел өз сөзүндө:

"Кыргыз Республикасын биздин жакын өнөктөштөр арасында көрүүгө кубанып турабыз. Жаңы геосаясий жана экономикалык реалдуулукту чагылдырган орток баалуулуктарга жана кызыкчылыктарга негизделген "Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө” келишим эки тараптуу байланышты бекемедөөгө жана тереңдетүүгө дилгирлигибизди көрсөтөт. Биз Кыргызстан менен адам укуктарын жана негизги эркиндиктерди мындан ары коргоонун үстүнөн иштөөнү, ачык демократиялык коомдун таянычы болгон жарандык коом менен кызматташууну сүрөөнгө алууну улантабыз", - деп белгиледи.

Жапаров Брюсселге иш сапары менен 24-июнда барды. Ал Бельгиянын падышасы Филипп менен, ошондой эле Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель менен жолугушту.

Кыргызстандын Европа Биримдиги менен кызматташтыгы 1991-жылы, өлкө эгемендикке ээ болгондо башталган. 1995-жылы ортодо өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу келишимге кол коюлуп, ал 1999-жылы күчүнө кирген. Келишимди жаңыртуу тууралуу 2017-жылдан бери айтылып келаткан.

Бүгүнкү кол коюлган документ 1999-жылы күчүнө кирген келишимди алмаштырат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG