Германия Тажикстанда тыюу салынган оппозициялык "Группа 24" кыймылынын мүчөсү Билол Курбоналиевди мекенине экстрадициялады. Учурда ал кайсыл жерде экени жана кандай шартта кармалып турганы белгисиз.
Ал эми өзбекстандык Мухсинжон Ахмедов Франциядан Ташкентке депортациялангандан бери камакта. Ага Өзбекстанда "тыюу салынган диний уюмга мүчө болуу" жана "аткезчилик" айыптары тагылган.
Түркмөнстандык активист Мяликберды Алламурадовдун да 7-декабрдан бери дайыны табылбай жатат.
"Группа 24" кыймылынын мүчөсү Германиядан чыгарылды
"Азаттыктын" тажик кызматы - "Озоди" радиосу 8-декабрда Тажикстанда тыюу салынган оппозициялык "Группа 24" кыймылынын мүчөсү, тажикстандык Билол Курбоналиев Германиядан мекенине экстрадиция болгонун кабарлады.
Курбоналиев быйыл октябрда Германиянын Хоф шаарында туруктуу жашоо эрежесин бузганы үчүн кармалган.
"Группа 24" билдиргендей, Курбоналиевди экстрадициялоо чечимин Германиянын Юстиция министрлиги 24-ноябрда кабыл алган. Адвокат Курбоналиевдин тажик бийлигине өткөрүлүп берилиши мыйзамсыз экенин, бул чечим боюнча Германиянын жогорку баскычтагы сотторуна даттанарын билдирүүдө.
Учурда Курбоналиевдин кайсыл жерде экени белгисиз. Расмий Дүйшөмбү ал боюнча комментарий бере элек.
"Группа 24" кыймылынын мүчөсү Билол Курбоналиев Германияда качкын макамын алып, бул өлкөдө 2022-жылдан бери жашап келген. Ал быйыл күзүндө Эмомали Рахмондун Германияга сапарына каршы өткөн нааразылык акциясына катышкан.
Буга чейин аталган кыймыл Курбоналиев тажик түрмөсүндө кыйноолорго кабылышы мүмкүн экенин билдирип, аны мекенине экстрадициялабоого чакырган.
Ал тапта түрк бийлиги Тажикстандын өтүнүчү менен кармалып, Түркияда депортация бөлүмүндө кармалып турган 44 жаштагы Фотима Гиeсова жана анын 19 жаштагы уулу Махмадулло Дониёрзода бошотулганы кабарланды.
Гиeсованын кичүү уулу Иброхим Дониёрзода "Озоди" радиосу менен байланышып, Стамбулга чектеш Кожаели райондук сотунун 8-декабрдагы чечими менен апасы жана агасы бошотулганын айткан. Алар "Сирияда "Ислам мамлекети" террорук тобунун катарында согуштук аракеттерге катышкан болушу мүмкүн" деген шектенүүлөр тастыкталган эмес.
Тажикстандын бийлиги Түркияда Гиесованын уулу менен кармалышы боюнча эч кандай комментарий бере элек.
Маалыматтарга караганда, алар 2015-жылдан бери Стамбулга жакын жайгашкан Кожаeли провинциясында турат жана убактылуу жашоого уруксаты бар.
Эне-баланын Сирия жана Ирактагы согушка катышканын көз карандысыз булактардан бышыктоо азырынча мүмкүн эмес.
Иброхим Дониёрзода тажик бийлиги алардын жеке маалыматтарын Интерполдун базасына эч кандай далили жок киргизген деп эсептейт. Анын айтымында, 2022-жылы ал да Дүйшөмбүнүн өтүнүчү менен Венгрияда кармалып, бирок кийинчерээк бошотулуп, аты-жөнү Интерпол аркылуу издөөдө жүргөндөрдүн тизмесинен чыгарылган.
2014-жылдан 2017-жылга чейин Ирак менен Сириядагы "ИМ" террордук тобунун желеги астында согушууга кеткен 2000 тажик жараны үчүн Түркия негизги транзиттик жол болгон. Көптөгөн тажикстандыктын тагдыры азырынча белгисиз.
Ал эми Тажикстандын бийлиги 2022-жылы чет өлкөлөрдөн 100гө жакын кишини экстрадициялаган, анын ичинде 18и терроризм жана экстремизмге шектелген. Алардын көбү кийинчерээк узак мөөнөткө эркинен ажыратылган.
Франциядан депортацияланган Мухсинжон камакта
Тажикстандык Билол Курбонолиев Рахмондун Германияга сапарынан кийин кармалып, депортацияланса өзбекстандык Мухсинжон Ахмедов Франциянын президенти Эммануэл Макрондун Өзбекстанга жасаган сапарынан эки апта өткөндөн кийин депортацияланган. Макрон Самарканддагы бизнес-форумда француз өкмөтү "Мирзиёевдин стратегиясына ишене турганын" белгилеген.
Франциянын Миграция кызматы 39 жаштагы өзбекстандык качкын Мухсинжон Ахмедовду быйыл 14-ноябрда чыгарды. Ал дароо Ташкент аэропортунан кармалып, кийин анын иши Кокон шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан тергелип жатканы белгилүү болду.
Ахмедовго 2016-жылы Өзбекстанда "тыюу салынган диний уюмга мүчө болуу" жана "аткезчилик" айыптары тагылып, ага издөө жарыяланган эле.
Мухсинжон Ахмедов Францияда 2019-жылдан бери жашап келген жана бул өлкөдөн башкалка сураган. Ал бийликке Шавкат Мирзиёев келгенден бери Франциядан Ташкентке депортацияланган алгачкы өзбекстандык качкын.
2020-жылы Мухсинжон Франциянын Монтеро шаарында үч качкын менен бир карыяны күйүп жаткан үйүнөн куткарып чыгышкан. Бул окуя ошол кездеги француз басма сөзүндө кеңири чагылдырылган.
Бул эрдиги үчүн шаардын мэри жеке өзү аларга Монтеро медалын тапшырып, жергиликтүү активисттер ага Францияда башкалка берүү талабы менен петиция жарыялашкан. Үч жылдын ичинде Мухсинжонду колдоп, 30 миңден ашык киши кол койгон.
Бирок буга карабастан Франциянын миграциялык бийлиги Ахмедовду быйыл мекенине депортациялоо чечимин кабыл алганын укук айыптап, Өзбекстанда кыйноолор жана эл аралык укуктар бузулган учурлар көп катталарын белгилеп келишет.
Активисттер Париж менен Ташкенттин ортосундагы стратегиялык диалогдун фонунда француз өкмөтү адам укуктары, сөз эркиндиги, сот системасы жана өзбек бийлигиндеги коррупцияга акырындык менен көз жума баштаганын белгилешүүдө.
Европадагы жарандык коом жана укук коргоочулар адам укуктары боюнча чоң реформаларды убада кылган Шавкат Мирзиёев мекенине келе албай жаткан миңдеген өзбекстандыктын тагдырын тез арада чечиши керек деп эсептешет.
Европа Биримдиги расмий Ташкент менен сүйлөшүүлөрдө абактан чыккан активисттер менен журналисттерди реабилитациялоо жана кенемте төлөп берүү зарылдыгын көтөргөн, бирок Өзбекстандын Жогорку Соту мындай кеминде эки активистти реабилитациялоо өтүнүчүн четке каккан.
Орусияда түркмөн активист дайынсыз
Ал эми Орусияда түркмөнстандык активист Мяликберды Алламурадовдун 7-декабрдан бери дайыны табылбай жатат. Бул тууралуу turkmen.news агенттиги анын досторуна таянып жазды. Ал жашаган үйдүн кожоюну да активист жоголгонун айтып, издөө жарыялоого камынып жатканын айткан.
Алламурадов жашаган жерде кандын издери калган, мушташтын белгилери байкалган. Ал эми видеокамералар өчүрүлгөн.
Алламурадов Калмыкияда жогорку окуу жайда билим алчу. Бирок соңку кездери Москва облусуна жашырынып келген. Ал бийлик аны Түркмөнстанга депортациялайт деп коркуп, жашаган жерин улам алмаштырууга аргасыз болгон. Активист түркмөн студенттеринин укуктарын коргоо менен алектенип, алардын артынан түркмөн атайын кызматтары аңдып жүргөнүн айткан.
2021-жылы Алламурадов түркмөн бийлигинин чет жактагы студенттерге акча которууну чектеген саясатына каршы жалгыз пикетке чыккан. Ошол кезде кармалып, Түркмөнстанга депортацияланууга аз жерден калган. Бирок сот аны актаган өкүм чыгарган. Соңку кездери расмий Ашхабад чет жактагы активдүү мигранттардын экстрадициялоо аракет көрүп келет.
Жакында эле Түркияда экстрадицияланган блогер Фархад Дурдыев мекенинде узак жылга түрмөгө кесилди.
Түркмөн бийлиги демейде чет өлкөлөрдө мыйзамдуу же мыйзамсыз жүргөн түркмөндөрдүн саны жана алар туш болгон көйгөйлөр тууралуу маселе көтөрбөйт.