Мындай чечимди Евробиримдиктин жетекчилери 24-сентябрга оогон түнү Брюсселде аяктаган саммитте кабыл алды. Андан тышкары Биримдиктин тышкы чек арасында көзөмөлдү күчөтүү үчүн Грецияда, Италияда, балким Болгарияда да 1-декабрдан кечиктирбей мигранттарды каттоочу жаңы борборлор курулат.
Брюсселде өткөн кезексиз жыйында миграция кризисин жөндөө боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды. Жети саатка созулган саммиттен кийин Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск макулдашылган чаралар кризисти токтотпосун, “бирок алардын баары туура багыттагы кадамдар” экенин баса белгиледи:
- Лидерлер биздин сырткы чек арабыздагы азыркы хаос токтотулушу керек деп чечишти. Тышкы чек арабызда тийиштүү башкаруу жана көзөмөл орнотуу жалпы милдетибиз. Бардык оорчулукту Италия же Греция же бөлөк өлкөлөргө артып салуу адилетсиздик болор эле.
Макулдашууга ылайык, согуш же куугунтук кесепетинен башпаанекке муктаж адамдар ыкчам аныкталып, аларды каттоо үчүн 1-декабрга чейин Греция жана Италияда кошумча дагы атайын борборлор ачылат. Берегидей борборлор экономикалык мигранттарды элеп калышы керек.
Экинчиден, согуш менен куралдуу жаңжалдар жер которткон шордууларга көмөктөшүү үчүн Ливан, Иордания, Түркия сыяктуу өлкөлөргө, Улуттар Уюмунун Качкындар агенттигине жана Дүйнөлүк азык-түлүк программасына 1 миллиард евро бөлүнөт. Бул максатта Анкара менен ар кайсы деңгээлде сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. Учурда Түркияда 2 миллион сириялык качкын жан сактоодо.
Үчүнчүдөн, Евробиримдик чек ара көзөмөлүн бекемдөө үчүн кошумча аскер жайгаштырат.
Германия канцлери Ангела Меркелдин билдиришинче, Евробиримдиктин лидерлери жыйында бекиткен чечимдер аны канааттандырганы менен качкындар маселесин толук жөндөөгө бардык шарт түзүлө элек.
Британия жаңжалдуу аймактарга коңшу өлкөлөрдөгү качкындар лагерлерине 152 миллион доллар садага чабат. Премьер-министр Девид Кэмерондун билдиришинче, ал акчанын 61 миллиону Дүйнөлүк азык-түлүк программасына берилет.
- Качкындар лагериндеги адамдарга татыктуу тамак берилүүдө жана каралууда, ошондой эле жок дегенде Европага барууну каалаган же ойлогон адамдардын өтө татаал жана абдан коркунучтуу жолдон баш тартканына өбөлгө болду деп биз ишенишибиз керек, - деди Девид Кэмерон.
Быйыл Евробиримдикте бакыт издеген жарым миллиондой адам өмүрүн канжыгага байлап, кеме-кайыктар менен Түркиядан Грецияга же Ливиядан Италияга жеткен. Башкалар Греция жана Балкан аркылуу жөө-жалаң басып, уюмга мүчө Венгрияга киришкен. Качкындар селинен кооптонгон Венгрия 15-сентябрда чек арасын коргондоп бүтүп, качкындар үчүн жапкан.
Брюсселдеги саммит алдында Франция президенти Франсуа Олланд мигранттарды квота боюнча кабыл алууга ынабай каршы турган Венгрия, Румыния, Словакия жана Чехияны Евробиримдиктин “принциптери менен баалуулуктарын сыйлабайт жана бөлүшпөйт” деп сындады. Алар каршы чыккандан жана Финляндия бейтарап болуп, добуш бербей койгондон улам 120 миң мигрантты бөлүштүрүү жөнүндө чечим жөнөкөй көпчүлүктүн добушу менен бекитилген. Ага карабай, Словакия моюн толгоп, сотко кайрыларын эскертти.
Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск Евробиримдиктин бай жана жарды өлкөлөрү ортосунда ажырым жараткан “өз ара айыптоолорду жана түшүнбөстүктөрдү” токтотууга үндөдү.
- Жакынкы Чыгыштагы, өзгөчө Сирия жана Ирактагы, калаба жакын арада тынчыбайт. Бул бүгүн биз Европага жетүүгө аракет кылган миңдеген эмес, миллиондогон адамдар тууралуу сүйлөп жатканыбызды билдирет, - деп кошумчалады Польшанын мурдагы премьер-министри Туск Евролидерлердин Брюсселдеги саммитинен кийинки брифингде.