Евробиримдик Текебаевдин ишине тыкыр көз салууда
Европа Биримдиги Кыргызстанда оппозициячыл депутат Өмүрбек Текебаевдин кармалышы боюнча жагдайга жакындан көз салууда. Бул тууралуу Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Федерика Могеринин басма сөз катчысы Мая Кочиянчич “Азаттыкка” билдирди. Видео: "Эркин Европа/ Азаттык үналгысынын" Брюсселдеги кабарчысы Рикард Жозвиак.