Бельгия баш калаасы Брюсселде 18-мартта өткөн саммиттин соңунда Чехиянын премьер-министри Богуслав Соботка Twitter тармагына "Түркия менен келишим болду. Эми Түркия аркылуу Грецияга кирген мыйзамсыз мигранттар 20-марттан тарта артка кайтарыла баштайт" деген билдирүү жазды.
Келишимге эми Брюсселдеги саммитке катышып жаткан Түркиянын өкмөт башчысы Ахмед Давутоглу кол коюшу керек.
Европа биримдигинин 28 өлкөсү менен Түркиянын качкындар маселесиндеги биргелешкен аракети Анкарага каржылык колдоо көрсөтүүнү камтыйт. Анкара буга жооп катары Түркия аркылуу Эгей деңизи менен Грецияга жол тарткан качкындар агымын тосушу керек.
Бул планды он күн мурун түрк өкмөт башчысы Ахмед Давутоглу сунуштаган эле. Бирок Анкаранын талабы боюнча качкындардын Түркиядагы жашоо-шартын камсыздоо үчүн Европа биримдигинен бөлүнгөн 3,3 миллиард доллар каражат эки эсе көбөйтүлүшү кажет. Андан тышкары Евробиримдик аймагына түрк жарандарын визасыз кирип-чыгышына мүмкүнчүлүк берүү маселеси көтөрүлгөн.
Түрк премьер-министри Ахмед Давутоглу сүйлөшүүлөр күтүлгөндөй натыйжа берерине ишенерин айткан:
- Европа биримдиги жана Түркиянын максаты бир. Биз сириялык качкындарга жардам берүүнү көздөйбүз. Жаңы чөлкөмдө жаркын келечекке ишенип, жаңы жашоо баштоосуна көмөк көрсөтөбүз.
Ошол эле учурда Ахмед Давутоглу Түркия качкындар үчүн ачык түрмөгө айланбашы керектигин да эскертти.
Германиянын канцлери Ангела Меркель макулдашуу кабыл алынардан мурда Түркия качкындарды коргоонун эл аралык стандарттарын камсыз кылышы зарылдыгын эске салып, алдыда талаштуу, татаал сүйлөшүүлөр турганын, бирок макулдашуулардын негизги багыты аныкталганын билдирген:
- Жаңы система ишке киргенге чейин мыйзамсыз миграциянын толкунун токтотуу үчүн Европа биримдиги мыйзамсыз кирген мигранттарды Түркияга тез арада кайтарып жиберүүгө даяр болушу керек.
2015-жылдын январь айынан бери Түндүк Африка жана Жакынкы Чыгыштагы жаңжал баскан мамлекеттерден миллиондон ашуун мигрант Европага качкын болуп кирди. Түркия жээктеринен Грецияга быйыл эле 132 миң качкын жеткени расмий кабарланган.
Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск качкындарды артка кайтаруу маселесинде Европа биримдигине мүчө 28 мамлекет бирдиктүү позицияны карманышы керектигин жана алдыда көп иштер аткарылууга тийиштигин белгилейт.
Нидерланддардын өкмөт башчысы Марк Рютте Түркия менен макулдашууга кол коюлса, “үч-төрт жума ичинде Европага Жакынкы Чыгыштан агылган мигранттар азайышына же токтотушуна үмүт артат”.
Франция президенти Франсуа Олланд макулдашуунун ишке ашышына кепилдик жок экенин билдирген жайы бар. Литва президенти Даля Грибаускайте болсо качкындарды Түркияга кайтаруу эл аралык укуктук нормаларга дал келбестигин, бул планды ишке ашыруу кыйын экенин айтууда:
- Макулдашуу планы эл аралык нормалардын чегине сыйып-сыйбай турган маселе. Мигранттардын коопсуздугуна кепилдик жетишпейт, ошондуктан бул оңойго турбаган иш.
Туркиянын Евробиримдикке кошулуусундагы макулдашуунун дагы бир опурталдуу жери - Түркия менен Кипрдин ортосундагы узакка созулган тиреш.
Анкара гректер башкарган өкмөттү тааныбайт. Кипрдин президенти Никос Анастасиадис эгер Анкара түркиялык портторду жана аэропортторду пайдаланууга башка европалык мамлекеттерге берилген укук Кипрге да берилбесе, макулдашууга вето коёрун эскерткен.
Түркиянын жогорку даражалуу өкүлү Reuters агенттигине Анкара Евробиримдикти Кипрдин ыктымал ветосуна карабай Түркиянын уюмга кирүүсү боюнча сүйлөшүүнүн жаңы баскычын баштоого көндүрүү ниетинде экенин билдирди.
Европадан бейпил жашоону издеген мигранттардын басымдуу бөлүгү Түркия аркылуу Грецияга барып, андан ары башка өнүккөн мамлекеттерге кирип кетишет.