Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:19

Кылмыш дүйнөсүнүн анабашылары кармалды


Словакиядагы рейд маалындагы кармоо. Иллюстрациялык сүрөт. 30-сентябрь, 2018-жыл.
Словакиядагы рейд маалындагы кармоо. Иллюстрациялык сүрөт. 30-сентябрь, 2018-жыл.

Европанын бир нече мамлекеттеринде уюшкан кылмыштуу топко каршы жүргүзүлгөн атайын операциянын алкагында 90 киши кармалды. Алар негизинен ири баңгизат соодасына, арам акчаны адалдаштырууга жана башка кылмыштарга шек саналып жатат.

Германия, Италиянын, Белгиянын жана Нидерланддардын полиция кызматтары шаршембиде биргелешкен рейддерди жүргүзүштү. Анын алкагында «Ндрангета» аттуу уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар деп шек саналган токсондой киши кармалды. Бул тууралуу Европадагы уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү максатында түзүлгөн Евроюст уюму кабарлады. Операцияга тартылган жүздөй полициячыга Латын Америкасындагы кызматташтары да көмөктөшкөнү маалым болду. Кармалгандардын жанынан эки миллиондой евро жана жүздөгөн киллограмм кокаин табылганы айтылды. Алардын баары мыйзамсыз баңгизат соодасы , арам акчаны адалдаштыруу жана башка кылмыштар боюнча шектүү катары каралып жатышат. «Ндрангета» тобуна каршы «Поллино» деген операция 2016-жылы башталганын Евроюсттун вице-президенти Филипо Спиеция Гаагадагы басма сз жыйынында билдирди:

- Операцияга тартылган мамлекеттердин кызматташуу боюнча кабыл алган чечимдеринен улам биз ушундай мыкты жыйынтыкка жетише алдык. Анан албетте, жалпы Европадагы жаңы ыкма да өз натыйжасын берди. Биз мындай ыкманы келечекте да колдонушубуз керек.

Спиециянын сөздөрүнө Италиянын бийлик өкүлдөрү да кошулат. Өлкөнүн мафияга каршы күрөшүүгө адистешкен башкы прокурору Федерико Кафьеро де Рао Европа мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты кубаттап, бул кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү жаңы, маанилүү тактика экенин белгиледи.

Евроюсттун маалыматына караганда, Италиянын тиешелүү органдары өлкөнүн түштүгүндөгү Калабрия жана Катанадзаро райондорунда 41 адамды кармашкан. Германияда федералдык полиция таңкы рейддердин маалында кылмыштуу топко байланышы бар бир нече адам колго түшкөнүн билдирди. Бул өлкөдө өзгөчө катуу текшерүүлөр Нидерланддар жана Белгия менен чектеш жайгашкан Түндүк Рейн-Вестфалия аймагында жана Бавария жергесинде жүргүзүлгөн. Нидерланддарда беш шектүү кармалды. Бул өлкөнүн башкы прокурору Фред Вестербекенин айтымында, кылмыштуу топтун мүчөлөрү бизнес тармакка аралашуу менен арам акчаны адалдаштырып турушкан.

- Германияда, Нидерланддарда жана Белгияда бир нече итальян ресторандары, балмуздак саткан дүкөндөр жана мейманканалар «Ндрангетанын» колунда, - дейт ал. - Мафия өкүлдөрү мындай бизнеске инвестиция салып, арам акчаны адалдаштырып турушкан деп шек саналып жатат. Алар баарын тез арада ишке ашырышат. Ошондой эле бул кылмыштуу топ башка криминалдык уюмдардан үй-бүлөлүк байланыштарга өзгөчө басым жасаганы менен айырмаланат.

Италия полициясы кылмышка шектүү адамды кармап жатат.
Италия полициясы кылмышка шектүү адамды кармап жатат.

"Ндрангета" - Италиянын эң жакыр провинциясы Калабрияда түптөлгөн ири уюшкан кылмыштуу топ. Ал дүйнөдөгү эң ири кылмыштуу топтордун бири болуп саналат. Топ мыйзамсыз баңгизат транспорттоо жана ошондой эле курулуш, ресторан, соода-сатык тармактарына аралашып, арам акчаны адалдаштыруу менен алектенери айтылып жүрөт. 2014-жылы Рим папасы Франциск Калабриядагы сапарында “Ндрагентанын” жолун жолдогондор Рим католик чиркөөcүнөн ажыратыларын эскерткен. 2017-жылдын июль айында кылмыштуу кландын ишмердүүлүгүн токтотууга каршы масштабдуу рейддердин бири өткөрүлгөн. Анда «Ндрагентага” байланышы бар адам катары 116 киши кармалган.

Быйыл жыл башында Словакияда өлтүрүлгөн журналист Ян Куцяк да киши колдуу болордо өз өлкөсүндөгү италиялык мафиянын бийлик менен байланышын жана саясий коррупцияны иликтеп жаткан эле. Журналист дал ушул "Ндрангета" тобунун Словакия жергесиндеги мыйзамсыз иштерин аныктаганы айтылып жүрөт.

XS
SM
MD
LG