Бул референдумда нидерландыктар Украина менен ассоциация келишимин жактыруу керекпи же жокпу деген суроого жооп беришет. Аталган келишим Украинаны саясиий-экономикалык жактан Евробиримдикке жакындоосуна жол ачат.
Азырынча бул референдумдун жыйынтыгы кандай болорун боолголоо кыйын. Өлкө жарандарынын бир бөлүгү “ооба” деп добуш берерин айтса, дагы бир тобу ага каршы. Калктын дагы бир катмары бул референдумга анчейин деле маани бербеген сыяктуу.
Эгер көпчүлүк “жок” деп жооп берсе эмне болот? Бул Евробримдик менен тыгыз кызматташтыкты каалаган жана ал тандоосу кымбатка турган украин эли үчүн катуу сокку болору талашсыз. Украинада дал ушул келишимдин айынан ыңкылап болуп, бийлик алмашкан. 2013-жылдын соңунда ошол кездеги президент Виктор Янукович Евробиримдик менен ассоциация келишимине кол коюудан баш тартып коюшу Евромайдандагы нааразылык толкунуна алып келип, акыры аны бийлигин таштай качууга аргасыз кылган. Бул окуялар Крым жарым аралын Орусия аннексиялашы жана өлкө чыгышындагы айрым аймактарды москвачыл жикчилдер ээлеп алышы менен коштолгон. Донбастта ошондо тутанган согуш оту дале өчө элек.
Эгер Нидерланддагы референдумда “жок” дегендер көп болсо бул келишимдин шарттары өзгөрүшүнө алып келет. Анда биримдикке мүчө өлкөлөр сүйлөшүү жана ратификация жараянын кайра башынан башташы керек болот.
Бирок Нидерланддагы негизги партиялардын баары Украина менен келишимди колдорун, ал Евробиримдик үчүн да, Украина үчүн да коопсуздуктун бекемделишине жана экономикалык өсүүгө жол ачарын белгилешүүдө.
- Бул жерде соода, коопсуздук жөнүндө сөз жүрүүдө. Биз 70 жыл бою ушул үчүн күрөшүп, ушул үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келдик. Азыр эми Евробиримдиктин сыртындагы бир өлкө ошол стандарттарга, ошол баалуулуктарга жеткиси келип жатат. Бул Франциядан чоң, 45 миллион калктуу өлкө. Алар деле биздегидей укуктарга татыктуу, - дейт парламенттеги либералдык Д66 партиясынын лидери Александр Печтолд.
Ошол эле учурда өлкөдө бул келишимге каршылар да аз эмес. Добуш берүү алдындагы сурамжылоолор шайлоочулардын 66 пайыздайы аны четке кагарын көрсөткөн. Эгер добуш берүүгө шайлоочулардын 30 пайыздайы катышса референдум өттү деп эсептелет жана өкмөт элдин чечимин кабыл алууга тийиш.
925 деп аталган иликтөө сайтынын журналисти Арно Велленс буларды айтат:
- Ассоциация келишими боюнча проблема Украинанын Евробиримдикке кошулар-кошулбасы боюнча маселе айкын эместигинде. Украиналыктар муну биримдикке кирүү деп эсептесе болорун айтса, нидерланд саясатчылары “андай эмес, бул биримдикке кирүү дегенди билдирбейт” дешет. Проблема мына ушунда.
Нидерланд парламентарийи Марит Майж да эл арасында бул келишим боюнча түшүнбөстүктөр бар экенине токтолду:
- Ассоциация келишиминин тегерегинде ар кандай сөздөр жүрүүдө. Акыркы үч жумада мен өзүм катышкан жыйындардын баарында бул келишим менен эле Украина биримдикке мүчө болуп калбасын элге түшүндүрүүгө аракет жасадым. Бул келишим биримдикке мүчө болууга талапкер Балкандагы Сербия сыяктуу мамлекеттер менен макулдашуулардан кескин айырмаланат. Бул жерде андай көрүнүш жок.
Украинанын Евробиримдик менен саясий жана экономикалык жактан жакындашуусун караган келишимди Жогорку Рада 2014-жылдын сентябрында ратификациялаган. Президент Петро Порошенко муну Украина Евробиримдикке кошулуусу үчүн "биринчи маанилүү кадам" деп атаган.
Бул келишим саясий жана экономкалык бөлүктөн турат. Киевдик серепчилер анын саясий жагы Украина Евробиримдик менен мындан ары да интеграциялануусун, экономикалык бөлүгү эркин соода зонасын камтырын айтышат. Анда украин товарлары үчүн бажы пошлинасы төлөнбөй турган квота бар жана ал квота жылдан-жылга өсө берет.