Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:49

Эфиопиянын премьери Тынчтык сыйлыгына татыды


Эфиопиянын премьер-министри Абий Ахмед Али.
Эфиопиянын премьер-министри Абий Ахмед Али.

Нобелдин тынчтык сыйлыгы Эфиопиянын премьер-министри Абий Ахмедге ыйгарылды. Ал бул сыйлыкка Эфиопия менен Эритреянын ортосундагы 20 жылдан ашкан куралдуу кармашты токтотууга салым кошкону үчүн татыды.

Норвегиядагы Нобел комитети Эфиопиянын 43 жаштагы премьер-министри Абий Ахмедди Тынчтык сыйлыгына татыктуу деп тапты.

Бул чечимди комитеттин төрайымы Берит Райс-Андерсен 11-октябрда Ослодогу Нобел институтунда жарыялады.

- Норвегиядагы Нобел комитети тынчтыкты орнотууга жана эл аралык кызматташтыкты камсыз кылууга болгон аракети үчүн, өзгөчө коңшу Эритрея менен чек ара жаңжалын чечүүдөгү чечкиндүү демилгеси үчүн Эфиопиянын премьер-министри Абий Ахмед Алиге Нобелдин 2019-жылдагы Тынчтык сыйлыгын ыйгарууну чечти, - деди Берит Райс-Андерсен.

1998-2000-жылдары Эфиопия менен Эритрея ортосунда чек ара маселесинен улам куралдуу кармаш болгон. Андан бери эки өлкө ортосундагы чыңалуу сакталып келген.

Армиянын мурдагы офицери Абий Ахмед 2018-жылдын апрель айында бийликке келип, көп өтпөй Эритреянын лидери Афеверки Исайяс менен чек ара чатактарын токтотууну көздөгөн тынчтык келишимине жетишкен.

- Эфиопия менен Эритрея элинин ортосунда тынчтык болуп турганда чөлкөмдө өнүгүү болот. Качкынга айланып, басынган элибиз кайра кайтып келет. Биздин эл товар сыяктуу сатылбай калат, - деп билдирген Абий Ахмед 2018-жылдын июль айында Эритреянын баш калаасы Асмэрада.

Эфиопиянын премьер-министри Абий Ахмед менен Эритреянын лидери Афеверки Исайяс, Аддис Абеба, 16-июль 2018-жыл.
Эфиопиянын премьер-министри Абий Ахмед менен Эритреянын лидери Афеверки Исайяс, Аддис Абеба, 16-июль 2018-жыл.

Эл аралык коомчулук Эфиопиянын премьер-министрин саясий туткундарды бошоткону жана аялдардын укугун алга сүрөгөнү үчүн да кубаттап келет. Абий Ахмед өз өкмөтүндөгү 20 министрлик орундун жарымына аял адистерди дайындаган.

Дүйнөлүк медиа басылмалар Нобелдин быйылкы тынчтык сыйлыгына татыктуу адамдардын катарына климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүп жаткан швециялык активист Грета Тунбергди, журналисттердин укугун коргогон "Чек арасыз кабарчылар" уюмун да кошуп жаткан.

Тынчтык сыйлыгынын акчасы – 9 миллион швед кронун же 900 миң АКШ долларды түзөт. Аны тапшыруу аземи 10-декабрда, сыйлыктын негиздөөчүсү, швед ишкери Альфред Нобел дүйнө салган күнү өтмөкчү.

Былтыр бул сыйлык "Ислам мамлекети" террордук тобунун зордук-зомбулугун дүйнөгө айтып чыккан ирактык езид кыз Надия Мурадга жана сексуалдык ыдык көргөн кыз-келиндерге жардам көрсөткөнү үчүн конголук гинеколог Денис Муквеге ыйгарылган.

Швециялык активист Грета Тунберг.
Швециялык активист Грета Тунберг.


Сыйлыктын буга чейинки лауреттарынын арасында Түштүк Африка жумуриятындагы апартеидге каршы күрөштүн башатында турган, маркум Нельсон Мандела, СССРдин акыркы лидери Михаил Горбачев, өспүрүм кыздардын билим алууга болгон укугун коргогон пакистандык активист Малала Юсуфзай жана АКШнын мурдагы президенти Барак Обама да бар.

10-октябрда польшалык жазуучу, акын Ольга Токарчук Нобелдин адабият боюнча сыйлыгынын 2018-жылкы лауреаты, австриялык жазуучу, драматург Петер Хандке 2019-жылкы лауреаты болгон. Былтыр Швециянын падышалык академиясынын мүчөлөрүнүн биринин жолдошу аралашкан сексуалдык жаңжалдан улам адабият боюнча Нобел сыйлыгы ыйгарылбай калган.

Нобел сыйлыктары - атактуу швед ишкери жана окумуштуусу Альфред Нобелдин акчасына түзүлгөн. 1896-жылы көз жумган филантроптун керээзине ылайык, экономика, медицина, физика, химия жана адабият боюнча сыйлыктар - Швециянын борбору Стокгольм шаарында, ал эми тынчтык сыйлыгы - кошуна Норвегиянын борбору - Осло шаарында тапшырылат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG