Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:24

"Эрке бала". Орунтаевдин орундуу жана орунсуз жоруктары


Нурдан Орунтаев
Нурдан Орунтаев

Жогорку Кеңештин соңку жыйындарынын биринде Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаевге сын-доомат айтылды.

Парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев аны "эрке бала" деп атап, ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылууну эскертти.

Бул агенттикти бир жылга жакын убактан бери жетектеп жаткан Орунтаев буга чейин Бишкек шаарынын вице-мэри жана Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин башчысы болгон. Анын аты шаардагы "Батуми" кафеси түрттүрүлгөндө, депутат Элмурза Сатыбалдиевдин үйүнүн короосу буздурулганда аталган жана анда дагы депутаттардын сын-дооматына кабылган.

Азыркы бийликтин тушунда мурдагы милиция кызматкери, тергөөчү Орунтаевдин ташы өйдө кулап, кызматтан жогорулап келет. Өзү болсо колдоочусу жоктугун айтып, президент Садыр Жапаровдун уулу Рустамдын досу экени тууралуу сөздөрдү жокко чыгарган.

"Эрке балдардын тагдырын көргөнбүз"

Жогорку Кеңеште өткөн аптада Нурдан Орунтаевге байланыштуу маселени алгач депутат Марат Мураталиев көтөрүп чыккан. Ал өзү шайланып келген Талас облусунда оорукананын курулушу менен таанышуу үчүн барганда Орунтаевдин киргизбегиле деп айтканын орун басары билдирген. Айрым депутаттар муну мыйзам бузуу катары баалаган. Орунтаев өзү парламент жыйынына келип жагдайды түшүндүргөнгө аракет кылган.

"Сиздер депутаттарсыздар. Ошол себептен депутат өзүнчө бир программа менен барышы керек. Ошол жерлерге барганда колдон келишинче биздин кызматкерлерди дагы кошуп бергенге даярбыз. Андан сырткары, курулуш жүрүп жаткан жер - бул кооптуу. Өзүңөр билгендей, 5-октябрда эле курулушта бир балабыз каза болуп калды. Ошондуктан коопсуздукту сактоо, сиздердин даражаңыздарды бийик кармоо максатында сиздердин жаныңыздарга жүрүп, ар бир объекти көрсөтүп берүүгө даярбыз. Бул жерде Талас облусу боюнча бир аз түшүнбөстүк болуп кетти. Интернеттен көргөн учурда орун басарыма чалып айткам, эмне себептен биздин кызматкерлер жок эле ошол жерде депутаттар жүрөт дегем. Биз коштоп жүрүшүбуз керек, ошол жерден тушүндүрүп беришибиз керек. Ал жерде ушундай эле сөз болгон. Өзүмдүн жана Мамкурулуштун жетекчилигинин атынан кечирим сурап кетет эле. Эгер объекттерди көрөбүз десеңер, бизге телефонограмма жиберип койсоңуздар, биз ар дайым бардык жерди көрсөтүп, түшүндүрүп беребиз".

Бирок Орунтаевдин мындай жообун, анын соңку аракеттерин төрага Нурланбек Шакиев сынга алган:

Нурланбек Шакиев.
Нурланбек Шакиев.

"Нурдан мырза, негизинен айтылган сөз - атылган ок дейт. Ошондой сөз болгондон кийин аны тигил-бул жактан жымсалдаштын кереги жок. Болгонун болгондой айтуу керек. Бул сиз тараптан абдан чоң кечирилгис чоң ката. Мына бүгүн дагы жыйынга келбей, орун басарыңызды жөнөтүп, атайын чакыруу менен өзгөчөлөнүп келип отурасыз. Экинчиден, көп эркелебеңиз. Ар бир бийликтин тушунда сиздей эрке балдар болгон. Ошол эрке балдардын тагдыры эмне менен бүткөнүн көргөнбүз. Учуру келгенде биринчи эрке балдар жазаланат. Сиз мындай жүрүш-турушуңуз менен бүгүнкү бийликтин көлөкөсүнө көө түшүрбөңүз. Кыргызда бир жакшы сөз бар, "эркелесең эркеле, бирок чолчоңдобо" дейт. Депутаттарга акыл үйрөтпөй, чолчоңдобой жүрүңүз. Депутаттар өз округуна качан барат, кайда барат - өздөрү билет".

Талдоочу Марс Сариев бул жагдай тууралуу комментарий берип жатып, бийликтеги эрке бала деген сөздөр Аскар Акаев президент болуп турган кезден бери эле айтыла баштаганынына токтолду:

Марс Сариев.
Марс Сариев.

"Негизи эрке балдар деген сөз Акаевдин доорунан тартып эле башталды. Андан кийин Бакиевдин тушунда да болду. Азыр эми бул сөз Орунтаевге тийип атат. Ал парламентти көп кабыл албай, жыйындарга орун басарларын жөнөтүп, ушундай иштерди кылып жатканы үчүн Шакиевдин ачуусу келди. Орунтаев этикетти кармабай жатат. Парламент деген эл шайлаган чоң орган да. Аны эми жаштыкка салып ушундай кылды деп айтууга болбойт. Эгер андай кылса, тез эле токтотуп коюшмак. Колдоочусу болгону үчүн кичине чектен чыгып кетип жатат. Азыр биздин саясатта жакшы кадрлар дагы аз болуп, өздөрүнө жакын адамдарды жылдырган учурлар көп кездешет. Эгерде ал курулуш тармагындагы адис болсо жакшы болмок. Мамлекеттик кызматкер деген этиканы да кармабай жатканы ошондон. Эгер кадр саясаты туура жүргүзүлсө, өздөрүнүн эле тармагында иштеп келген жакшы кызматкерлер табылмак".


Азыркы бийликтин тушунда ташы улам өйдөлөп келаткан 36 жаштагы Нурдан Орунтаев коомчулуктун калың катмарына 2022-жылдан кийин эле тааныла баштаган.

Ал Орусияда Ички иштер министрлигине караштуу Волгоград академиясын 2011-жылы "юриспруденция" жана "соттук криминалистика" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун Бишкекте райондук милицияда тергөөчү болуудан баштап, 2022-жылга чейин негизинен Бишкек шаарынын райондук, Чүй облустук ички иштер бөлүмдөрүндө, ИИМдин тергөө башкармалыгында бөлүм башчы, жетекчинин орун басары деген кызматтарда турган.

2020-жылы Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрт депутатына Жанарбек Акаев, Рыскелди Момбеков, Эмил Токтошев жана Мирлан Жээнчороев Октябрь окуяларына байланыштуу ИИМге күбө катары суракка чакырылган. Милициядан келген чакырууга Орунтаев аттуу тергөөчүнүн колу коюлганы айтылган.

Орунтаеев милициядан мэрияга кызматка 2022-жылы келип, ошол маалда жаңы түзүлгөн Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментин жетектеген. Көп өтпөй эле мэрдин муниципалдык мүлк, жер пайдалануу жана архитектура маселелери боюнча орун басары кызматына келген.

Туура бир жылдай мурда Орунтаев "Азаттыкка" курган маегинде мэрияга жумушка ошол кезде дагы шаар башчысы болуп турган Айбек Жунушалиев чакырганын айтып берген. Ошол эле маалда президент Садыр Жапаровдун уулу Рустамдын досу деген сөздөрдү жокко чыгарган.

"Менин ал адам (президент Садыр Жапаровдун уулу Рустам - ред.) менен эч кандай достугум, эч кандай тууганчылыгым да жок. Менин ошол учурдагы Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев чакырган. Анын чакыруусу менен келип, жумушка орношком. ИИМде деле жакшы кызматта болчумун. Өзгөчө маанилүү иштерди тергөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары элем. Мааниси жагынан бирдей эле жумушка келип иштей баштагам. Ошол учурда мэр Жунушалиев өзгөртүүлөрдү жүргүзгөн. Ошондо беш башкармалыкты камтыган Мүлктү башкаруу департаменти жаңы түзүлгөн. Баарыңарга белгилүү, ошол маалда жерге байланыштуу мыйзам бузуулар, коррупциялык иштер көп болгон. Ошол себептен ошол күч органдарынан кадр издешкен экен, мени чакырышты. Менин колдоочум жок, менин колдоочум - бул мыйзам", - деген Орунтаев.


Мурдагы муниципалдык кызматкер, саясатчы Мавлян Аскарбековдун пикиринде, күч органдарынын кызматкерин мэрияга алып келүү туура эмес кадам болгон:

Мавлян Аскарбеков.
Мавлян Аскарбеков.

"Бизде кадр жаатындагы саясатта деформация болгон учурлар бар. Күч органдарында иштеген адамды административдик кызматка алып барып койгону бул ошол муниципалдык кызматты түшүнбөгөнү же туура эмес чечими деп айтса болот. Мен муну ошол системада төрт жыл иштеп кеткен адам катары айтып жатам. Негизи муниципалдык, мамлекеттик кызматтарга аяр мамиле кылуу зарыл. Себеби алар түздөн түз эл менен, коомчулук менен иштеген кызматкерлер. Ал жакка эч качан күч органдарынан, аскер органдарынан кызматкерлерди койбоо керек. Анткени бул бири-бирине коошпой турган системалар. Муниципалдык кызматкер конструктивдүү, жаратман болушу керек. Алар уюштуруп, иш жүргүзө билиши керек. Тилекке каршы, муну жетекчилер түшүнбөй жатат".

Мавлян Аскарбеков ошол эле маалда депутаттардын аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнө кылган мамилесин сынга алды:

"Шакиев мырза жана башка депутаттар Жогорку Кенештин депутаты жөнүндөгү мыйзамга ылайык так иш алып барса жакшы болот эле. Аларга эч бир мыйзам министрлерди, муниципалдык кызматкерлерди басмырлап, ар-намысына шек келтирүүгө жол бербейт, андай мыйзам жок. Алардын мандаты буга жол бербейт. Бул өздөрүнүн ыйгарым укугунан аша чапкандык болуп эсептелет".

Орунтаев 2022-жылы Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментин жетектеп турганда №6 Бишкек шаардык ооруканасынын имаратында жайгашкан Алмаз Исманкуловдун менчик медициналык борбору менен келишимди бир тараптуу токтоткон. Анын негизинде менчик клиника ал жайдан чыгарылган жана бул талаш-тартыш менен коштолгон. 2023-жылдын башында Башкы прокуратура Исманкулов менен мэриядагы бир нече кызмат адамдары 93 миллион сомдон ашык зыян келтиргенин билдирген. Кылмыш ишинин негизинде Исманкулов камакка алынып, көп өтпөй үй камагына чыгарылган.

Орунтаев вице-мэр болуп турганда, 2022-жылы Бишкектеги "кызыл тилкеден" ашырып курулган бир нече дубал, дарбаза буздурулган. Алардын катарында Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиевдин үйү дагы болгон. Мунун айынан Сатыбалдиев Орунтаев менен Жогорку Кеңеште кайым айтышкан.


Орунтаевдин тушунда убактылуу пайдаланууга берилген мэриянын жерлери, совет доорунда курулган көп кабаттуу үйлөрдүн менчик гараждарынын жерлери кайра шаарга алына баштаган. Бул окуя талаш-талкуу жараткан, нааразылык акциялары менен коштолгон.

Орунтаев 2023-жылы шаардагы "Батуми" кафесин буздурткан. Мэрия жалпы аянты 1300 чарчы метрлик ресторандын ээлерине аны буздурушу керектиги жөнүндө эскертүү жөнөтүлгөнүн, талап аткарылбагандыктан бузуу иштери жүргүзүлгөнүн билдирген. Кийинчерээк кылмыш иши козголгону, Орунтаев атайын кызматта сурак бергени белгилүү болгон.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Орунтаевге иш Кылмыш-жаза кодексинин “Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу” жана “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” деген эки беренесинин негизинде козголгонун билдирген. Тергөө маалында ал жабыркаган тараптын чыгымын төлөп берүү милдетин алганын, ошондуктан тергөөчүлөр чакырганда барып туруу убадасы менен коё берилгенин, териштирүү уланып жатканы маалымдаган. Чыгым анда 3 миллион сом деп эсептелгени айтылган. Ошол жылдын аягында "Батуминин" ээлерине шаардан башка жер берилип, жаңжал жөнгө салынганы билдирилген.

Орунтаев Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине жетекчи болуп 2023-жылы ноябрда дайындалган. Кызматка киришип жатып ар бир мыйзамсыз курулушка байланыштуу териштирүү-иликтөө жүрөрүн билдирген. Үй курууга уруксат берүү тартибин өзгөртүүнү убада кылган, курулуш компанияларына лицензия берүү жана жокко чыгаруу тартиби жеңилдерин айткан.

Август айында ал Кыргызстанда курулуш тармагында иш алып барган 500дөй компаниянын лицензиясы алынарын жарыялаган.

Орунтаев анда өлкөдө жалпысынан жети миңдей ишканага лицензия берилгенин, анын эки миңи гана активдүү иштеп келгенин, агенттикте түзүлгөн комиссия мыйзамдарды бузган деген негиз менен 500дөй компаниянын лицензиясын алуу жөнүндө чечим чыгарганын белгилеген.

Учурда өкмөт курулуш тармагы жанданганын, социалдык объекттер көп курулуп жатканын айтып келет.


Орунтаев Мамлекеттик курулуш агенттигине жетекчи болуп келгенден кийин мекеменин имаратынын сыртын жаңылаган жа ремонтко мамлекеттен бир да сом кетпегенин, негизинен достору, кайсы бир компаниялар жардам бергенин билдирген. Орунтаев быйыл 31-августта президент Садыр Жапаровдун колунан Ардак грамота алган.

Орунтаев адатта интервью бергенден дагы качпайт. Социалдык тармактарда кыйла активдүү, тамашалуу билдирүүлөрдү, сүрөттөрдү да жарыялап калат. Камыр жууруп отурган сүрөтүн илип, жубайына жардам бергенди эрөөн-төрөөн көрбөй турганын билдирген. Анын үй оокатына келгенде аялына колдоо көрсөткөнүн алкагандар көп болгон.

Былтыр ноябрда милициялар күнүндө Фейсбуктагы баракчасына формачан түшкөн сүрөтүн жарыялаган жана аны кайра кийгиси келерин жазган.

XS
SM
MD
LG