Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети 4-декабрда энергетикалык суусундукка тыюу салган мыйзам долбоорун карады. Демилгечилер бул калктын саламаттыгына байланыштуу маселе экенин айтууда. Жарым жыл мурун өкмөт энергетикалык суусундуктарды жарнамалоого тыюу салган эле.
“4-5 жыл тынымсыз ичип, аритмияга кабылдым”
“Энергетикалык суусундуктарды соңку 4-5 жылдан бери күнүнө 1-2 банкадан ичип келем. Ал мени сергитпей калган, энергия деле бербейт. Уйку алдында ичип алсам деле кыйналбайм”.
27 жаштагы Бишкектин тургуну университетте окуп жүргөн кезинде сабактан кийин иштеп, сергек болуш үчүн энергетикалык суусундуктарды татып жүргөнүн айтып берүүдө. Ал ысымын ачык атагысы келген жок. Кийин ошол суусундуктарга кадимкидей көз каранды болуп калган экен.
“Бул түшүнүксүз көз карандылык. Дүкөндүн жанынан кыя өтүп кете албайм. Бул нерсе жүрөктүн согуу ыргагына таасирин берди. Азыр жүрөк согушун эсептеген атайын саат тагынып жүрөм. Ал кээде 160-170ке чейин жетип кетет. Жай баракат учурда жүрөгүм мүнөтүнө 100-110 ирет согот. Кардиологдор муну аритмия дешти”.
Ал мындай адатты таштоого бир канча ирет аракет кылган. Көп убакыт өтпөй, кайра эле анын даамын эңсеп туруп алдым дейт.
Кыргызстандын ири шаарларында эле эмес, район борборлору, айыл-кыштактардагы дүкөндөрдө энергетикалык суусундуктар кеңири сатылат. Айрымдары Кыргызстанда өндүрүлгөн, көпчүлүгү сырттан ташылып келет. Бишкектеги чакан дүкөндөрдүн биринин сатуучусу күнүнө 20нын тегерегиндеги ушундай ичимдик сатарын айтып, бирок жашы жете электерге сатпайм деп ишендирди.
“Ден соолукка зыян”. Депутаттар тыюу салууну жактады
Ушул тапта парламентте Кыргызстандын аймагына энергетикалык ичимдиктерди ташып келүүгө, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору сунушталууда.
Социалдык саясат боюнча комитет аны биринчи окууда жактырды, мыйзамдын демилгечиси Улан Бакасов баяндамасында энергетикалык суусундуктарга айрыкча жаш өспүрүмдөр кызыгарын, жашы жете электерге сатуу жетиштүү деңгээлде чектелбей жатканын айтып, анын ден соолукка зыяны чоң экенин кошумчалады.
“Алар нерв системасынын күчүнүн убактылуу көтөрүлүшүн жана толкундануусун жаратат. Энергетикалык суусундуктар кыянаттык менен пайдаланганда өтө кооптуу болушу мүмкүн. Кофеиндин оор дозалары жүрөктүн олуттуу көйгөйлөрүнө алып келет. Көмүр кычкыл газы жана кант менен айкалышы ашказан жана боор үчүн коркунучтуу. Ал тургай аритмияга жана башка көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн”, - деди Бакасов.
Ушул эле жыйында энергетикалык суусундуктардын организмге канчалык зыян экендигин аныктаган, мындай суусундуктарга даттанып, ооруканаларга кайрылган же көз жумган жарандардын саны боюнча кандайдыр бир улуттук изилдөөлөр, статистикалык маалыматтар жок экени белгилүү болду.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева суусундуктардын зыяндуулугу жөнүндө эл аралык илимий корутундулар тууралуу айтып берди:
“Бизде андай статистика, кайрылуулар жок. 1-2 жыл мурда өзүбүз да ушундай демилге көтөрүп, саламаттык сактоо уюмдарынан маалымат чогултууга аракет кылып көргөнбүз. Андай статистика жок. Бирок зыяндуулугу илимий жактан аныкталган. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму да каршы көрсөтмө берип жатат. Бизде расмий статистика болбогону менен, илимий жактан такталган”, - деди министрдин орун басары.
Энергетикалык ичимдиктерди ташып келүү тартиби тууралуу маалымат берген экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов 2014-жылы кабыл алынган техникалык регламентке ылайык, ташып келүүнү тыюуга болорун, бирок анын мөөнөтү алты айдан ашпашы керектигин билдирди.
Кыргызстанда энергетикалык суусундук өндүргөн "Абдыш-Ата" компаниясы тыюу салуунун өндүрүшкө таасири жөнүндө "Азаттыктын" суроосун комментарийсиз калтырды. Компаниянын буга байланыштуу позициясын да билдирген жок.
“Допингдин жумшак түрү”
Кардиолог, профессор Калдарбек Абдрамановдун айтымында, энергетикалык суусундуктардын ден соолукка таасири дароо сезилбейт. Организмде мурдатан болгон же жаңы өөрчүп келе жаткан ооруларды козгойт.
“Муну допингдин жумшак түрү деп айтсак болот. Энергетикалык суусундуктар адамга билинбей таасир берет. Адам эмне болуп жатканын өзү байкабайт. Бирок дени соо адамдардын да жүрөгү бат согуп, билинбей жүргөн оорулары, мурдатан келе жаткан оорулары же жаңыдан башталып аткан оорулары козголот. Анан албетте, жүрөгү ооругандар бизге кайрыла башташат".
Кыргызстанда мыйзамга ылайык, организмге сергитүү таасирин камсыз кылган кофеин жана башка кошулмаларды камтыган алкоголсуз ичимдиктер энергетикалык суусундук катары саналат. Мыйзамдын негизинде мындай суусундуктар 18 жашка чейинкилерге сатылбашы керек.
Энергетикалык суусундуктарга тыюу салуу демилгеси Жогорку Кеңеште буга чейин да бир нече ирет көтөрүлгөн. Айталы, депутат Эрулан Көкүлов дагы электрондук тамекиге жана энергетикалык суусундуктарга тыюу салууну сунуштаганы бар.
Июль айында президент Садыр Жапаров өлкөдө энергетикалык суусундуктарды жарнамалоого тыюу салган мыйзамга кол койду. Анын алдында, май айында Салык кызматы июлдан тартып курамында энергетикалык, сергитүүчү кошулмалары бар алкоголсуз суусундуктарды өндүрүүдө жана өлкө аймагына ташып келүүдө акциздик салык салына баштарын билдирген.
Ага ылайык, Министрлер кабинети бекиткен акциздик ставкага жараша аталган суусундуктун бир литрине он сомдон алынат.