Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:30

Элдик курултай: Жапаров сын, сунуштарга жооп берди

Курултайды Улуттук телерадио корпорациясы, облустук телеканалдар жана алардын социалдык баракчалары түз көрсөтүүдө. "Азаттык" радиосунун кабарчыларына курултайды чагылдырууга уруксат берилген эмес.

11:05 26.11.2022

26-ноябрда Бишкекте Элдик курултайдын экинчи күнүндө Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттарынын жаңы келишими тууралуу маселе көтөрүлдү. АКШдан шайланып келген делегат Бакай Оморов эки өлкөнүн ортосунда келишимдин жоктугунан элчиликтин жасаган иштери текке кетип жатканын айтты.

11:17 26.11.2022

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы куралдуу кагылыштан жабыркаган Баткен облусун калыбына келтирүү иши жай жүрүп жатканы Элдик курултайда да көтөрүлдү. 26-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан курултайдын экинчи күнүндө бул маселени Баткен шаарынан келген делегат Кайым Айкынов айтып чыкты. Ал чек арада эң биринчи коопсуздук камсыз кылып берүүгө чакырды.

“Быйылкы согушта 360тан ашык үй күйдү. Азыр алар курулууда. “Курулуш үч айда бүтүп эл кышка чейин үйлөргө кирет” деген сөз болду эле. Тургундар, куруучулар менен сүйлөшсөм, үйлөр быйыл бүткүдөй эмес. Ушуга бирөө-жарым жооп береби? Же президенттин сөзү аткарылбаса боло береби?”.

12:13 26.11.2022

Бишкек шаарынан делегат Адилет Ибраев курултай тууралуу мыйзам кабыл алынып жатканда айрым бир жагдайдарга көңүл бурууну сунуштады. Ал бул жыйынга 150дөй гана аял делегат отурганын, майып адамдар дээрлик жоктугун белгилеп, алар үчүн атайын квота киргизүүнү сунуштады.

"Курултай тууралуу мыйзам Жогорку Кеңешке берилди деп айтылып кетти. Бүгүнкү жыйында мен мүмкүнчүлүгү чектелген бир эле жаранды көрдүм. Ушул мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин комитетинен, жалпы жыйынынан, президенттен өткөндө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга өзүнчө квота берүү жагы каралса. Анткени алардын өздөрүнүн көйгөйлөрү, сунуштары бар. Алардын дагы укуктарын карашыбыз керек. Ошону менен бирге эле 148 аял делегат катталды деп айтылды. Мыйзам каралып жатканда гендердик теңчилик дагы эске алынса. Аларга 30-40% квота берүүнү суранып кетет элем", - деди делегат.

12:38 26.11.2022

Элдик курултайдын экинчи күнүндө Оштун Алай районунан келген делегат Алмаз Жоробаев президент Садыр Жапаров менен Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин байланышына токтолду. Мындан улам ал мамлекет башчысына кайрылып, коомчулуктагы айрым сөздөргө көңүл бурууга чакырды.

"Садыр Нуркожоевич, сиздин башында айткан "Мен Исхак Раззаковду кумир тутам" деген сөзүңүз бар. Ошол кумириңиздин, Раззаковдун басып өткөн жолун, өмүр баянын анча-мынча, күнүгө бир жолу эстеп коюңуз. Себеби бул жерде эл арасында "биринчи жана экинчи адам" деген сөз пайда болгон. Биринчиси - сиз, экинчиси - Ташиев. Ишенбесеңиз туугандардан сураңыздар. Бул жерде "биринчинин адамдары мындай кылат, экинчинин адамдары тигиндей кылат" деген сөздөр чыгып жатат. Эгер сиз элге кызмат кылып, Кыргызстанды өнүктүрөм десеңиз, ушул нерселерди жакшылап караңыз. Себеби сизди эл, анын ичинде мен дагы аябай жакшы көрөт элек. Бирок менин сүйүүм мурдагыга караганда кайтты. Болгон нерсени айталы",-деди делегат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG